Бүгүн:

Акыркы кабарлар

15:37
Экс-министр Молдомуса Конгантиевдин жубайы дүйнөдөн кайтты
15:31
Инаугурация өткөрүүгө канча каражат сарптала турганы айтылды
16:13
Россия берген 20 млн. доллар кайда? Финансы министринин жообу
16:11
Азыр Кыргызстанда инвестициялык климат кандай экени айтылды
16:10
Мэрия: шаардын түштүгүнө парк, Көк-Жар конушуна мектеп курулат
16:09
Райым Матраимовдон башкалар бюджетке канча акча которгону айтылды
16:07
Кыргызстан күнүнө Кытайга 60 тонна эт жөнөтө алабы? Министрдин билдирүүсүнө талдоо
16:05
Караколдо 6,6 килограммдык ымыркай төрөлдү
15:49
Балбак Түлөбаев Ак-Өргөнүн 5 гектар жерине парк салына турганын айтты
10:57
Садыр Жапаров өзбек лидери Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү
10:18
Кубатбек Боронов Финполго суракка чакырылды
10:16
Түрмөдө жатып революция жасадым деген Жапаров ийгилигинин сырын ачты
09:57
Жапаров: РФ наркотрафик менен күрөшүүгө учкучсуз башкарылчу эки учак берди
09:55
Транспорт министрлигинин статс-катчысы 2,5 млн. сом төлөп абактан чыкты
09:50
Токаев Жапаровду жеңиши менен куттуктап, Казакстанга келип кетүүгө чакырды
15:06
43кө толмок... Бишкекте Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечеси өтөт
15:01
Дүйнөнүн "күчтүү паспорттору". Кыргызстандын рейтингдеги орду
14:12
УКМК "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын мурдагы жетекчисин кармады
15:57
Президент болом деген 4 талапкер бирикти. Себеби жана максаты
17:35
Саламаттык сактоо министрлиги пайдасыз ишке 1 млн. доллар короткону аныкталды
11:51
Прокуратура: "Манас" аэропортунун жетекчилиги өлкөгө 65 млн. сом зыян келтирген
10:45
"Бишкек башкы архитектуранын" жетекчиси Түлөбердиев кармалды
17:56
Башкы прокуратура: 45 млн. сомдук беш жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
17:51
Түркия элчилиги: кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы пандемия аяктаары менен ачылат
17:55
Эки жашар бөбөк ооруканадан үзүлгөн. Токмоктогу жол кырсыгынан 8 киши көз жумду
17:38
Бишкекте курулуш материалдарын саткан дүкөндөн өрт чыкты
14:31
Бишкектеги ыш. Артем Новиков ЖЭБди газга өткөрүүнү сунуштады
14:07
Кайсы өлкөдө иштеп жүргөн мигранттар пенсия алуу укугуна ээ?
10:42
Өлкө боюнча канча ИВЛ аппарат, канча концентратор бар экени айтылды
10:33
Ак-Жар конушунун дөңгөлөк өрттөп нааразы болгон тургундары тарады.
10:30
Башкы прокуратура "мас" прокурор боюнча видеону териштирип жатат
10:28
Кыргызстанда Сүт палатасын ачуу пландалууда. Эмне жумуш аткарат
10:14
Жалпы жарандык биометрикалык паспорттордун жаңы үлгүсү көрсөтүлдү.
10:10
Бишкекте кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча жыйын өтүп жатат
17:01
Референдум өткөрүүгө 40 миллиондой сом кетет
14:18
Кыргызстандан кайсы өлкөлөргө учактар учууда? Графиги жана ырааты
17:26
Зордукталган өспүрүм: прокуратура Соодонбековдун чечимин негизсиз деп эсептейт
15:22
КР — АКШ алакасы. ТИМ маалыматка өкүндү, бирок кийлигишпөө боюнча да айтты
15:10
Кыргызстандыктарга Венгрияда бекер билим алууга 150 орун бөлүндү. Шарт-талабы
17:46
Мамлекет жеке тараптарга Бишкекке ипподром салууну сунуштоодо. Жол-жобосу
17:34
Кыргызстан Улуу Британиядан коронавирус вакцинасын алууга жардам сурады
16:36
Кыргызстандыктар шайлоочулардын тизмесинен өзүн текшере алат.
16:32
Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги гумжардам топтоп өлкөгө жөнөттү
16:31
"Урал аба жолдору" Кыргызстанга РФтин 8 шаарынан учактар каттай турганын айтты
16:28
Россиядан Ысык-Көлгө учак каттай баштады
Бардык кабарлар

Бир кезде катуу стресс алган Б.Асанкулова эгиз балдарынын ысымын эмне үчүн 3 жолу алмаштырган?

Редактордун колонкасы
60
0

... жердеши, жазуучу Жекшенбек Турусбековдун «Алыкулдун батпас күнү» китебин бооруна кысып, балдарынын сакайышын жараткандан тиленип, алп акын Алыкулдун арбагына таазим кылган Бекбүбү Асанкулова Чүйдүн Панфилов районундагы Кайыңды шаарынын 55 жаштагы тургуну. Анын энелик мээрими, турмуштагы оор күндөрүнөн чыгармачылыкка багытталган жашоосу менен аймактык кабарчы таанышты.

Бекбүбү Асанкулова

«1995-жылдын август айы. Кыргыз жергесинде Манастын 1000 жылдык мааракеси өтүп жаткан. Дал ошол күндөрү 21-августта эгиз уулдуу болдум. Апам Калбүбү кубанычы койнуна батпай, эгиздеримдин атын Манас, Талас деп койду. Арадан бир аз убакыт өткөн соң, "бул ысым балдарыңа оор болуп калат. Тек гана Жайнак, Тайлак деп коёлу. Ошолордой баатыр болсун" деп сүйүнүп келди. Ошентип, эгиз балдарымды Жайнак, Тайлак деп атап жүрдүк. Ошол күндөрү менин түшүмдөн аян берилди. Жолдошум эки тайлакты (төөнүн баласы) жетелеп, Жайыл баатырдын уулу Итикенин кызы чоң энебиз Алимандын айылынан келе жатыптыр. Бир убакта чочуп ойгонуп кеттим. Түштү ар түрдүүчө жооруп, эч кимге айтпай, бир айга жакын жүрдүм. "Түш да жашоо үзүмү. Жайыл баатырдын рухунан аян берилиптир. Анын балдары Асан, Үсөндүн ысымын эгиз уулдарыңа ыйгаралы. Оомийин, эгиз уулдардын аты Асан, Үсөн болсун" дешип туугандарым ак батасын беришкен. Ошентип, үч жолу аты өзгөргөн Асан, Үсөнүм азыр 25 жашта. Беш баланын энесимин. Эгиздерим 3-4-перзенттерим. Аман болушсун. Жашоолору өзүнчө болуп, ортобузду "кара мышык" аралап, карым-катнашыбызды айрым бир түшүнбөстүктөр бөлүп да келет. Ал өзүнчө тарых. Сөз менен айта албайм. Жүрөгүм ооруйт. "Эне жүрөгү балада, бала жүрөгү талаада" делген турмуш чындыгы тура. Алар үчүн эмне деген азап көрүп, көз жашымды төктүм.


Эсимде… Эгиздерим колумда болчу. Дене табы көтөрүлүп, жолдошум экөөбүз түн ичинде эгиздеримди көтөрүп, ооруканага бардык. Ошондо дарыгер Байыш Алиев тикесинен тик туруп, болгон аракеттерин көргөнү али да көз алдымда. Өмүр бою ага ийилип салам айтып келем. Арадан 2-3 күн өткөн соң башкы дарыгердин иш бөлмөсүнө кирсем, столунун үстүндө "Алыкулдун батпас күнү" деген китеп туруптур. Автору жердешибиз, жазуучу, Алыкул изилдөөчү Жекшенбек Турусбеков экен. Дароо китепти колума алдым да "сиз ишемби, жекшемби күнү эс аласыз.

Китепти мага берип туруңуз. Окуп чыгайын" деп башкы дарыгерге кайрылдым. Ал: "Деги, сен кандай аялсың? Бул жер китепкана эмес, оорукана. Китеп окуганы келдиң беле? Эгиз балдарыңды ким карайт?" десе болобу. Кайра-кайра суранып жатып, китепти алгам. Эгиздеримди алмак-салмак көтөрүп, "Алыкулдун батпас күнүн" барактап, кээде үн чыгара окуп, акындын арбагына таазим кылып, балдарымдын сакайып кетүүсүн Алыкулдун рухунан сурангам. Дүйшөмбү күнү саат 08:00дө китепти башкы дарыгердин колуна берип, рахматымды айтсам, көпкө ойлуу мени караган. Ал менин ички сырымды кайдан билсин. Ооба. Жакшы күндөр оор учурду коштоп жүрөт шекилдүү.


Ооруканада жатканда бир убакта чарчагандан көзүм илинип кетиптир. Ойгонуп кеттим. Кечки саат 23:30 чамасы эле. Медайымдар баламды карап жатыптыр. Карасам, эгизимдин түгөйү Үсөнүм жок. Медайымдардан сурасам "ден соолугу оорлогондон улам күйөөңүз жандандыруу бөлүмүнө алып кетти" дешти. Алардын сөздөрүнө ишенбедим. Ар түрдүү ойго келдим. Өлүп калып, мага айтпай үйгө алып кеткен тура деп жолдошума жинденип, балама ичим эзилип, ыйлап жатып таң атырдым. Таңкы саат 06:00дө жандандыруу бөлүмүнө чуркап барсам, балам менен жолдошум экөө ошол жерде экен. Ошону бир билем. Эс-учумду жоготуп койгом. Күндөр өтүп, балдарым сакайып, ооруканадан чыктык. Үйгө келсем баары бейтааныш. Катуу стресс алгандан улам эч кимди тааныбай калдым. Кимдин үйүндө жүргөнүмдү да билбей жүрдүм», - деди Бекбүбү.


Ал андан ары эне мээрими жөнүндө сыймыктануу менен сөз учугун улады.

«Апам азыр 80 жашта. 50 жыл агартуу тармагында эмгектенди. Таң эртелеп, неберелерине сүт, каймак, айран, ысык нанын көтөрүп, ашыга жетип келет. Өтө жөнөкөй адам. Өткөн жылдарда бир тааныш аял ооруканага жатып калса, жан алы калбай тамак ташып, биртке пенсиясын аябай дары-дармегин көтөрүп, жаны тынбай ашыгып жүрдү. Эне жүрөгү башкача тура.

Бир окуя эсимде. Эгиз уулдарым 5 жашка караганда Каптал-Арык айылындагы А.Осмоновдун музейине ырымдап алып бардым. Анда Болот Сыдыгалиев музейде иштечү. Азыр арабызда жок. Өтө жакшы адам эле. Жаткан жери жайлуу болсун. Алп акынга куран окутуп, ал кишиден бата алганбыз. Ооба, 2000-жылы А.Осмоновдун 85 жылдыгы өттү. Андагы марафонго таңдан кечке картошка, сабиз, пияз, айылдан сүт топтоп сатып, өз кошумчамды да кошком. Баары балдарымдын келечеги үчүн болгон. Тилегим Жайыл баатырдын балдары Асан, Үсөндүн ысымын эгиздерим алып жүргөн соң алардын арбагына багыштап, куран окуп турса дегеним.


2009-жылы Казакстандын Меркесиндеги Жайылдын бейитине эгиздеримди ээрчитип баргам. Ушулар жөнүндө ой бөлүшкүм келген. Буюрса, ден соолугум жакшы. Бош убакыт болгондо неберелеримди жыттап келем. Маалымат булактарына Темиржан эненин эрдигин даңазалап макала жазам. Ыр да токуй коём. Ошентип, журналисттер союзуна мүчө болдум. "Жайыл баатыр-300 жыл", "КРнын ардактуу айымы", "Кыргыздын кыраан кызы" жана башка төш белгилерди тагындым. Көптөгөн ардак грамоталарды алдым. Бата менен жашайм. Себеби, "Жамгыр менен жер, бата менен эл көгөрөт" деген улуу сөз жүрөгүмдө түнөп, каным менен кошо айланат. Өмүр бою ар түрдүү мекемелерде башкы эсепчи болуп иштеп келем. Кесибиме жараша так жүрүп, ак сүйлөгөн мүнөзүм өзүмө жагат», - деди ардактуу айым.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно