Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

Сот: ӨГӨЙ КЫЗЫН ӨЛТҮРГӨН АТАНЫН ИШИ УБАКТЫЛУУ ТОКТОДУ

Редактордун колонкасы
886
0

Сот: ӨГӨЙ КЫЗЫН ӨЛТҮРГӨН АТАНЫН ИШИ УБАКТЫЛУУ ТОКТОДУ

 


 

Сузакта 1,5 жаштагы кызды мыкаачылык менен өлтүргөн өгөй атанын кылмыш иши убактылуу токтоду. Бул тууралуу облустук соттун басма-сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка караганда, айыпталуучунун психиатриялык оорусу бар же жоктугун аныктоо максатында атайын экспертиза дайындалган. Ал бүткөнчө соттук иштер убактылуу токтотулуп турмакчы.

 

Жалал-Абад облустук сотунун маалыматы кызматынын билдирүүсүндө, "Сузак райондук сотунун 2016-жылдын 14-ноябрындагы токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-ст. 2-б. 3,6,10-п.п. (Күнөөкөр үчүн алсыз абалда экендиги белгилүү болгон адамды же жашы жетпеген өспүрүмдү, өзгөчө мыкаачылык мененхулигандык максаттарда киши өлтүрүү), 111-ст. 2-б. 4,5-п.п. (Жашы жете элек экендиги же күнөөлүү үчүн алсыз абалда экендиги белгилүү болгон же болбосо айыпкерге материалдык же башка жагынан көз каранды болгон адамга карата кыйноо) менен соттолуучу А.У.Т.ге карата катуу байкоо жүргүзүү менен медициналык жактан дарылануудагы мажбурлоо чаралары колодонулуп, ал Кызыл-Жар кыштагындагы жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканага жайгаштырылган.

Жалал-Абад областтык прокуратурасы соттун бул токтому менен макул болбой кассациялык сунуш (даттануу) менен Жалал-Абад областтык сотуна кайрылган, областтык соттун 2017-жылдын 7-февралындагы токтому менен Сузак райондук соттун 2016-жылдын 14-ноябрындагы токтому бузулуп, кылмыш иш башка курамда кароо үчүн ошол эле сотко жөнөтүлгөн. Областтык соттун 2017-жылдын 7-февралындагы токтомуна макул болбой соттолуучунун мыйзамдуу өкүлү А.Р. көзөмөл даттануу менен кайрылган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2017-жылдын 3-майындагы токтому менен Жалал-Абад областтык сотунун 2017-жылдын 7-февралындагы токтому күчүндө калтырылды. Айтылып жаткан кылмыш иш 2017-жылдын 24-майында Сузак райондук сотуна кайра кароо үчүн келип түшүп, ишти негизинен кароо 2017-жылдын 13-июнь күнүнө дайындалып, соттолуучу А.У.Т.ны Кызыл-Жар кыштагында жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканадан Сузак райондук ички инштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына которуу (этап кылуу) жөнүндө райондук сот токтом кабыл алды. Андан соң 2017-жылы 3-июль күнү ушул иш боюнча соттук отурумда, мамлекеттик айыптоочу соттолуучуга карата комиссиялык соттук-психиатриялык экспертиза дайындоо жөнүндө өтүнүч келтирген, Сузак райондук соту 2017-жылдын 3-июлундагы токтому менен Жалал-Абад областынын Кызыл-Жар шаарчасында жайгашкан республикалык психиатриялык ооруканасына комиссиялык соттук-психиатриялык экспертиза дайындап, сот өндүрүшү экспертиза аяктаганга чейин убактылуу токтотулган”,- деп жазылат.

 

Эске салсак, Сузакта 1,5 жаштагы кызды мыкаачылык менен өлтүргөн өгөй атанын кылмышы 2015-жылдын сентябрь айында ачылган. Маалым болгондой, Сузактын Курманбек айыл аймагынын Кара-Чолок айылында 2013-жылдын март айында 1,5 жашка толуп калган Раяна өгөй атасынын запкысынан каза болгон. Бирок, туугандары менен кошуналарына Раянанын ооруп каза болгондугу айтылган.

 

2015-жылдын 11-сентябрда ал наристеге эксгумация жүргүзүлүп, наристенин өлүмүнө шектүү катары кармалган өгөй ата Раянанын мазардагы жайын милиция кызматкерлерине көрсөтүп берген. Сөөктү казуу ишине айылдын имамы жана соттук медициналык экспертизанын кызматкери катышкан.
Кылмышка шектүү болсо наристени ичкиликтин айынан өлтүргөнүн айткан.


«Алмагүл (наристенин апасы) менен 2-3 жолу сүйлөшүп көрүп эле турмуш курганбыз. Ал биринчи турмушундагы бир кызын кошо ала келген. Жашап жүргөнбүз, мен айылда шыбак шыбап акча тапчумун. Бир күнү үйгө келсем кызыбыз төшөккө сийип коюптур, жубайым «бул өлбөдү, өлүп калса жакшы болот эле» деп сүйлөнүп жатыптыр. Мага «кызды коркутуп коюңузчу» деди. Март айы болчу. Мештин оозун ачып, отко жакындатып кайра тартып алдым. Бирок, чекеси күйүп калды. Ыйлаганын уланта бергенинен печкенин плитасына отургуздум. Шымы синтетика болгондуктан дароо эле ээрип, кыздын жамбашына жабышып калды. Бир аптадай карадык, кыздын күйүк жерлери кетип калды. Бул окуядан он күндөн кийин үйгө келсем кыз дагы шымын булгап коюптур. Ичимдик ичип алган элем, антеннанын ичке зымы менен 5-6 жолу жонуна чаптым, башында жаракаты бар эле канап кетти. Бетин жууп сооротууга аракет кылып, таптакыр басылбай койгондуктан шапалак менен 1-2 жолу чаап жибердим. Бир аздан кийин өзүн жоготуп, 15-20 мүнөттөн кийин колдору шалактап, денелери муздап баштады», - деп жооп берген айыпталуучу.

 

Маалыматтарга ылайык, 2015-жылдын 3-августунда милицияга 2013-жылы 1,5 жаштагы кыз белгисиз адамдар тарабынан өлтүрүлүп, көмүлгөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Алгачкы текшерүү иштери Сузак РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп, кылмыштын бети ачылган.


Соттолуучуга КРнын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-6-10-пункттары (күнөөкөргө алсыз абалда экени белгилүү болгон адамды же жашы жетпеген өспүрүмдү өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүү), 111-беренесинин 2-бөлүмүнүн 4-5-пункттары (жашы жете элек же алсыз абалда экени белгилүү болгон, айыпкерге материалдык же башка жагынан көз каранды болгон адамга карата кыйноо) менен кылмыш иши козголгон.

 

скачать dle 11.0фильмы бесплатно