Бир жарым айдан соң өтө турган президенттик шайлоого
талапкерлердин саны кырктан ашты. Бирок алардын арасынан таймашы катуу
күчөгөндөр эки экс-өкмөт башчылары Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабановдун
жана Бакыт Төрөбаевдердин ортосунда жүрүүдө.
Сооронбай Жээнбеков, 1958-жылдын 16-ноябрында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылында туулган. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн. Адистиги – зооинженер, экономист. Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси. Эмгек жолун 1983-жылдын ноябрынан Ош облусунун Кара-Кулжа районунун "Совет” совхозунда башкы зоотехник болуп баштап, 33 жыл аралыгында өлкөнүн өкмөт башчылыгына жеткен. Азыркы тапта президент болом деп, өзүнө терең ишеним арткандардын сап башында турат.
Бир жума мурун кызматын тапшырып, талапкер катары күбөлүгүн алган Сооронбай Жээнбеков президент болуусуна ишенбегенде талапкерлигин койбой тургандыгын жана жалгыз Аллахка гана ишенерин айтып чыкты.
Өзүнө-өзү ишеним арткан менен кыргызстандын саясий элитасында Жээнбековдун орду алда канча артта тураарын атайын эксперттер айтып чыгышууда.
Көз карандысыз эксперт Эльмира Ногойбаева "Азаттыкка” берген билдирүсүнө караганда, Жээнбеков аткаруучу гана.
"Жээнбеков-бул аткаруучу. Ооба, ал белгилүү кландык үй-бүлөнүн мүчөсү. Анын болгон өмүр баяны жөнөкөй аткаруучу экендигин гана көрсөтөт. Акыркы иши бийлик партиясынын аткаруучусу болду. Соңку жылдарда бир да жолу жарк эткен иши менен тааныла алган жок. Өкмөт башчы болгон учурунда да "чык эшикке!” деген сөзүнөн башка көрүнүктүү эч нерсеси болбоду. Жээнбековдун эч кандай өз алдынча чечими же позициясы жок. Жогору жактан эмне тапшырма берилсе ошону гана аткарат”, -деп айтат Ногойбаева.
Ал эми, Кыргыз саясат таануучусу – Сөз эркиндигин коргоо комитетинин жетекчиси Адиль Турдукуловдун ою боюнча, өлкөнүн радикалдашып кетүү коркунучунан улам Жээнбеков сырткы аренада колдоо таппай келет.
"Орто Азия чөлкөмүндөгү коңшулардан да, Москвадан дагы "Кыргызстан экинчи Ооганстанга айланып кетишине эч ким кызыктар эмес”,- дейт Орусиянын "Ъ” гезитине берген маегинде Турдукулов. Анын билдирүүсүнө ылайык, кооптондурган маселе Сооронбай Жээнбековдун "арабдар менен байланышы”. Кыргыз эксперттеринин айтуусунда, ал буга чейин Сауд Аравиясы менен Катардын кызыкчылыктарын колдоп келген.
"Мындан тышкары, Жээнбеков өз алдынча фигура эмес, кайра-кайра президент жакка кылчактай берет. Ал дайыма ушундай болгон. Губернатор болуп турган кезде мэрдин деңгээлине жете албаган, ал эми премьер болуп дайындалганда "Мындай болот деп түшүмө да кирбеген”,- деп айтып алганы бар”, -дейт А. Турдукулов.
Жээнбековдун жең ичиндеги иши...
"Ооба, алдыда ажо жарыш болот. Бирок, ар нерсенин өз убактысы болот эмеспи. Ага карабай эле арабанын астына түшүп алып чуркагандар четтен чыгууда. Бул жолу дагы эле баягы бийликчил талапкер Жээнбеков жээлигип атат. Атургай ал тиешелүү мыйзамды да уруп ойнобогонун бул кылыгы менен баса белгиледи.
Айтсак, президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков азыртадан эле үгүт материалдарын тарата баштаганы сындалууда. Эл арасына бул талапкердин жарнамалык буклеттерин адамдар ачык эле таратып жүрүшкөнү сөз болууда. Эң башкысы буклеттерде чыгарылган күнү, тиражы, басып чыгарган жери, буйрутмачы тууралуу маалыматтар көрсөтүлгөн эмес. Аталган буклетте учурда кызматта отурган аткаминерлер, бийликтин талапкерине бир жактуу мактоого толгон жакшы мүнөздөмөлөрдү беришкен. Буга чейин Сооронбай Жээнбеков үгүт иштерин жүргүзүп жатканы тууралуу БШКга "Ак Шумкар” партиясынын лидери, президенттикке талапкер Темир Сариев, президенттикке талапкер Рита Карасартова жана "Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы дагы арыз жазышкан. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы арыздарды канааттандырган эмес. Эми да канаатандыраары күмөн”,- деп жазат Майдан.kg. аталган басылманын мындагы билдирүүсүн Сөз эркиндигин коргоо комитетинин төрагасы Адиль Турдукулов да ырастады.
"Ал болду, бул болду”, Жээнбеков административдик ресурсту колонууга барат деген менен анын өлкөнүн саясий элитасында деңгээли бир канча төмөн турат. Буга чейин бир да жолу алдыга оозуп чыга алган эмес. Муну социологдор белгилеп чыгышууда.
-Салттуу түрдө жылына эки жолу саясий элитанын беделин өлчөп турабыз. Акыркы өлчөмдү май айында жүргүзгөнбүз. Андагы изилдөөлөргө карасак, Бабановдун рейтинги алдыга чыгат. Ал эми Жээнбеков болсо жетинчи орунда турат. Жээнбеков алдыңкы 12нин катарында болгону менен эч качан алдыңкы орундарды ээлеген эмес. Бабановго салыштырмалуу Жээнбеков публикалык саясатта дагы артта турат. Ал эми саясий маркетинг жактан алганда элге таанымалдыгы жагынан да Бабанов алда канча алдыга оозуп кетти. Азыр болсо Жээнбеков пландоого караганда Бабановдун артынан кубалап жетүүчү позицияда турат,- деп билдирет социолог Самар Сыргабаев.
Бабанов буга чейинки шайлоолордо тоодой убадалары менен башка талапкерлерден айырмаланып келген. Парламенттик шайлоодо да 7%дык насыя берем деп өзгөчөлөнүп, добуш топтосо, бул жолу Кыргызстанды 6 жылда дүйнөнүн өнүгүп жаткан алдыңкы өлкөлөрүнө кошом деп элди таң калтырды.
Бабановго карата бир топ сындар айтылып келет. Алардын акыркысы болуп, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан 7 миллион доллар жеңилдетилген насыя алып, заңгыраган соода борбор курушу коомчулукта нааразычылык жаратты. Бабановго караштуу "Кыргызстан коммерцялык банкы” элге кредитти 24 пайыздан берип жатканда, өзү фонддон 7 пайыздык насыя алганы сынчылар тарабынан "кызыл кулактык” деп бааланган. Ошентсе да Бабанов социалдык иликтөөлөр боюнча белгилүү саясатчылардын сап башында, керек болсо Жээнбековдон да бийик турганы көрсөтүлгөн.
Өмүрбек Бабановду алкап, колдогоо алчулардын сап башында өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев да турат. Президент Чолпон-Атадагы маалымат жыйынында "Эгер КСДП талапкер чыгарбаса Өмүрбек Бабановду колдомокмун”,- деген билдирүүсүн узаткан.
Токтогулович бизнес жаатында мыкты болгондуктан андан өлкө келечегине жарыктык күтүү мүмкүн эместигин көз карандысыз эксперт Эльмира Ногойбаева билдирди.
"Бабанов бизнестин адамы. Рационалдуу менеджер. Бирок ал буга чейин премьер-министр болуп турганда өзүн көрсөтө алган деп айтуу кыйын. Ал техникалык кароо аркылуу техникалык иштерди жоюу менен чектелген. Ал кызматта турган учурда да чуулу иштери болду. Ошондуктан андан жаркын келечекти күтүү оор нерсе. Жээнбеков да, Бабанов да өлкөнү өнүктүрө турган адамдарга окшобойт. Алардын план-программалары да так эмес”,- дейт эксперт.
Өмүрбек Бабанов өзүн өзгөлөрдөн өйдө көргөндөрдүн катарында экенин танууга болбойт. Ага мисал катары, "15-октябрда жаңы президент болот. Анын аты-жөнү Өмүрбек Бабанов” дегенин себеп кылсак да болот.
Талапкерлердин дагы бири 44 жаштагы Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад шаарында төрөлүп, 1999-жылы Кыргыз улуттук университетин бүтүргөн. 2007-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп келип, 2009-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеген. 2010-жылы "Республика” партиясынын катарында депутат болуп келип, вице-спикерлик кызматка чейин көтөрүлгөн. 2013-жылы "Өнүгүү” партиясын түптөп, жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна өз алдынча катыша баштаган.
Төрөбаев саясатта да, бизнесте да өз алдынча такшалбагандыгын коомчулук тынымсыз айтып келгени айдан ачык. Элге маалым болгондой, ал саясатчынын үй-бүлөсүндө чоңойгон. Анын атасы КМШнын эмгек сиңирген энергетиги Эргеш Төрөбаев Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты. Ошондо ал атасынын саясаттагы жолун улоочу жана бир туугандарынын бизнесинин жүзү. Ачыгыраак айтканда, башкарып жаткан иштерине бала чактан аракеттенип жүрүп, өз мээнетинин арты менен эмес, атасынын алкоосу менен келген инсан.
Бирок, 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо буга чейин тажрыйбасы жок, жаш делген "Өнүгүү Прогресс"партиясы топ жарып парламентке келген 6 партиянын бири болгон. Төрөбаев баштаган "Өнүгүү-Прогресс" шайлоого катышкан жалпы добуш берүүчүлөрдүн 9,32% менен Жогорку Кеңеште 13 орунга ээ болгон.
Ошентсе да Төрөбаевдин буга чейинки президенттик шайлоолорго катышуу тажрыйбасы жок. Андан калса бүтүндөй бир мамлекетти башкаруу тракторду башкаруудан алда канча оор турса керек.
Атайын эксперттердин белгилөөсүндө Кыргызстанды алдыга сүрөп кетүү үчүн эски саясатчылар эмес, жаңы кишилер келүүсү керек. Андай дейин десек, азырынча биздин өлкөдө жаңы, курч, күчтүү кадам таштагандар жок экенине ынанбоого болбойт.
Эми, кимиси кандай ой-пикирде, кай тарапка баратканы, эмнени көздөгөнү өздөрүнө гана маалым болбосо карапайым элге бүдөмүк бойдон калууда. Дегеним буга чейин деле "кыйратып салам” деген аткаминерлер убадасына бек турбай кулап кеткени кадыресе көрүнүш болуп калбадыбы. Канткен күндө да татыктуу делген талапкерди өзүбүз менен өзүбүз кеңешип, тандап алсак болгону, окурман...