Газета «Взгляд» принимает блочные, строчные объявления о покупке и продаже движимого и недвижимого имущества, и о покупке и продаже автомобилей. Объявления о вакантных должностях, о поиске работы, квартиры и др. Наш адрес: г. Жалалабат, ул. Шопокова 4.(пересечение ул.Чехова) Тел.: (03722) 7-34-84

АЯГЫ ТҮГӨНБӨГӨН АВТОКЫРСЫКТАР

АЯГЫ ТҮГӨНБӨГӨН АВТОКЫРСЫКТАРСтатистика Кыргызстанда жыл сайын жол кырсыктарынын саны өсүп жаткандыгын көрсөтөт. Деги мындай кырсыктарды кыскартса болобу? Бирөөнү тоголото сүзүп, өлтүрүп же майып кылып койгондор жазасын тартуудабы? Же кыргызчылык кылып "өлгөндү баары бир тирилте албайсың” деп бөөдө көз жумгандарды санап отура беребизби?

КАТТАЛГАН КЫРСЫКТАР КӨӨНҮҢДҮ ООРУТАТ

Адатта "жол кырсыгы болуптур” деген кабар уксак, оозго биринчи эле "ичиндегилер соо бекен?” деген сөз келет эмеспи. Адам өмүрүнүн кымбаттыгы ушунда да, чынбы?! Ойлонбой баратып өлүп калышын ким эле кааласын?!

Үстүбүздөгү жылдын акыркы 8 айында Жалал-Абад облусунун аймагында 421 жол кырсыгы катталып, өткөн жылдын 8 айына салыштырмалуу 2,1%га өскөн. Кырсыктан көз жумгандардын саны 2016-жылдын сегиз айында 92 болгон болсо, быйыл ал 12ге кыскарып, 80 адам кырчыктан каза тапкан. Ал эми жалпы жараат алгандардын саны 766га барат.

КАЙДА ШАШАБЫЗ?
Өткөн жылы Жалал-Абад аймагында автокырсыктарынын саны 412 болсо, быйыл анын саны 2,1%га өскөндүгүн Жалал-Абад облустук ИИБ боюнча патрулдук милициянын башчысынын милдетин аткаруучу Авазбек Досов билдирди. Айтымында, жалпы катталган жол кырсыктарынын арасынан өспүрүмдөр арасындагы кырсыктар өткөн жылга салыштырмалуу азайган.

Ал өз сөзүндө, автокырсыктар күн санап азайып жаткандыгын, бирок катталган кырсык өтө оор болгону үчүн адам өлүмү көп катталып, коомчулукта резонанс жаратып жаткандыгын маалымдады.

АЙРЫМ ООР КЫРСЫКТАР:
Былтыр
- 9 адамдын өмүрүн алган кырсык. Жол кырсыгы 2016-жылы 27-август күнү Бишкек-Ош унаа жолунун178-чакырымында болгон. Анда Мицубиси Лансер унаасы менен Фольксваген Пассат унаасы сүзүшкөн. Анын кесепетинен биринчи унаадагы 1986-жылы туулганБолот Жумадылов, 1983-жылы туулганТынчтыкбек Кулов, 1979-жылы туулганАйзада Исмаилова, 1984-жылы туулганНурдин Касымовжана экинчи унаадагы 1980-жылы туулганЖылдызбек Шүкүров, келинчеги 1980-жылы туулганЭлнура Шүкүрова, 3 жумалык эгиз балдарыАэлин ШүкүроважанаАлият Шүкүровкырсык болгон жерден жан беришсе, болжол менен 2002-2003-жылы туулганЖылдызбек кызы Нурайымооруканага жетпей каза тапкан.

Быйыл
- Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 8 адам каза болду.
Жол кырсыгынан 8 адам каза болуп, 3 адам оор жаракат алышкан. Хонда Одиссей унаасында 6 адам, оор жүк ташуучу унаада 2 адам болгон. Учурда алардын абалдары канааттандырарлык. Ал эми Хонда Степвагон унаасындагы 9 адамдын 8и (4 эркек, 3 аял, 5 жаштагы кыз) окуя болгон жерден каза болуп, айдоочусу Шамалды-Сай шаардык ооруканасына "Тез жардам" унаасы менен жөнөтүлгөн

ЖАШТАР ЖОЛ КЫРСЫГЫНА ЭҢ КӨП КАБЫЛЫШАТ
Бир чети айдоочулар деле Кудайлап араң жүрүшөт. Бул кан жолдо эч ким сага кепилдик бербейт деген сөз. Ар бир айдоочу жол чырактардын начар иштегенине, жолдордун жыртылып бүткөнүнө, көчөлөрдө түнкү жарыктардын жоктугуна арызданып келишет. Ал эми жол кыймылын көзөмөлдөгөн тарап күнөө эки тарапта тең бирдей экенин айтат. Бул багытта ОИИБ боюнча патрулдук милициянын башчысныны милдетин аткаруучу Авазбек Досовго бир нече суроолор менен кайрылды.

– Жол кырсыктарынын саны өсүп жатканына эмнелер себеп?
АЯГЫ ТҮГӨНБӨГӨН АВТОКЫРСЫКТАР– Буга айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин сактабагандыгы жана ага көңүл кош мамиле жасагандыгы себеп. Ошол эле учурда көп түрдүү комплекстүү себептер да камтылат. Мисалы, өлкөбүздө жыл өткөн сайын автоунаалардын көбөйүшү, жолдордун эскилиги жеткендиги, аң-дөңдөрдүн көптүгү, көчөлөрдүн заман талабына жооп бербегендиги, анын тардыгы, атайын унаа коюучу жайлардын жоктугун айтсак болот.

– Буларды жоюуга кандай аракеттерди көрүү керек?
– Жол чийимдерин жакшыртуу күндүн талабы. Жаңы типтеги светофорлорду мектептерге коюш керек. Бул жаатта өкмөттүн талабы бар. Анан да айдоочуларды даярдоо боюнча жаңыча талаптарды коюш зарыл. Дагы бир маселе, жол коопсуздугун сактоо жана кырсыктардын алдын алуу үчүн ЖМКлар менен тынымсыз иштөө да жакшы натыйжа берет.

– Кырсыктардын көбөйүшүнө айдоочулук күбөлүктү сатып алгандар башкы себепкер эмеспи?
– Албетте, сөз атуулдарыбыздын бир гана айдоочулук күбөлүгүнө ээ болуусу эмес, биринчи кезекте теориялык билимин практика менен айкалыштырып, жол кыймылынын эрежелерин так билүүсүндө болууда. Жаш айдоочулардын басымдуу бөлүгү жол эрежелерин одоно түрдө бузгандыгы оор кырсыктарга алып келип жатат. Антсе да, мен өзүм юрист болгондуктан факты жоктугуна байланыштуу кимдир бирөөнү күбөлүгүн сатып алды дегенден алысмын. Бирок, ушундай көрүнүштөр тууралуу коомчулукта байма-бай сөз болуп келет. Албетте муунн зыяны болот.

– Кантип кыскартса болот же ушул жүрүш менен эле кете беребизби?
– Кыскартса болот, ал үчүн төмөнкүлөрдү ишке ашыруу зарыл:

1.Үй-бүлөдө, мектепте жаш өспүрүмдөргө жол кыймылынын эрежелерин үйрөтүү жана анда каралган талаптарды так аткаруу.
2.Мамлекеттик деңгээлде атайын жол коопсуздугун камсыздаган мыйзамды так аткаруу.
3.Жолдорду, көчөлөрдү учурдун талабына ылайыктап кеңейтүү, жол четтеринде, автобекеттерде, соода түйүндөрүнүн жанында атайын автоунаа токтотуучу жайларды куруу.
4.Учурдун талабына жооп бербеген айдоочуларды даярдоочу атайын окуу жайларын жабуу.
5.Жол кыймылынын эрежелерин буз­ган айдоочуларга карата айып­тын өлчөмүн жогорулатуу.
6.Эл аралык стандарттын талаптарына ылайык өлкөбүздүн бардык жолдоруна жана көчөлөрүнө фото-видеокөзөмөлдөө аппараттарын орнотуп, жол кыймылынын эрежесин сактоо боюнча көзөмөл жүргүзүү керек.

-Сөз арасына кыстырма, ПМ кызматкерлерине карата сын-пикирлер, "акча алат” деген сөздөрдүн аягы тыйылбай келет. Дал ошол эрежени бузган айдоочунун биртке тыйынын алуунун арты менен да кырсык катталышы толук ыктымал да, туурабы? Анткени эрежени бир бузган адам аны кайталашы бышык.

-Негизи коом кандай болсо биздин кызматкерлер деле ошондой да. Туура, биз коомдун алды болуп, элге үлгү көрсөтүшүбүз керек. Деген менен биздин кызматкерлер башка планетадан же башка өлкөдөн келбеген. Өзүбүздүн эле жигиттер. Сиз айткан нерселер жок деп айтпайм. Анткени беш кол тең эмес. Бирок, кызматкерлеримди күнөөлөй албайм. Алар чын дилинен коопсуздукту сактап, кырсмыктардын алдын алуу максатында жан үрөп иштешүүдө.

КЫРСЫК ҮЧҮН КЕСИЛГЕНДЕР КҮМӨН
Айта кетчү сөз, ондогон кырсыктар бети ачылбаган боюнча калууда. Бирөөнү капталдан капшыра сүзүп "кой эми, милицияны аралаштырбай эле коёлу...” деп ары колтукташып барып тил табышып алмайыбызчы? Каргашадан улам жакынын жоготуп алгандар деле башында будуң-чаң түшкөнү менен, акыры акчанын күчү аркылуу оозу жабылганына күбөбүз. Кантип анан мындай кырсыктарга бөгөт коёбуз?
Күчтүү жаза гана, балким, кырсыктын санын кыскартар?.. Унаадан өлгөндөр толтура, аны сүзүп кеткендер жаза алуудабы? Бүгүн түрмөдө канча жаран дал ушундай кылмышы үчүн отурат? Ушул сыяктуу суроолорубуз менен Жаза аткаруу кызматына кайрылсак, мамлекеттик органдарда көнүмүшкө айланган жорукка кабылдык. Баягы, баягы Баялынын таягы дегендей тийиштүү тараптар бул суроолорубузга жооп берүүдөн баш тартышты.

Бирөөнү сүзүп, өмүрүн кыйган айдоочулар абакка кесилбегени, андагы иштин туура же туур эмес тергелгендиги боюнча милицияны күнөөлөөдөн алыспыз. Анткени, ПМ кызматкерлери окуянын чоо жайын аныктап тергөөгө өткөрүп берет. Муну Досов да бышыктады. Ал эми андан аркы окуялар бүдөмүк боюнча калаары талашсыз чындык. Себеби калган нерселер тергөөчү менен соттордун колунда калат. Аны атайын иликтөөгө алайын десең тергөөнүн же соттун кызыкчылыгы үчүн деп маалымат берүүдөн баш тартышат...
скачать dle 11.0фильмы бесплатно
  • 0
Добавлено: 8-09-2017, 13:45
0
336

Похожие публикации


© Copyright 2016 – Рекламно-информационный вестник «ВЗГЛЯД». Все права защищены.
Наверх