Газета «Взгляд» принимает блочные, строчные объявления о покупке и продаже движимого и недвижимого имущества, и о покупке и продаже автомобилей. Объявления о вакантных должностях, о поиске работы, квартиры и др. Наш адрес: г. Жалалабат, ул. Шопокова 4.(пересечение ул.Чехова) Тел.: (03722) 7-34-84

Марс САРИЕВ: “БАБАНОВГО КАРАТА КАРА ПИАР КҮЧ АЛДЫ”

Марс САРИЕВ: “БАБАНОВГО КАРАТА КАРА ПИАР КҮЧ АЛДЫ”

– Марс мырза, азыркы шайлоо алдындагы кырдаалга кандай баа бересиз?Абал курчуп бараткандай сезилбейби сизге?

 

– Ооба, курчуп баратат. Анткени, президенттик таймаштын фавориттериЖээнбеков менен Бабанов болчу. Азыр Бабановдун рейтинги көтөрүлгөн сайын бийлик сарсанаа болуп, нервденип жатат. Кара пиарды карап көргүлө, аябай күч алды. Менимче, КСДП Жээнбековду сөзсүз биринчи турдан өткөрөбүз деген план коюшту. Эгер экинчи тур болсо, анын шансы төмөндөп кетет.

 

– Сиз Бабановдун рейтинги көтөрүлүп атат дебедиңизби, эмнеге таянып антип айтып атасыз?

 

– Биринчиден, сурап-билүүлөргө, экинчиден, коомдук маанайга карап айтып жатам. Гэллап институту жазында эле сурап-билүү өткөргөн. Ошондо Бабановдун рейтинги 30 пайыз болчу. Анан калса, дүйнөлүк тенденция да ошондой болуп атпайбы. Монголияда, Филиппинде бийликке жаштар, башкача көз караштагы жаңы кишилер келип жатат. Жээнбеков бийликке келсе Атамбаевдин багытын улантат. Ал эми мезгил коррупцияга, кландык башкарууга каршы секирикти талал кылууда. Талапкерлердин арасынан бул критерийге көп минустары бар экенине (мисалы, бизнеси бардыгы) карабай, Бабанов гана анча-мынча туура келет. Жээнбековдун бир артыкчылыгы, ал бийликке келсе туруктуулук болот. Ал эми Бабанов шайланса, абал курчуп кетиши ыктымал. Себеп дегенде, ал багытты кескин өзгөртөт.

 

Акыркы эки окуя: Бабановдун Оштогу сүйлөгөн сөзү, тарапкери Канат Исаевдин кармалышы анын рейтингин төмөндөтүп салган жокпу?

 

– Сөзсүз төмөндөттү. Бирок, өтө деле катуу эмес. Коомдук пикирдин өзүнүн динамикасы болот. Албетте, жанагы окуялар анын кадыр-баркына таасир этти. Бабановдун Он-Адырда сүйлөгөн сөзүн башьш, аягын, ынтымак, достук тууралуу айткандарын кесип салып, ортосун гана беришти. Бирок, ага чейинки окуялар тууралуу айтылган жок. Анын баннерлерин алып ыргытып, жолугушууга келаткан кишилерди коркутушкан. Жанагы сөздөрдү ал ошон үчүн айтып атат да. Бул сөздөрдү ал көп эле жерде: Көлдө, Кочкордо деле айткан.

 

– Биз сизди дайыма объективдүү баа берген калыс эксперт катары билебиз. Бирок, бул жолу Бабановго жан тарткандай сүйлөп жаткан жоксузбу?

 

– Балким. Чынын айтсам, азыркы кырдаалда менин симпатиям көбүрөөк Бабанов тарапта. Масадыков ат сальписа, мен ошону колдомокмун. Бирок, ал Кыргызстанда жашаган эмес, шайлоого катышканга акчасы да жок…

 

– Оштун прокуратурасы Бабановдун сөзүн экспертизага жиберген турбайбы. Эгер экспертиза анын сөздөрүндө улуттардын арасына жик салчу чакырык бар деп тапса, БШК таймаштан четтетип коюшу мүмкүнбү?

 

– Мүмкүн. Бирок, Бабанов сот аркылуу өз укугун талашканга аракет кылса керек. Анткени, анын сөзү одоно түрдө кескиленгени оркоюп көрүнүп турат. Эгер Бабанов таймаштан четтелип калса, абал курчуп кетиши ыктымал. Себеби, аны калктын аябагандай чоң катмары, Атамбаевдин мурдагы соратниктери, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, Темир Сариевге ичи чыкпай калган түндүк кландарынын бир бөлүгү да колдоп жатышат.


 

Булак: "Азия Ньюс”

БАБАНОВДУН СӨЗҮНӨ БАА БЕРИЛЕТ


Өмүрбек Бабановдун Ош облусунун Он-Адыр аймагына барып сүйлөгөн сөзү текшерүүгө жөнөтүлдү. Бул туурасында Башкы прокуратурадан маалымдашты.

Ага ылайык, талапкердин Он-Адырда сүйлөгөн сөзүн текшерүү жана экспертиза жүргүзүү үчүн Улуттук коопсуздук кызматынынОш облустук башкармалыгына жөнөтүлгөнү айтылат.

Башкы прокурутура анын жыйынтыгына карата өз баасын берет.

Ал ортодо Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун штабы улут аралык кастыкты козутуу боюнча таратылып жаткан видеотасма тууралу билдирүү таратты.

"Акыркы күндөрү массалык маалымат каражаттарында КР президенттигине талапкер Өмүрбек Бабановдун дарегине кара пиар күч алды. Алдыңкы күнү Өмүрбек Бабанов КРнын өзбек улутундагы жарандары менен кагылышууга чакырды деп айыптаган жалган видео таратылды. Президенттикке талапкердин штабы Өмүрбек Бабановдун сүйлөгөн сөздөрүн минтип бурмалоого кыжырдануусун билдирет. Талапкер Бабановдун ишенимдүү өкүлдөрү укук коргоо органдарына бул боюнча арыз беришет. Бул видеону монтаждап жана таратып жаткан инсандар улут аралык араздашууну козутканы үчүн мыйзам алдында жооп бериши керек”,- дешет Бабановдун башкы штабындагылар.

Билдирүүгө Өмүрбек Бабановдун Ошто сүйлөгөн сөзүнүн толук видеоверсиясы кошо тиркелген, анда талапкер бардык улуттун өкүлдөрүн достукка, биргелешип эмгектенүүгө чакырган, кайсы бир талапкерге добуш берүүгө мажбурлоого, коркутуп-үркүтүүлөргө биргелешип каршы турууга, элдерди бири-бирине жөлөк-таяк болууга чакырган.

ЖЭЭНБЕКОВ КОРРУПЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШТҮ БАБАНОВДОН БАШТАЙТ

Марс САРИЕВ: “БАБАНОВГО КАРАТА КАРА ПИАР КҮЧ АЛДЫ”КТРКда 4-октябрда өткөн президенттик кызматка талапкерлердин теледебаты Өмүрбек Бабанов менен Сооронбай Жээнбековдун кайым айтышуулары менен коштолду.

Бабанов дебат учурунда президент Алмазбек Атамбаевге кайрылып, "Бакиевдин заманында сиз оппозицияда жүргөндө ушул эле КТР сөз бербей, каралаган. Ошол абалда азыр мына мени каралап жатат" деди. Президентти каралоону токтотууга, шайлоону акыйкат, калыс өткөрүүгө чакырды. Шайлоо алдында адам ресурсу кайсы талапкердин кызыкчылыгы үчүн колдонулуп жатканы баарына белгилүү экенин айтты.

Сооронбай Жээнбеков буга жооп иретинде "сени мен балапан кезиңден билем, 2005-жылдан баштап кандай болгонуңду. Коррупция менен күрөшпөйсүң дейсиң. Коррупция менен мен күрөшөм, сен күрөшө албайсың. Мен сенин эмнеге батканыңды жакшы билем. Менин сага 25 суроом бар. Эгерде мен президент болуп калсам, Өмүрбек иним, коррупция менен күрөштү сенден баштайм. 2005-жылдан баштап кимдин кантип байыганын, ким мамлекетке кызмат кылганын, ким уурдаганын жакшы билем. Өзүң баштадың, айтпайын дедим эле. Эл колдоп президент болуп калсам, ошол миллиарддарды бюджетке төктүрөм. Мугалимдин айлыгын ошол менен көтөрөм. Ошондой коррупционер деп эсептелген 35тей киши бар. Баарын фамилиясына чейин менен билем. Мен сага айттым 25 суроом бар деп, ошого айлап-жылдап жооп бересиң" деди.

Өмүрбек Бабанов буга "Сооронбай Шарипович, биринчиден мамлекеттин башчылыгына бараткандан кийин сыйлап-урматтап сүйлөңүз. Мен сизге эч качан балапан болгон эмесмин. Мен сиздей чиновник эмесмин. Кайдан байлык тапканыңызды сиз далилдеп бересиз. Экинчиден, мен дайыма бизнесте жүргөм. Мени Бакиев куугунтуктап, камай албаган. Жээнбековдор куугунтуктап, камай албайт. Менин аркамда элим бар. Коркутуп-үркүтө турган сиз эмессиз" деп жооп кайтарды.

Теледебатка талапкерлер Токтайым Үмөталиева жана Арстанбек Абдылдаев да катышып, өз программалары тууралуу айтып беришти.

Коомдук телеканалда дебаттар 3-октябрда башталып, жадыбал боюнча талапкерлер Азимбек Бекназаров, Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров дебатка чыгышы керек эле. Төрөбаев катышпай, алгачкы жолкусуна Мадумаров менен Бекназаров гана катышкан. 5-октябрда Темир Сариев, Эрнис Зарлыков, Таалатбек Масадыков, Арсланбек Малиев менен Улукбек Кочкоровдун теледебаты өттү..

Кыргызстанда 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого ат салышуу үчүн 13 талапкер катталган. Өткөн жумада алардын бири Камчыбек Ташиев саясий жарышка катышуудан баш тартып, учурда 12 талапкер ат салышууга белсенишкен.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно
  • 0
Добавлено: 6-10-2017, 15:48
0
52

Похожие публикации


© Copyright 2016 – Рекламно-информационный вестник «ВЗГЛЯД». Все права защищены.
Наверх