Бүгүн:

Акыркы кабарлар

17:53
Ысык суу өчтү! Бишкектеги мончолордун дареги жана баасы
17:52
"Милиционер пара бер дегендей колумду сылады". Кара-Сууда тартылган видео
17:13
Жубайлар: Баткендеги Ж.Топчубаев менен Н.Асатова 17 жылдан бери чек араны кайтарып келишет
17:01
Баткенде 41 аялга «Баатыр эне» ордени тапшырылды
16:33
Шашылыш билдирүү! Сел жүрүшү күтүлөт!!!
14:07
Баткенде киши сатууга каршы кеңешме өтүп жатат
13:53
Бөрүлүү мезгил: Кадамжайдын Пум айылында 2 карышкыр атылып, 6 бөлтүрүк алынды
13:46
Кадамжайдан унаа уурдоого шектелип качкан жигит Бишкектен кармалды
12:07
Баткен жана Кадамжай районунда сел кесепеттерин жоюу аракеттери жүрүүдө.
18:45
Ошто окуучулар үчүн ойлоп табууга шыктандыруучу семинар болуп өттү
11:59
Булан институту: министрдин буйругу күздө айрым мугалимдерди жумушсуз калтырат
11:58
Май айынын аягында Улуттук драма театрында 92-сезон жабылат
11:58
Италиянын тургуну туура эмес диагноздон улам колу-бутунан ажырады
11:54
Адашып кеттим. Депутат Аманкулов Атамбаевдин кол тийбестигин алууга каршы
11:42
Түштүк Кореяда кармалган Түндүк кореялыктар өлкөсүнө кайра жибербөөнү суранууда
11:41
Ысык-Көлдө аялды бычактап өлтүргөн киши изделүүдө
11:41
Ош шаарынын айрым аймактарында 22-май күнү жарык өчөт
13:21
Айтматовдун "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" повести боюнча кино тартылат
13:20
Бишкектин четинде жол тандабас, жеңил унаа жана жолтандабас кагышты. Сүрөт
13:18
Ысык-Көлдө жол тосом дегендерге чара көрүлүп, беш аялга айып салынды
13:17
Рамзан Кадыровдун мал-мүлкү: 2345 чарчы метрлик үй жана миллиондор
13:16
Ким Чен Ын күч органдарындагы жетекчилерди алмаштырды
13:14
Премьер Абылгазиев Түркияга учуп кетти
13:14
Мексика Дональд Трамптын айткандарына нааразы болду
13:07
Энелер — дүйнө түркүгү! Сооронбай Жээнбеков апаларды куттуктады
13:07
Орозонун биринчи түнүндө Бишкекте мечит өрттөнүп кетти. Күбөнүн видеосу
13:06
Дары ичпейт, чылым чекпейт! Орозодо ооз бекиткендерге 10 "болбойт"
13:05
Икрамжан Илмиянов кайсы өлкөгө кеткени белгилүү болду
17:29
Кадамжай районунун тургуну жалган көрсөтмө бергендиги үчүн жоопко тартылды.
17:18
Айыл турмушу: Бишкекте чоңойгон Д.Исаев Баткенге көчүп барып, 30 миңден ашык балык багууда
17:13
Кадамжайдагы селге агып кеткен адамдын сөөгү Өзбекстандан табылды
16:28
Жээнбеков: Кыргыз жергесине дайыма Орозо айындагыдай нур төгүлүп турсун
16:22
Кадамжайда ажылык сапарга баруучуларга сабактар өтүлө баштады
16:20
Депутат башка ири долбоорлорду курууга кеткен каражаттарды текшерүүнү сунуштадыДепутат башка ири долбоорлорду курууга кеткен каражаттарды текшерүүнү сунуштады
16:13
1 354 аял «Баатыр эне» ордени менен сыйланат
16:10
Ошто айына бир жолу ишкерлерге «Ачык эшик» күнү уюштурулат
16:07
ЖЭБтеги кырсык. Кытайдын кызыкчылыгын колдогондор жана калпычылар
15:58
Бишкекте маршрутканын айынан бир нече киши жана автоунаалар жабыркады
15:57
Россия: журналист Вышинскийдин Украинада кармалышы боюнча иш козголду
15:56
Парламентте ТЭЦке жагылып жаткан көмүрдүн чоо-жайы талашка түштү
15:56
Жээнбеков сот системасына өзгөрүүлөрдү киргизүү туурасында айтты
15:55
Ажылык 2018: Зыярачылардын биринчи тобу Меккеге 25-июлда жөнөп кетет
15:55
Ак-Талаада ара жолдо калган көпүрө оңдолуп, эл жөө өтө баштады
11:32
Баткендин Үч-Дөбө айылында селден сактануу иштери аткарылып жатат
11:24
Жыл башынан бери Баткендеги уурулар жабырлануучуларга 1,6 млн сомдук зыян келтирди
Бардык кабарлар

Тагаев: БИРИГҮҮГӨ БИР ТОП УБАКЫТ КЕРЕК БОЛДУ

Редактордун колонкасы / Интервью
394
0

Тагаев: БИРИГҮҮГӨ БИР ТОП УБАКЫТ КЕРЕК БОЛДУЖаңылык! Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары баарынын багыты бир экенин, алар шаардын кызыкчылыгын алдыга коюу керектигин билип, биригишти. Ал тургай алгачкы эле сессияда төрага да шайлашты. А биз болсо адаттагыдай эле 8-чакырылыштын жаңы, бирок шаардык кеңешке экинчи ирет төрага болуп жаткан Мураталы Тагаевди кепке тарттык.

-Мураталы Абдыкарович, Жалал-Абад шаардык кеңешинин бир жылга чукул убакыт бирикпеген депутаттарынын Президенттик шайлоодон кийин эле пикирлеш болуп, коалиция түзүп, ал тургай төраганы да талашсыз тандап коюшканына эмне себеп болду?

-Мында эч кандай себеп, сыр, жада калса шайлоонун да тиешеси жок. Элге маалым болгондой шаардык кеңештин партиялык системасы 2012-жылдан тарта иштеп баштаган. Буга чейинки эки чакырылышта шаар кеңешинде аздан эле партиялар шайланып келсе, мында көп партия болуп, алардын ар биринин өз алдынча көз карашы болду. Шаардык кеңеште партиялар көп болгон сайын сүйлөшүүлөр да оор болот экен. Ошондуктан бир канча убакытка пикир келишпестиктер болуп жүрдү.

-Ошондо депутаттар өз кызыкчылыгынан элдин кызыкчылыгы жогору тураарын 9 ай дегенде аңдап жетиштиби?

-Негизи андай деле эмес. Айтып коюшат го талаштан тактык жаралат деп. Ошол сыңары эл өкүлдөрүнүн ар бирининин аракети шаар үчүн гана болуп жатты деп ишенимдүү айта алам. Андан калса шаардык кеңеш бирикпегени менен шаардагы иштер өз нугунда кетип жатты.

-Деген менен бул убакыттар аралыгында бюджет бекитилбеди, кышка даярдык кечеңдеп, курулуш иштери токтоп турат. А сиз "бардык иштер алдыга жылды” деп эмнени негиз кылуудасыз?

-Шаарда же болбосо аткаруу бийлигинде иш болбой калды дегенге толугу менен кошулбайм. Шаарда иш жүрүп жатты деп баса белгилеп да айтам. Шаардык кеңештеги буга чейинки кырдаалга ылайык шаар бюджетинен сырткары республикалык бюджеттен 7 млн сом каражат бөлүнүп берилди. Ал эми мыйзам боюнча бюджеттин 12/1 бөлүгү деген бар. Ошол себептен аткаруу бийлиги бул убакытта шаар бюджетинин 12ден 1 бөлүгүн шаардагы иштер үчүн жумшап жатышты.

Туура, Сиз жогоруда айткандай чоң-чоң курулуш иштери шаардык кеңештин бирикпегенине байланыштуу токтоп турду. Балким эртерээк иш баштаганыбызда кышка даярдык да өз нугунда жүрмөк. Учурда депутаттар тездик менен иш алып барып жатышканына байланыштуу бардык көйгөйлөр күндөрү жөнгө салынат деп айта алам.

-Сиз үчүн шаардагы көзгө басар көйгөй кайсы?

-Шаардыктарга, шаардын конокторуна жана биз үчүн башкы көйгөй бул жол маселеси. Бир жагынан казып, бир жагынан жамап жатабыз. Албетте бул убактылуу көрүнүш. Анткен менен шаардыктарга бир аз ыңгайсыздыкты жаратууда. Ошол эле кезде тротуар маселелери да бир топ көйгөй жаратып жаткандыгы чындык. Аны менен катар тазалык маселеси да бар.

-Кечиресиз, тазалык жөнүндө сөз козголуп калды. Жалал-Абадды таза шаар деп атоого болобу?

-Таза шаар деп атоо үчүн шаардыктар жана ар бир инсан жапатырмак аракет жасообуз зарыл. Анткени биринчи адамдар аң-сезимин тазалап, өздөрүнүн айланасын тазаламайын бүтүндөй шаардын таза болушу күмөндүү.

-Бул жаатта шаардын кеңеш атайын токтомдорду кабыл алсаңыздар болбойбу?

-Болот. Бирок, токтом иш жүзүндө аткарылбаса алтын тамгалар менен жазылган күндө да эч кандай пада бербейт. Буга бир эле мисал, биз шаардык кеңеш 2012-жылы дал ушул сыяктуу бир маселеге токтом чыгарганбыз. Ал үйлөнүү-үлпөт тойлоруна чыккан унаалардын санын алтыдан ашырбоо болчу. Ал токтом чыккан боюнча кагаз бетинде эле калып кеткен. Ошону үчүн тазалык жаатында да ар бир жаран короосун тазаласын деп токтом кабыл алганыбыз менен элдер ага баш ийбесе бекер болот. Андан көрө ар бир жаран өзүн өнүктүрүп, туура ой-жүгүртүп, тазалыкты өздөрүнөн баштаса жана коомчулукту бул нерсеге тартышса гана тазалык көйгөйү жөнгө салынат деп айта алам.

-Кептин нугун кайрадан саясатка бурсак. Алдыда шаар мэрин шайлоо болоору бышык. Сиз калаа башчылыгына кимдин талапкерлиги татыктуу деп ойлойсуз?

-Аткарган иштерине, жасаган аракеттерине карап, акыл калчап туруп калаа башчысы кайрадан эле Салайдин Авазов болсо жаман болбойт деп ойлойм. Анткени ал кишинин 3 жыл аралыгында шаар үчүн жасаган иштери аттын кашкасындай эле белгилүү болуп калбадыбы.

-Шаардык кеңеште кызмат бөлүштүрүлгөнү жөнүндө кесиптештериңиз тарабынан айрым кептер айтылды эле. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?

-Азыркы 31 депутат кайра эле шардын тургундары. Арасында такшалган мыкты адистер бар. Анан эмне үчүн аларды иштетип калбашыбыз керек? Бирок, шаардык кеңештин депутаттары кызмат талашып жатып калышты дегенден алысмын. Беш кол тең эмес дегендей айрым учурда кандайдыр бир кептер жаңылыштык негизде чыгып кеткен болушу ыктымал.
-Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдирем! Ийгиликтер коштосун!
скачать dle 11.0фильмы бесплатно