Бүгүн:

Акыркы кабарлар

17:20
Роналду Италияда дарыланган кыргызстандык кызга учурашып, абалын сурады. Сүрөт
13:20
Депутат кечирим сурасын! ЖКдан чыгарылган аткаминер боюнча соцтармактагы пикирлер
16:14
ЖМК: Бишкектен учуп чыккан жүк ташуучу учак Тегеранда кулап түштү
16:08
Чыңгыз Айдарбеков Норвегияда жашаган мекендештер менен жолугат
14:20
Бишкекте жол кире эмне үчүн кымбаттайт. Мэриянын жообу
14:11
Иштеп, үй-бүлөнү баккан жакшы! Маршрутка айдоочулары видеокайрылуу жасады
11:06
Бишкекте учактын 4,5 саатка кармалышынын себеби айтылды
10:55
Каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк бере баштайт
10:43
Бишкек: коомдук транспортто колдонулчу электрондук билетке тендер жарыяланды
13:08
Оңолот деген ушу! Түкүрүү үчүн колуна чака көтөрүп алган жигиттин видеосу
13:05
Көчөдө түкүрүнгөн эки милиционер изделип жатат
13:00
Алмазбек Атамбаев үй-бүлөсү менен Индияга учпай турган болду
12:56
Көчөдө түкүрүнгөн дагы эки милиционер видеого түшүп калды
12:54
Бишкектин маршрутка айдоочулары митингге чыгар-чыкпасын айтты
12:45
Өзбекстанга караңгылатылган айнек менен баргандар айыпка жыгылмай болду
18:11
Гендер боюнча эксперт Гульсана Абытова: “Боюнда бар деген жасалма справка жасатып алып, 18ге чыга элек кыздарын турмушка бергендер көбөйдү”
16:54
Боронов акыркы 9 жылда Кытайдын канча жараны КР жарандыгын алганын айтты
12:42
Кыргызстан 90 миң долларга суюк азот иштеп чыкчу жабдуу сатып алды
12:29
УКМК: Сапар Исаков ТЭЦти оңдоодо мамлекетке 111 млн. доллар чыгым келтирген
11:21
ОСАГО полисин албагандарды айыпка 7-августтан тарта жыгуу сунушталды. Себеби
10:04
ОСАГО: камсыздандыруу компанияларынын даректери жана телефондору
10:03
Премьер: түкүрүк боюнча айыпты карап чыгыш керек. Видео
11:46
Бишкекте троллейбус менен автобустун айдоочусу мушташкан окуянын чоо-жайы
10:11
ОСАГО тутуму кантип иштейт? Мамфинкөзөмөлдүн түшүндүрмөсү
10:08
Жети батирди бөлүшө албай түрмөгө түшкөн бир туугандар. Адвокат менен маек
10:03
Үч күн ичинде 15 мас айдоочуга ири көлөмдө айып пул салынды
10:00
Таластагы жол кырсыктан айдоочунун 2 жашар кызы менен жүргүнчү аял набыт болду
14:53
Жаңырган мыйзам жаңы тартип орното алабы?
13:42
Мынча киреше табам деп ойлогон эмесмин. Бишкектик айымдын бизнестеги баяны
13:40
Импотенция жаш-карыга карабайт. Оорунун себептери тууралуу
13:38
Ысык-Атада жаш келиндин сөөгү табылды
13:37
Абылгазиев: айып пулдун жогорулатылышы - кырсыктын алдын алуу чараларынын бири
13:24
Кыргызстанда канча киши жашайт, канчасы бала, канчасы жакыр? Статкомдун отчету
11:10
Мас болуп айдасаңыз эми... 55 миң сомго чейин айып төлөйсүз. Жаңы эреже күчүнө кирди
14:58
Балага сүйүнчү эки күндүн ичинде бир эле документ менен бериле баштайт
14:51
Жаңы жылда борбордук аянтта 2 миңден ашык милиционер кызмат өтөйт
09:55
Прокуратура: Улуттук университеттин кызматкерлери 1,5 млн. сомду кымырып алган
09:30
Ажылык-2019: кыргызстандыктарды ташый турчу авиакомпаниялар тандалат
09:24
Бишкекте жол кырсыгы көп катталган кесилишке жол чырак орнотулду
09:10
Сания Шакированын өлүмүнө күнөөлү делген киши сот өкүмүнө нааразы. Сот иши уланат
15:26
Согушта көз жумган аталардын бейитине бара албай... ЖКда маселе көтөрүлдү
15:24
Парламентте Ысык-Көл визасын киргизүү сунушталды
15:24
Жээнбеков: соттук процесстин видеосун каалаган адам көрө алгыдай болушу керек
15:14
Тоңдо кайык оодарылып кетип, 57 жаштагы киши набыт болду
15:08
Жаңы жылда жарыксыз калбаңыз! "Түндүкэлектр" эскертүү берди
Бардык кабарлар

Радикализм боюнча аялдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек

Редактордун колонкасы
266
0

Ал эми өлкөнүн укук коргоо органдары Сирия менен Иракта согуштук аракеттерге катышкан кыргызстандыктардын саны 500дөн ашканын, алардын 140ка жакыны аял, 100гө жакыны балдар экенин кабарлаган. Согушта 92 кыргызстандык мерт болгону айтылган. Сирияга баруу бул турмуштук зарылдыкпы, же түшүнбөстүктөн улам азгырыкка берилип кетип жатышкандыгы коомчулук арасында ар кандай түшүнбөстүк ойлорду жаратып келүүдө.


Кыргызстан боюнча 2834 мечит болсо, Жалал-Абад облусунун аймагында 600дөн ашык мечиттин 593ү каттоодон өткөн. Мындан сырткары, ислам динин тереңдетип окута турган 8 медресе бар. Бул медреселердин бешөөндө балдар жана алтоосунда кыздар диний билим алышат. Ал эми Жалал-Абад облустук ИИБнын 10-бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда, сот аркылуу тыюу салынган "Хиз-бут-Тахрир” уюмунун жана "Йакын инкар" тобунун өкүлдөрү облустун бир катар район-шаарларында бар. Аларды укук коргоо органдары каттоого алып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет.


"Кыздар жана аялдар тынчтыктын өткөрүүчүлөрү жана радикализацияны жок кылуучулар” долбоору

Бүгүнкү күндө дүйнөнүн ар тарабында Ислам динине наалат айткан, канчалаган адамдар жабыр тарткан терроризм жана радикализмдин кесепетинен дүйнөнүн өтө көйгөлүү маселелеринин бирине айланды. Тыюу салынган уюмдарга кээ бир атуулдарыбыз маалыматтын туура эместигинен киришсе, кээлери такыр эле бул маселеде так түшүнүктөрүнүн жоктугунан кирип жатышат.


Кыргыз Республикасынын Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясы жана ПРООНдун жүргүзгөн изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча (2016-жыл, 20-сентябрь) калк арасында радикализацияны алдын-алуу боюнча бир катар иш-чараларды өткөрүүнү пландаштырып, Кыргызстанда диний жаатта 2014-2020 жж. Мамлекеттик саясаттын Концепциясы кабыл алынган.

Акыркы жылдары дүйнө жүзүндө радикализация маселеси күч алып баштаган учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Премьер-министринин Аппараты, Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясы жана өкмөттүк эмес уюмдардын өнөктөштүгү менен ПРООНдун «Тынчтык жана өнүктүрүү» программасынын алкагындагы жана Кыргызстанда диний жаатта 2014-2020-жылдарга Мамлекеттик саясаттын Концепциясынын негизинде "Кыздар жана аялдар тынчтыктын өткөрүүчүлөрү жана радикализацияны жок кылуучулар” долбоору ишке ашып жатат. Долбоор алкагында калк арасында радикализацияны алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүү көздөлгөн.


"Мутакалим" коомунун төрайымы Фронтбек кызы Жамалдын берген маалыматына караганда, ПРООНдун колдоосунда "Кыздар жана аялдар тынчтыктын өткөрүүчүлөрү жана радикализацияны жок кылуучулар” долбоорунун алкагында Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы жергиликтүү аялдар менен иш аллып барышууда. Ошондой эле, жергиликтүү бийилик, өзүн-өзү башкаруу органдарынын, дин кызматкерлеринин жана жергиликтүү активисттердин катышуусунда окуп-үйрөтүү тренингдери өткөрүлдү. Аталган тренингдерде катышуучуларга радикализм маселелери боюнча кеңири маалыматтар берилип, жергиликтүү жашоочулардын катышуусунда толеранттуулук, сабырдуулук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бул жолугушууларга аялдар, алардын арасында медреселердин окутуучулары, аялдар комиттеринин жетекчилери, ошондой эле айрым жерлерде мечиттердин имамдары катышышкан.


Катышуучуларга КР Мамлекеттик Дин иштери боюнча комиссиясынын өкүлдөрү өлкөдөгү диний кырдаал боюнча, жана Кыргызстанда диний жаатта 2014-2020-жылдарга Мамлекеттик саясаттын Концепциясы жөнүндө, Чүй облусунун казыятынын өкүлдөрү Ислам дининин диндер арасында болгон көз карашы, жана "Мутакалим" коомунун төрайымы Фронтбек кызы Жамал "Кыздар жана аялдар тынчтыктын өткөрүүчүлөрү жана радикализацияны жок кылуучулар” долбоору боюнча калк арасында бири-бирин урматтоо тууралуу маалыматтар берилген. Мындан сырткары, жолгушууларда "Толеранттуулук" боюнча кыска метраждуу видеороликтер көрсөтүлүп, аялдар жана кыздар үчүн "Радикализмди алдын алуу" боюнча атайын чыгарылган практикалык колдонмо таратылган.


Бул иш-чаралар Мамлекеттик Дин комиссиясынын өкүлү, ИИМдин Онунчу башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте ишке ашты. Мындан тышкары, журналисттер үчүн Бишкекте, Ошто, Баткенде "ММК алкагында радикализмди алдын-алуу” аталышындагы тренингдер өткөрүлдү. Бул тренингге журналисттер, студенттер катышып, керектүү маалыматтарды алышты.


Аял – бейпилдиктин тиреги "Мутакалим” коомунун жетекчисинин орун басары Изаура Масеитованын "mutakallim.kg” Интернет сайтына берген маегине караганда, диний терроризм, экстремизм жана радикализмди алдын-алуу үчүн коом биринчиден аялдардын диний билимин жогорулатуу маселесине басым жасайт. Анткени илимдүү, билимдүү адамдар эч качан четтен чыкпайт.


- Исламда сабырдуулук бар. Ислам дини билим алууга, адептүүлүккө, түз жүрүүгө, адамдын руханий жактан өсүп-өнүгүүсүн колдогон, кайрымдуулукка чакырган дин. Андыктан, биз мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша атуулдарыбызга Исламдагы руханий баалуулуктарды жеткирүүгө басым жасайбыз. Аял бейпил турмушту курууда чоң роль ойнойт. "Эркекти тарбияласаң, бир адамды тарбиялайсың, ал эми аялды тарбияласаң, бүтүндөй келечек муунду тарбиялайсың” – деген акылман кеп буга толук далил, - деп жооп берген И. Масеитова.


Көп жылдардан бери Степное айылындагы аялдар абагында ыйман жана Курандан сабак берген Дүйшеева Каныгуль: - Мен көп жылдан бери аялдарга Куран жана ыйман боюнча сабак берип келем. Бул маселе өтө көйгөйлүү, ошондуктан сабак өтүү учурунда бул маселеге көбүрөөк токтолуп, конкреттүү маалыматтарды түшүндүрүүгө аракеттенем. Жогоруда айтылгандай, сабак учурунда мамлекет тарабынан кабыл алынган Мамлекеттик Концепциянын негизин түзгөн олуттуу маселелерди аудиториябызга түшүндүрүүгө аракеттенебиз. Угуучуларыбыздын радикализм маселесинин тегерегиндеги ар кыл суроолоруна, түшүнбөстүктөрүн аяттардын жана хадистердин негизинде ынанымдуу жооптор менен түшүндүрүүгө аракеттенебиз. Белгилей кетүүчү жагдай - биз абактагы аялдар менен ишибизди 2003-жылдан бери алып баруудабыз. Кубанычтуусу, абактагылардын арасынан, тартиби жакшы жакка өзгөрүп, мөөнөтүнөн мурда амнистияга чыккандар бар. Биз алардын жашоо-шарты оор болсо, жакындан жардам берип, жумушу жокторго жумуш таап иштеп кетишине жана реабилитациясына көмөк көрсөтөбүз.

Менин жеке оюмча, тыюу салынган уюмдарга кирген аялдардын көпчүлүгүнүн Ислам дини тууралуу түшүнүгү жок, чала, билимсиз молдо сымалдардын такталбаган маалыматтарын кабыл алып, келечек жашоосуна балта чаап алышкан учурлар жок эмес. Ар бир атуул акыл-сезимдерине кандайдыр-бир чындыкка коошпогон, шек санай турган маалыматтарды угаары менен Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгына дароо кайрылышып, чындыгын тактоолору шарт.


"Мутакалим” коомунда мектеп жашындагы балдар-кыздарга ыйман жана адеп сабактары боюнча мугалими Жылдыз Жайлообекованын "mutakallim.kg” Интернет сайтына берген маалыматына караганда, эң башкысы жаш балдарга азыртадан туура тарбия берүү биздин мусулмандык парзыбыз. Тарбияны ата-энесинен, окуткан агай-эжелеринен болсо, таасирдүү болот.

- Экинчиден, өспүрүмдөрдүн бош убактыларын өткөрүүсүн көзөмөлдөп, алардын пайдалуу иштер менен алектенишине кам көрүшүбүз керек. Биринчи кезекте, аларды жөндөм каалоолоруна ылайык ар кандай спорт ийримдерге катыштырып, кошумча чет тилдерди үйрөнүшүнө көмөктөшүүбүз керек. Анткени, бүгүнкү келечек ээлери бош убактыларын туура пайдаланганды билишпей, компьютердик оюндарга жык толгон социадык тармактарга кирип, андагы акыл-сезимге, калыптануусуна терс таасирин тийгизген туура эмес маалыматтарды кабыл алгандар да жок эмес. Өткөн жылы кабыл алынган мамлекеттик Концепциянын негизинде 56 орто мектептерде диндердин тарыхы боюнча сабактар окутулуп жатат. Биз сабак берүү программабыздын өзөгүн окуучуларыбыздын мекенди сүйүү, адеп, ыймандуулукту бекем тутуу, алардын патриоттук сезимдерин жаш кезинен ойготуу түзөт. Учурда алар толук ишке ашырылып келет, - дейт Ж.Жайлообекова.


Ал эми И Масеитованын пикиринде, аталган тема боюнча социалдык видео роликтерди тартып калкка жайылтуубуз керек. Мындан тышкары, дин таануучу, Мамлекеттик дин комиссиясынын өкүлдөрүнөн, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан жана ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте элге, туура жана так маалымат берүү үчүн теле-гезиттер менен байланышты бекемдеп, бул жагдайда маалыматтарды байма-бай берүүнү колго алуубуз керек.

Ал эми Ж Жайлообекованын маалыматына караганда, сабак берип, абакатагы аялдар менен иштешүүдөн, ар кандай окутуу курстарын өткөрүүдөн тышкары, "Мутакалим” коомунда квалификациялуу юрист жана психолог акысыз түрдө кызмат көрсөтүшөт. Кайрылгандардын көпчүлүгү аялдар. Алардын арасында мүмкүнчүлүгү жоктор болсо, коомдун юристи ал адамдын иши бүткүчө акысыз кызмат көрсөтүп, жардам берет.


Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгындагы ачылган, бирок толук кандуу иштей албай жаткан Аялдар бөлүмүн тезирээк жандандыруу, бүгүнкү күндүн талабы.


- Бул олуттуу маселени ишке ашырууда айыл аймактардагы аялдар менен тыгыз байланышты бекемдеп, аларды да аталган маселеге тартуубуз керек. Кыргызстанда 2834 мечит болсо, ал жерде аялдарга өзүнчө эки бөлмө куруп койсо жакшы болмок.

Радикалимзге каршы күрөшүүдө чоң салым кошмокпуз. Ислам дининде аялдардын ордун күчөтүү үчүн – аялдардын диний сабаттуулугун көтөрүп, аларды системалык түрдө окутуу зарыл. Бул радикализмдин алдын алууга жакшы жардам берет”, - дейт "Мутакалим" коомунун төрайымы Фронтбек кызы Жамал.


скачать dle 11.0фильмы бесплатно