Бүгүн:

Акыркы кабарлар

17:13
Баткенде окуучу кыздар мушташып, 10-класстын окуучусу өз жанын кыйды
17:06
Сүлүктүдө 20 жылдык бүтүрүүчүлөр аз камсыз үй-бүлөнүн үйүн оңдоп беришти
15:59
Жайга бир жума калганда Ысык-Көлгө кар жаап салды. Сүрөт
15:57
Ат-Башы районунда кар калың жаагандыгына байланыштуу бир чабандын 200 койу өлдү
15:52
Кара-Кулжа районунда шамалдан 5 жашар кыз жабыркады
15:50
Талас районунда ылдамдыгы секундасына 10-12 метрге жеткен шамал катталды
12:35
Жайга бир жума калганда Ысык-Көлгө кар жаап салды.
20:42
Өрт чыгуу учурурунда алгачкы аракеттерин машыктыруу
17:38
Лейлекте Кокон хандыгынын учурунда курулган мечитке жаштар жылыткыч коюп беришти
17:32
Баткендеги аскер бөлүктө «Апам жапкан нанды сагындым» акциясы өттү
17:27
Россияда эмгектенген кадамжайлык тургундар көрүстөндөрдүн айланасын курчоого акчалай жардам көрсөтүштү
14:35
Баткенде 25-майда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт
14:34
Бир аял мерт болуп, жети киши жабыркаган. Бишкек — Ош жолунда эки унаа кагышты
14:27
Лейлектеги сел 58,8 млн сомдук зыян келтирди
09:20
Жаңы үйлүү болгондо ыйладым. Өзгөндө 20 жылдыктар пенсионерге там салып берди
09:16
Элчилик: Подмосковьеде 27 жаштагы кыргызстандык жаран киши колдуу болду
17:05
Баткенде «Шайыр апалар клубу» сынагы өтүп жатат
16:59
Лейлектеги 15 энеге «Баатыр эне» ордени тапшырылды
16:13
Кызыл-Кыя шаары менен Лейлек районундагы турак үйлөрдү суу каптады
16:03
Баткенде Акыркы коңгуроодо окуучулардын унааларда жүрүшүнө тыюу салынды
15:48
Интеллигенция, Жээнбеков жана небере тууралуу. Роза Отунбаева менен маек
15:47
Абылгазиев Centerra Gold Inc. жетекчилиги менен жолукту. Ортодо эмне кеп болду
15:46
Бензин менен дизель канчага кымбаттарын мунай ташуучулар кабарлашты
15:46
ТИМ: чет өлкөдө жакыны каза болгондорго 50 миң сом компенсация төлөнөт
15:45
Мирзиёев Путинге АКШга болгон сапары тууралуу айтып берди
15:44
Өмүрүн тобокелге салып терезе жууган окуучулар боюнча мугалимдер жазаланды
15:43
Самал Еслямова: "Айка" боюнча мага бир гана адамдын пикири баалуу
15:42
Бишкекте иштеп жүрүп дайынсыз жоголгон ноокаттык киши изделүүдө. Сүрөт
15:41
Кайырчылык кылган аялдын банк эсебинде миллион доллар болгон
17:57
Президент, премьер, спикер. Бийликтегилердин кимисинин оозу бек
17:56
Сапар Исаков Кытайга канча жолу учканын айтты
17:56
Беш айда 2 млн. сом таптым. Спорттогу ишкер Сталбек уулу менен аңгеме-дүкөн
17:55
Кыргызстанда кайсы кесипке суроо-талап күч? Рейтинг
17:54
Кыргыз эл жазуучусу Көчкөн Сактанов дүйнө салды
17:53
Ысык суу өчтү! Бишкектеги мончолордун дареги жана баасы
17:52
"Милиционер пара бер дегендей колумду сылады". Кара-Сууда тартылган видео
17:13
Жубайлар: Баткендеги Ж.Топчубаев менен Н.Асатова 17 жылдан бери чек араны кайтарып келишет
17:01
Баткенде 41 аялга «Баатыр эне» ордени тапшырылды
16:33
Шашылыш билдирүү! Сел жүрүшү күтүлөт!!!
14:07
Баткенде киши сатууга каршы кеңешме өтүп жатат
13:53
Бөрүлүү мезгил: Кадамжайдын Пум айылында 2 карышкыр атылып, 6 бөлтүрүк алынды
13:46
Кадамжайдан унаа уурдоого шектелип качкан жигит Бишкектен кармалды
12:07
Баткен жана Кадамжай районунда сел кесепеттерин жоюу аракеттери жүрүүдө.
18:45
Ошто окуучулар үчүн ойлоп табууга шыктандыруучу семинар болуп өттү
11:59
Булан институту: министрдин буйругу күздө айрым мугалимдерди жумушсуз калтырат
Бардык кабарлар

ЧАТКАЛДАГЫ КАН ТАЛАМАЙ: же Кыргызстанда кен казуу иштери кандай абалда?

Редактордун колонкасы
124
0

Алар жерди ойду-келди казышат, сууларды каалаган жагына бурушат, булгашат, дарактар менен өсүмдүктөрдү тыптыйпыл талкалашат, анысы аз келгенсип, өз карамагындагы жерлерге карапайым адамдарды эмес, бийлик өкүлдөрүн, депутаттарды да киргизишпейт – анан ошонун айынан жергиликтүү эл менен бүтпөгөн чатак башталып, бир нече жылдап улантылып келет. Мындай мисалдар Кыргызстандын ар бир эле кен чыккан жеринен келтирүүгө болот. Бирок негизги чатак алтын чыккан жерлерде болуп жатат. Кыргызстан алтындын кору боюнча дүйнөдө 83-орунда турат жана бул иш азырынча дээрлик жүз пайыз чет элдиктердин колунда, бирок ушул тармакты терең билген адистердин айтуусуна караганда, алтынды казууга өзүбүздүн ишкерлер канчалык көп тартылса, өлкөбүзгө жана элибизге ошончолук жакшы болот.


Кыргызстанда тоо-кен тармагына байланышкан долбоорлордун бардыгы экиге бөлүнөт: биринчиси, кум-шагыл, таш, мрамор сыяктуу курулуш материалдары, көмүр сыяктуулар болуп саналат. Экинчиси – экспортко кете турган кендер – кызык жери, ошол экинчи категориядагы кендерди иштете турган инвесторлорду табуу, биринчисине караганда алда канча жеңил. Мунун себеби деле түшүнүктүү – булар акчага оңой айланат, ал эми алтын алмаштырылбайт дагы, ал өзү эле – даяр акча. Ошондон улам бизде да биринчи кезекте так ошол алтын казуучулар арбын болуп жатат.


Биздин өлкөдө, Кум-Төрдү эске албаганда, негизинен Кытай, Корея. Россия, Түркия, Казакстан өлкөлөрүнөн келген компаниялар иштешет, бирок алардын жүргүзгөн иш-аракеттери боюнча расмий маалыматтарга ишенүү кыйын, анткени кытай, корея ишкерлери негизинен кыргыз жетекчилеринин аркасына жашынып иш кылышат, ошондуктан алар иштеткен долбоорлордун чыныгы баасын эч ким билбейт. Таасирдүү калкалоочусу бар андай фирмалар көп учурда жаратылышты сактоо, экологияны бузбоо деген сыяктуу маселелерге өтө эле үстүртөн карашат.

Ачыгын айтыш керек, биздеги тоо-кен тармагы жер байлыктары көрүнөө да, көмүскө да (уурдап, жашыруун казып) алына турган эң чырдуу жана коррупциянын чийеленишкен түйүндөрү жайгашкан жер болуп калганы элдин баарына эле маалым.


Биздин атка минерлер коррупцияга каршы күрөшүүнүн, айрыкча лицензия берүү маселесинин алкагында көп иштер жасалганын тынбай айтып келишет, маселен, 2014-жылы лицензия берүү комиссиясынын жыйындар залына видеокамераларды коюшкан, комиссиянын иши коңшу жайдагы монитордо онлайн режиминде көрүнүп турат. Ким кааласа, реалдуу убакыт режиминде комиссияда кандай чечим кабыл алынып жатканына байкоо жүргүзө алат. Бирок ошондон кийин лицензия берүү ишиндеги коррупция азайып кеткендигине ишениш кыйын. Фактыларга кайрылалы, кечээ жакында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин жооптуу кызматкерлери менен Чаткал районундагы Куру-Тегерек алтын, күмүш жана жез кенин чалгындап жүргөн, эми кен казууга киришкени жаткан кытайлык "Кичи-Чаарат" компаниясынын жетекчилигине карата кылмыш ишин козгоду. Анын себеби расмий маалыматтар боюнча караганда, «Куру-Тегерек кенин иштеткен кытайлык "Кичи-Чаарат" компаниясынын лицензиясы бир канча жылдан бери мыйзамсыз узартылып жүргөн, андан сырткары компания уруксатсыз дамба куруп, кеминде 60 тоннага жакын алтынды жок кылган, мамлекет 168 миллион сом зыян тарткан. 2015-2017-жылдар аралыгында Чакмак-Суу дарыясынын боюнан өзүм билемдик менен кум-шагыл, чопо-кум казган, мунун айынан мамлекет 170 миллион сомго жакын зыян тарткан». Муну жалпак тилге салсак, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин жооптуу кызматкерлери 2003-жылдан 2016-жылдын аягына чейин кенди иштеткен компания менен лицензиялык келишимдин мөөнөтүн мыйзамсыз узартып келген. Лицензияда совет доорунда эле чалгындалып, аныкталган Куру-Тегерек алтын, күмүш жана жез кенин иштетүү долбоорун даярдоо, техникалык-экономикалык негиздемесин түзүү гана талабы болгон. Мыйзам боюнча техникалык-экономикалык негиздемени жана кенди иштетүү долбоорун убагында даярдабаганы үчүн бул компаниянын лицензиясы жокко чыгарылышы керек эле. Ошондой эле жаңы инвестор тартыш үчүн бул кен сынакка коюлушу керек болчу."Кичи-Чаарат" компаниясы курулуш жүргүзүп жаткан жердин бир топ бөлүгүн башка компанияга чалгындоо үчүн лицензия берген. Бирок "Кичи-Чаарат" ал жерди тосуп алган жана чачыранды алтынды чалгындоого лицензия алган экинчи компанияга чалгындаганга тыюу салган. Башкы прокуратура: "Мунун айынан экинчи компания беш миллион сомдон ашык зыянга учурады",- деп эсептейт.


Менин оюмча, ушул коюлган айыптоонун өзүндө дагы толук айтылбаган бир иштин кулагы кылтыйып турат, Чаткалдын жаратылышына 170 миллион сомдук залал келтирип, "кум-шагыл, чопо-кум” казып, бул компанияга эмне күч келди? Алар алтын казып алып жатышып, ошончо сомдук зыян келтирди десек туура болуп жүрбөсүн?


Азыр Ала-Бука (Чаткал кырка тоолорунун ушул районго караган жерлеринде) жана Чаткал райондорунда кен казууга лицензия алган 40тан ашык компания бар, ал эми райондун өзүнө мындайлар – 27. Мындан тышкары алтынды техника пайдаланбай, кол менен казып алгандыктан, салык төлөөдөн жеңилдетилген шумдуктуу ишканалар бар. Алар ойду омкоруп, тоону томкоруп, сууну каалагандай булгап, нугун буруп, кыртышты оңолгустай кылып бузуп жаткандыгына карабастан, (мисалы, Чаткал – Ала-Бука жолун казган компания) ошондой жеңилдикке ээ болгон. Алтын казгандардын бардыгы эле жаратылышты аспеттеп жаткан жери жок, жогоруда сөз болгон "Кичи-Чаарат” компаниясына экологдор өткөн жылы 6 миллион сом айып салышып, ишти кароону УКМКга өткөрүп беришкен. Ошондон кийин, жергиликтүү калктын айтуусуна караганда, аталган компаниянын "акылына келе түшкөн” кызматкерлери жолунан учураган дарактардын бардыгын түп-тамыры менен жулуп, эч кимге билгизбей көмүп сала башташкан. Ошентип ушул тапта алардын ишинин жүрбөй жаткандыгынын бир себебин кенди иштетүүгө карата долбоор даярдайбыз деп лицензия алып, иш жүзүндө алтын казуу менен алектенип, жаратылышка жасаган оңбогондой кыянат иштеринин жазасы катары карасак туура болчудай. Бирок булар эчактан бери эле суудан кургак чыгып келе жатышат, алсак, 2013-жылы УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы "Кичи-Чаарат" компаниясына "өтө чоң көлөмдөгү салыкты жашырган» деп кылмыш ишин козгоп, мамлекет 135 миллион сомго жакын зыян тартты" ,- деп билдирген. Өзүңүздөр күбө болуп жаткандай, тергеп-иликтөөнүн жүрүшүндө компания акчаны толук төлөп бергени кабарланганы менен андан компаниянын кылы кыйшайган эмес. Маалымат катары айта кетсек, Куру-Тегерек кенинде болжол менен 100 тоннага жакын алтын, 370 тонна жез запасы бар.


Айтор, азыр Чаткал тоолору толук кан таламайда, колунан келгени, келбегени, техникасы бары-жогу, иши кылып бардыгы эле жердин ичек-чабагын чубап жатышат. Ал тургай кадимки эле кетмен-күрөгүн көтөрүп, кол менен көрүнгөн жерди чукуган "апачилер” да за эмес. Карап турсаң, Чаткалда басып жүрө турган жер калбай, баары эле лицензияга бөлүнүп сатылып кеткендей, тоолор менен капчыгайлар сатылып бүтүп, эми эгин айдаган жерлер, (жайыттарды айтпай эле коёлу, алар биринчилерден болуп сатылып кеткен) айылдардын чет-жакалары, ал тургай бүтүндөй кыштактардын орду казылат имиш деген сөздөр жүрүп жатат.


Чаткалда атактуу Беш-Арал коругу бар, ал өрөөнгө караштуу кырка тоолордо кездешкен ак мандалакты (Кауфман тюльпаны) жана кара суурду (мензбир сууру) сактап калуу үчүн гана түзүлгөн, эгер ошол касиеттүү гүл менен кара суур болбосо, Чаткал эбак эле илим менен техниканын жетишкендигинин курмандыгы болмок. Компартиянын тушунда мал жайып, чөбүн чаптырып жибергени болбосо, Беш-Арал коругунун аймагы дээрлик баштапкы калыбында сакталып калган дүйнөдөгү аз эле аймактардын бири. Эми болсо, вертолетторду минип, оптикалуу кароолу бар мылтыктар менен куралданган адамдар жапайы чочко, кийик, аркар уулагандары (азыр Чаткалда чочколор менен кийиктер анча-мынча бар, аркарлар эбак эле жоголуп, же жер которуп кетишкен) аз келгенсип, так ошол Беш-Арал коругунан аймагынан лицензия алып, кен казмак болуп жатышат. Мамлекеттик корукка алынган жерге карата мындай жапайы мамиле жасоого кимдин колу барды экен?!. Айтор, азыр Чаткалдын жаратылышы мындан 40 жыл мурдагыга караганда эселеп кунары кетип, суу жээктеген калың токой суюлган, токой ичиндеги карагайлар менен кайыңдар эбак кыркылып жок болгон, жыл өткөн сайын Чаткалдын жаратылышы улам көбүрөөк жабыркап, таланып-тонолуп жатат. Алсак, жакында эле, Чандалаштын жолундагы элдин баары эс алып, тыныгып өткөн айтылуу Кара-Булактын тегерегиндеги токойлор, тыптыйпыл жок болду.


Буга карата жергиликтүү эл улам-улам нааразылык билдирип, майда-барат чатактар чыгып жатканы менен, ал жердеги бийлик болуп жаткан мыйзамсыз иштерди мамлекеттик жетекчилерден жашырып, жолдорду оңдоп, бала бакча, мектеп, спорттук жайларды, ж. б. куруп, ооругандарга, балдардын окуусуна жардам катары пул берген немелердин ачуусуна тийип алгандан коркуп, кен казган фирмалардын көзүн карап турушат. Чыңгыз Айтматов бир чыгармасында эң туура белгилегендей, "Илгери адамдар башымды алып салат деп башынан коркушса, азыркылар олтурган столумду алып коюшат деп көчүгүнөн коркушат”. Атаганат, ушундайда Темиркул Кошбаев, Матен Сыдыков, Бекмамат Осмонов. Жумгалбек Аманбаев сыяктуу өктөмдүгү бар жетекчи болор беле?!. Дегеним, кен казган фирмалар мамлекеттик мыйзамдарды тоготпой, ачык эле күчкө салып жатышат, ал эми кара күчкө карата кара күч менен гана жооп берүүгө болот.


Дагы бир айта кете турган жагдай, алтын чыккан жерден ызы-чуу арылбайт экен, эгер мындан жыйырма жылдай мурда, Чаткалда жылына жасалган кылмыштар беш манжа менен саналса, азыр кылмыштуулук алда канча күчөп, сойкулук, кумар, тоноочулук, зордуктоо сыяктуу кылмыштар өсүп, рэкэт деген "жаңы кесип” пайда болгон. Жергиликтүү чычымдар аралашкан безери балдар Чаткалдагы кен казган фирмалардын баарына жүк ташыган машиналарды көзөмөлдөйт, башка жактан келип калган айдоочуларды уруп- сабап, тоноп жиберишет деп укканым бар. (Чаткалга мындай машиналардын бир каттамынын акысы 120 миң сомдон жогору турат, анан эмнеге аны ар ким талашпайт экен?).

Негизи ушундай баш аламандыктын баары биздин мамлекетте кен казуу тармагы жолго коюлбагандыгынан, керектүү мыйзамдардын жоктугунан, же алсыздыгынан, өз жерибизге карата мамлекеттик деңгээлдеги патриоттук сезимибиздин жоктугунан болуп жатат. Жер казынасын коргоо – кен иштетүүнү жөнгө салуудагы өтө маанилүү багыттардын бири. Тилекке каршы, бизде тоо-кен иштеринде жер казынасын уурдап-тоноого кен казуучулардын мүмкүнчүлүгү бар, ага карата мамлекеттик натыйжалуу көзөмөл жок. Мындай жагдай ак ниеттүү иштебеген кен казуучуларга жана биздин колу таза эмес кызматчыларыбызга майдай жагып, алар өз билгендерин кылып жатышат. Бул жерде катуу тартип жана эч кандай келишүүчүлүккө барбай турган күрөш болушу зарыл. Ошондой болор бекен, менин күмөнүм бар...


скачать dle 11.0фильмы бесплатно