"Альянс Алтын" компаниясы "Жерүй" алтын кенинин лицензиясын россиялык "ВТБ-банкка" 180 миллион долларга күрөөгө коюуну пландап жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине компаниянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети келишим түзүүгө уруксатын берген. Анткен менен ведомствонун маалымат кызматы учурда геология тармагынын 80 жылдыгын белгилөө менен алек болуп жаткандыктан бул боюнча эч кандай кабары жоктугун айтты.
Июнь айында Кыргызстандын өкмөтү "Альянс Алтынды" 500 миң долларга айыпка жыккан.
"Жерүй" кени Кыргызстандагы эң ири кендердин бири. Анда 100 миң тоннага чукул алтын бар экени белгилүү.
Дагы: https://sputnik.kg/economy/20181005/1041412362/zheruj-ken-altyn-licenziya.html