Бүгүн:

Акыркы кабарлар

14:56
Быйыл Кыргызстандагы сулуулук сынагына өзгөчө кыз катышат. Видео
14:32
"Эч качан көргөн эмес!" Роналду атасы жөнүндө айтканда ыйлап жиберди. Видео
14:03
Бишкекте жол курууга тоскоол болгон турак үйдүн дарбазасы түрттүрүлдү. Сүрөт
13:01
Чүй: милиция жоголгон өспүрүмдү издеп жатат. Сүрөт
13:21
Абдымомунов көчөсүнүн бир бөлүгү казуу иштеринен улам 23 күнгө жабылмакчы
13:20
Отко май чачпагыла! УКМК элге эскертүү берди
10:14
Камактагы Алмазбек Атамбаев уулу жана аялы менен жолукту
16:36
"Ала-Тоо" аянтынан чачкын сатуучулар менен оюн жайлары алынууда. Сүрөт
16:11
Ичеги-карын рагы болбош үчүн эмне кылуу керек? Адистердин жообу
11:09
Суусамырдагы жайлоодо калың карда калган чабандар куткарылууда
09:32
Мугалимдер бир күндө 6000 сом алышабы? Лунара Мамытовага жооп
09:41
Алты жылдан бери комада жаткан Михаэль Шумахер эсине келди
09:33
Депутат: Бишкектеги жеке мектептерде кыргыз тили менен тарыхты окутуу керек
17:12
Суусамыр жайлоосунда карда калган малды алып чыгуу үчүн трактор тартылды
16:25
Бишкекте өтчү марафонго атактуулар да катышат
16:18
Жеңиш Разаков Кыргызстандагы кылмыштуулукту азайтуу жолун айтты
15:42
Дарбаза басып калган окуучу. Милиция кырсыктын чоо-жайын айтты
15:20
Мушкер "Тайсонго" Талас Бегалиев таза кандуу аргымак мингизди. Белектин чоо-жайы
13:08
Жээнбеков маркум спецназ Ниязбековдун үй-бүлөсүнө "Эрдик" медалын тапшырды
13:03
Аманбай Кайыпов башка кызматка дайындалды
16:26
Чала жан болуп сабалгандар: шектүүнүн милициядагы тууганы иштен бошотулду
16:20
Жээнбеков Абылгазиев менен жолугуп, өкмөттүн негизги милдеттерин эске салды
16:17
Караколдогу №6 мектепке 27 жаштагы жигит директор болду. Сүрөт
16:12
Билим берүү министринин милдетин ким аткарат?
15:44
Кандай эркектер сексуалдуу көрүнөт? Кыз-келиндердин жообу
16:13
Өч албайм! Өмүрбек Текебаев мындан аркы кадамдарын айтты
16:05
Кой-Таштагы окуяны мамлекеттик комиссия иликтемей болду
14:05
Бишкекте такси айдаган кыздын сөөгү өзү жашаган үйдөн табылды
10:50
Бир жыл ичинде Кыргызстандын бардык мектептери компьютер менен жабдылат
10:42
Кыргызстанда жыл сайын канча жол кырсыгы болот? Жүрөк ооруткан график
11:53
Ой менен башкарылчу биопротезди жасап бүттүк. Микрохирург менен маек
11:17
Борбордогу жаңы паркка бак тигип кетиңиз. Мэриянын жаңы акциясы
10:40
Бишкектен Антальяга барчу учак 11 саат кечигип учту
12:26
Сот эмнеге таянып Текебаевдин өкүмүн жокко чыгарды. Адвокаттын түшүндүрмөсү
12:19
Бишкек — Москва поезд каттамынын билеттери арзандайт
11:45
Суусамырда кырсыктан набыт болгон бүлө. Туугандары 100 миң сомун таппай жатат
10:25
Суусамырда бир бүлөнүн өмүрүн алган кырсык. Из жашырган айдоочу кармалды
15:02
Кой-Ташта спецназдын таягынан бир адам көз жумдубу? УКМК Карамушкинага жооп берди
11:15
ИИМ: алдамчылыкка шектелген кыргызстандык аскер аял Москвадан кармалды
10:33
Билим берүү министрлиги мектеп формасы боюнча сунуштама берди
15:10
Достукта "режим" алдын алуу иш чаралары жүргүзүлдү
10:26
Аксыдагы "Кербен" аэропорту учактарды кабыл алууга даяр
09:57
Курсан Асановдун үйүн тинткендер эмне алып кеткенин адвокаты айтып берди
15:55
Спецназдын каза болгон жоокеринин бүлөсүнө кандай жардам берилери айтылды
15:49
Жеңиш чокусунан учуп түшкөн россиялык альпинист каза тапты
Бардык кабарлар

Улуттук банк Толкунбек Абдыгулов алган 5 млн. сомду кечип койду. Кантип?

Экономика
130
0

Улуттук банк төрага Толкунбек Абдыгулов алган ссуданын калган суммасын — 4,8 миллион сомду кечип койду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, банк өзүнүн кызматкерлерине социалдык колдоо көрсөтүү максатында өз каражатына турак жай ссудасын, керектөө насыяларын берүүгө укуктуу.

Турак жай ссудасын берүү жана андан кутулуу боюнча эрежелер "Улуттук банктын кызматкерлерин турак жай менен камсыздандыруу" жөнүндөгү жобонун негизинде көзөмөлгө алынат.

 

Ал жобого ылайык, эгер банктын кызматкери кызмат учурунда каза болуп же 1-2-топтогу майыптык алса, же банк системасы менен республиканын экономикасынын өнүгүшүнө салымын кошсо берилген ссуда кечирилет.

Ар бир конкреттүү учур Улуттук банктын башкармалыгы тарабынан өзүнчө каралат.

"Улуттук банктын кызматкерлерин турак жай менен камсыздандыруу" мыйзамдарынын жоболоруна ылайык, 2015-жылдын июнь айында Толкунбек Абдыгулов 5,5 миллион сом ссуда алган. Улуттук банк Абдыгулов 2017-жылы вице-премьер болуп дайындалганын белгилейт.

"Банк системасы менен өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө салым кошкондугу үчүн, жетектөөчү саясий кызматка которулганы жана 10 жылдык тажрыйбасы үчүн Улуттук банктын башкармалыгынын чечими менен Толкунбек Абдыгулов алган каражаттын калганы — 4 миллион 824 миң сом кечирилди", — деп айтылат маалыматта.

Улуттук банктан белгилешкендей, 2000-жылдан 2018-жылга чейин Улуттук банктын кызматкерлерин үй менен камсыздоо үчүн 800 миллион сомго жакын каражат бөлүнүп, анын 32 миллиону кечирилген. Бул жалпы сумманын 4 пайызын түзөт.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттиги эң көп маяна алган аткаминерлердин тизмесин жарыялаган. Алардын арасында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов дагы бар.

Дагы: https://sputnik.kg/economy/20181101/1041809809/uluttuk-bank-tolkunbek-abdygulov.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно