Бүгүн:

Акыркы кабарлар

22:58
Катар-2022: Аргентина 1/8 финалга чыкты
22:56
ЖК: Мыйзамдар жана регламент комитетинин төрайымы болуп Чолпон Султанбекова шайланды
07:28
Кыргызстанда Венгриянын маалымат жана маданий борбору ачылышы мүмкүн
07:26
Сөздөн ишке карай... Кыргызстанга Сауд Аравиядан инвестиция тартууну өнүктүрүү
07:24
Акылбек Жапаров Япониянын Улуттук банкынын төрагасы менен кызматташтыкты талкуулады
04:53
Оштун жаңы мэри жамаатка тааныштырылды
04:33
Бишкек: Бейтапканалар дем алышта да иштей баштады
04:26
"Тешилбеген жер калбады". Терек-Сайдын кейиштүү экологиясы
04:24
Бажы: киреше боюнча убада эмнеге орундалбай калды?
19:57
Кол күрөш боюнча спортчулар Азия кубогунда 25 медаль багындырышты
19:55
Элдияр Орозбеков шахмат боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды
07:53
Москвада Кыргызстандын жаңы коомдук борбору ачылды
07:48
Президент Жапаров-Ташиев тандемин сындаган делегат менен өзүнчө жолугат
06:31
Азизбек Мадмаров Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси болуп дайындалды
06:30
Марипов ишин айкалыштыруу менен Кыргызстандын Бахрейн жана Египеттеги элчиси болуп дайындалды
04:40
Жогорку Кеңеште республикалык бюджетке тиешелүү мыйзам долбоорлору кабыл алынды
04:23
Медициналык 23 окуу жайдын бешөө гана эл аралык каттоодон өткөн
04:20
Жапаров ЖККУда чек ара коопсуздугун камсыздоону сунуштады
04:21
Шакиев баштаган депутаттар Түркия парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышты
04:19
Садыр Жапаров Россиянын Тышкы чалгын кызматынын директорун кабыл алды
04:13
Москвада кыргызстандык таксист киши колдуу болду
04:10
Парламентте “Газпромдун” ишине сын айтылды
06:56
Жапаров Токаевди президенттикке кайра шайланышы менен куттуктады
06:54
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу документтери апрелде даяр болот
04:38
"Тажикстан менен тил табыша баштадык". Камчыбек Ташиев чек ара боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу
05:37
Кыргызстанда Google Pay пайда болду, бирок бул функция азырынча беш гана банкта бар
05:30
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад" бекети оңдолууда
05:28
Композитор Муратбек Бегалиев Франциянын ордени менен сыйланды
19:52
БУУ Кыргызстанга жакырчылыктан чыгуусуна 105 млн. доллар бөлөт
19:49
Ишкер аялдар күнү: Кыргызстан Араб Эмираттарынан эмнени үйрөнө алат?
17:52
17-20-ноябрь күндөрү Кадамжайдагы айрым айылдарда электр жарыгы өчүрүлөт
17:26
Доллардын өсүшү. Улуттук банк валюта рыногуна 55,2 млн. доллар сатты
17:24
Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо сунушу жыл соңуна чейин берилерин айтты
17:15
Садыр Жапаров: "Эң туура жол менен баратабыз"
08:09
18 жаштагы Айнура Ирисалиева үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголду
08:07
Үйгө кирип барып, бешилик менен өлтүргөн: Тайгандын Таш-Көмүрдөгү өлүмү
07:58
Жалал-Абад шаардык кеңешине 3 жаңы депутат келди. Алар кимдер?
07:49
Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгына карата жумалык өтөт
07:45
Дүйнөнүн калкы 8 миллиард кишиге жетти
07:40
Элдик курултайга кимдер келатат, алар эмне маселе көтөрөт?
06:56
УКМК: Аткезчиликтен алынган 2 миллиондон ашык доллар бюджетке берилди
06:45
Кыргызстанда акыркы жумада коронавирустун 19 жаңы учуру катталды
06:43
Кыргызстанда инфляция 15,4%га жетти - ЕӨБ
06:41
Аскер бөлүктөрүнүн бириндеги курулушта мамлекетке 1 млн сомдон ашуун зыян келтирилген
06:39
Баткенде аткезчилик товар ташыган унаа конфискацияланды
Бардык кабарлар

Маморгандар бизнесмендерди эки жыл текшербей турган болду. Бирок бир шарты бар

Экономика
404
0

Өкмөт 2019-жылдын 1-январынан тарта ишкерлик субъектилерин текшерүүгө мораторий киргизип жатат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул маселе боюнча жыйын куруп тийиштүү токтомго кол койду. Ал мораторий 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирип, 2021-жылдын 1-январына чейин иштемекчи.

Экономика министри Олег Панкратов маалыматтык технологиялардын ишке кириши менен мамлекет менен бизнестин ортосундагы байланыш механизмдери юридикалык жана техникалык жактан өзгөрүп жатканын айтты.

"Техникалык көзөмөлдүн алкагында товардын сапатына баа берүү жана аккредитация жолу менен эч кандай текшерүүсү жок эле продукциянын коопсуздугун камсыздаса болот. Тагыраагы, мамлекеттик орган товарлардын сапаты документте жазылган мүнөздөмөсүнө канчалык төп келерин билүү үчүн маал-маалы менен сатып алып салыштырып турат. Бул текшерүүгө жатпайт. Эгер товардын сапаты кагазда жазылгандарга төп келбей калса, аккредитация боюнча органдарга маалымат берилет. Алар продукцияга сертификат берген лабораториянын аккредитациясын алып таштайт", — деди Панкратов.

Министр так ушул механизм рыноктогу продукциянын коопсуздугун камсыздоо үчүн жетиштүү экенин дүйнөлүк практика көрсөткөнүн кошумчалады.

Премьер Абылгазиев дагы аталган мораторий товарлардын коопсуздугуна коркунуч жаратпай турганын белгилеп өттү.

 

"Бул — популисттик экономикалык саясат эмес, бизнести колдоого алган конкреттүү механизм. Мораторий Кыргызстанда бизнес жүргүзүүнү кыйла жеңилдетип, ошол эле учурда ишкерлердин мыйзам чегинде иштөө жоопкерчилигин күчөтөт", — деди Абылгазиев.

Ал ошондой эле Экономика министрлигине бизнес коомчулукка мораторий боюнча кеңири маалыматтык түшүндүрүү кампаниясын уюштурууну табыштады.

Мораторий текшерүүгө алган 10 мамлекеттик органга тийиштүү:

  • Социалдык фонд;
  • Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги;
  • Мамлекеттик отун-энергетика комплексин жөнгө салуу агенттиги;
  • Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы;
  • Ветеринардык жана фитосанитардык инспекция;
  • Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция;
  • Финансы министрлигинин алдындагы баалуу металлдар боюнча департамент;
  • Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти;
  • Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти;
  • Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы этил спиртин, алкоголдук жана курамында спирти бар продукцияны өндүрүү жана сатууну көзөмөлдөө башкармалыгы.
Дагы: https://sputnik.kg/society/20181218/1042497952/biznesmen-teksheruu-ministr-toktom.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно