Өткөн жылы "Кыргыз темир жол" ишканасы аркылуу 7,4 млн. тонна жүк ташылгандыгын аталган ишкананын маалымат кызматынан кабарлап, бул жакшы көрсөткүч деп билдирди.
Маалыматта 2017-жылга салыштырмалуу жүк ташуу боюнча өсүү темпи 283,1 миң тоннага көп болгону айтылды.
Жылдын жыйынтыгында "Кыргыз темир жол" ишканасында жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу өсүп, туруктуу ишмердүүлүк болгону кабарланды.
2018-жылы жүк ташуу төмөнкү иштерден улам көбөйгөн дешти.
— көмүр ташуу 160 пайызга;
— мунай заттарын ташуу 10 эсеге (жылына 6 миңден 75 миң тоннага чейин);
— курулуш жүктөрүн ташуу төрт эсеге;
— күлбото ташуу 3 эсеге көбөйгөн.
Маалыматта "Кыргыз темир жолдун" ишин жакшыртып, ташыла турган кошумча жүктөрдүн көлөмүн арттыруу максатында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда кызматташуу түптөлгөнү айтылды.
Эске салсак, эки өлкөнүн ишканаларынын ортосунда жүк ташууларды көбөйтүү үчүн 2018-жылдын 24-декабрында Ташкент шаарында протоколго кол коюлган.
Анткен менен мындан бир нече күн мурда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы сыяктуу стратегиялык объектинин азыркыдай абалда калышына жол берилбеши керектигин айткан. Ал эми жакында өкмөткө 2019-2025-жылдарга карата темир жол транспортун өнүктүрүү концепциясынын долбоору сунушталды.
Өкмөт башчы Абылгазиев темир жол транспортун өнүктүрүү боюнча биринчи кезекте, "Кыргыз темир жолу" УК" мамлекеттик ишканасын акционерлештирүүгө тийиштүү чараларды тездетүүнү тапшырган.