Бүгүн:

Акыркы кабарлар

15:49
Жеңиш чокусунан учуп түшкөн россиялык альпинист каза тапты
15:47
Атамбаевди кармоо. Башаламандыктан борбор калаа 2 млн. сомго чыгым болду
11:51
Кадамжайда 44 килограммдан ашык героинди кантип кармашты? Сүрөт
12:54
Ат-Башыда Курман айт майрамына карата жакыр үй-бүлөлөргө жардам берилди
11:41
Атамбаевдин үйүнө бараткан аскерлердин жоон тобу. Кой-Таштагы сүрөттөр Алмазбек Атамбаевди кармап кетишти
10:35
Милиция Атамбаевдин үйүнө чейинки жолду ачты
10:28
Алмазбек Атамбаев бийлик менен элге кайрылуу жасады
09:55
Президент Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт
09:51
Курсан Асанов Атамбаевдин тарапташтары менен сүйлөшүп жатат
09:27
Бишкек шаарында абал тынч
13:08
Солтон-Сарыдагы кытай компаниясы ишин убактылуу токтотту
12:53
Солтон-Сарыдагы чыр: нааразы болгон эл жол тосууга камынып жатат
12:44
Солтон-Сары: кытай компаниясы жумушчулары менен техникасын кенден чыгарып кетти
12:58
Бишкектин эки жаңы конушу борбордук канализацияга кошулууда
11:31
Ат-Башыда түндө жер титиреди
10:52
УКМК издеген Шаикова эмнеси менен белгилүү. Кызыктуу 7 факты
17:03
Абактагы наркобарон кызга айланып... Кылмышкердин кармалгандагы видеосу
16:18
Дордойдогу кампадан кечээ чыккан өрт өчүрүлө элек
13:39
Москвадагы кыргыз мигранттары 43 күн жоголгон таиланддык кишини таап беришти.
13:19
Өкмөт Казакстанда мертинген мекендештердин сөөгүн алып келүүгө жардам берет
17:19
Колу байланып, керебетке таңылган кыздын тагдыры эмне болду? Окуянын чоо-жайы
17:15
Жээнбеков Путинге Россиядагы кыргызстандыктарды колдогону үчүн ыраазы болду
17:04
Жээнбеков мигранттарга берилчү "Мекен карттын" артыкчылыгын айтты
10:06
Бишкектин депутаттары "Газпромдун" мектебин коомдук фондго өткөрүп беришти
10:05
Токой чарба агенттигинин директору Рустамов пара алып жатып кармалды
14:23
Эсеп палатасынын инспектору кармалды. Айыбы эмнеде?
11:07
Адамзат кайра калыбына келчү бир жылдык ресурстарды түгөтүп бүттү
15:37
Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Кыргызстанга келди
10:27
"Беш күндөн бери дайынсыз". Кыргыз-тажик чек арасындагы айылдыктар нааразылыкка чыкты
12:39
Тоо койнундагы Көл-Төрдүн асмандан тартылган сүрөттөрү
11:37
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев суракка чакырылды
11:36
Алмазбек Атамбаев суракка барар-барбасын айтты
10:49
Унутулган рюкзак полицияны убара кылып, элди дүрбөттү. Казакстандагы окуя
10:47
Кыргызстанда жаңы мамлекеттик ишканалар түзүлдү. Милдеттери
09:33
Бишкектин чок ортосунда тез татым жайы күйүп кетти. Сүрөт, видео
09:31
Жалгыз уулу эле... Кырсык тооруган Абдылдаевдин үй-бүлөсүнүн таржымалы
13:03
Нарында суу жээктерине эскертүү такталары орнотулду
10:20
Төрага Жумабеков Атамбаевге өзү жазган ыр менен жооп берди. Видео
10:10
Екатеринбургдан чыгып кайра шашылыш конгон учак “Кант” базасына келе жаткан
14:24
Жээнбеков: кутулуп кетем деп ойлобогула, тынчтык бербейм!
10:48
Ысык-Көлгө жай бою төрт шаардан учак каттайт
10:44
Нарын шаарынын борборундагы тротуарлар оңдолууда. Сүрөттөр
15:34
Милиция бөлүмүнөн качып кеткен киши "Ош" базарынан кармалды
15:14
Сүрөттөн чыккан ызы-чуу: казак бийлиги чатактын чоо-жайын айтты
14:56
Тажикстандагы жер титирөөнүн эпкини Кыргызстанга да тийди
Бардык кабарлар

Куну түшкөн рубль менен теңге сомду да ала жатабы? Улуттук валютанын абалы

Экономика
29
0

Казак валютасы үч күн мурун көңүл чөгөргөн чекке жеткен. Фондулук биржада бир доллар 385,1 теңгеге бааланган курс катталып, бир аздан кийин абал жакшырган.

Негизи эле июлдун акыркы күндөрү казак валютасы долларга карата алты теңгеге көтөрүлгөнү казак биржасынын сайтында айтылат. Эксперттер буга дүйнөлүк нефть менен девальвацияга болгон дүйнөлүк баа себеп экенин божомолдошууда.

Ал эми Россиянын валютасы 32 тыйынга кымбаттап, бир доллар 63,38 рублга бааланууда. Бул өлкөнүн Борбордук банкынын маалыматы.

 

Кыргызстан агенттиги өлкөдөгү абалга саресеп салып, Казакстан менен Россиядагы кырдаал жергиликтүү рынокто долларды кымбаттатып ийбейби деген суроого жооп издеди. Айта кетчү жагдай, Улуттук банк курс эркин экенин, ал суроо менен сунуштун негизинде түзүлөрүн айтып, божомол берүүдөн баш тартып келет.

Сом да арзандады

Улуттук банктын расмий маалыматы боюнча, доллар 26 тыйынга кымбаттап, 69,75 сомдон сатылууда. Акча алмаштыруу жайлар ассоциациясынын төрагасы Чыңгыз Бийлибаев бул доллар күчтөндү дегенди түшүндүрбөй турганын, болгону мурунку абалына кайтып келгенин айтып берди.

"Июндун соңунда доллардын куну кескин түшүп кеткен, бир аз убакыттан кийин кайра көтөрүлдү. Башкача айтканда, өз позициясына келди", — деди Бийлибаев.

Белгилей кетсек, Улуттук банктын маалыматына ылайык, июндун орто ченинде АКШ валютасынын наркы 69,85 сом болчу (учурда 10 тыйынга аз).

Улуттук валюта кымбаттайт

Экономика илимдеринин доктору Гурас Жапаров сом мындан ары да алсыздана берерин белгиледи.

"Доллар 70 сомдон ашып, психологиялык чектен өтүп кетпесин деп азыр сомду "кармап" турушат. Анын реалдуу баасы 75 сомго чейин жетиши мүмкүн. Доллар бир азга кымбаттайт, болжол менен 7-10 пайызга өсүшү ыктымал", — деди экономист.

Мындай абалга долларга болгон суроо-талаптын өсүшү себеп болот. Анткени мамлекет менен бизнес күзүндө ар кыл товарларды, негизинен көмүр менен күйүүчү майларды, чет элдик валюта менен сатып алат. Эксперт валюта курсуна башка да факторлор, АКШнын Федералдык резервдик системанын (Улуттук банктын милдетин аткарат) да таасири боло турганын кошумчалады.

Анча-мынча кымбатташы мүмкүн

Бийлибаевдин пикиринде сомдун курсу мурункудай эле калып, ашып кетсе доллар 70 сомго барат.

"Тынчсызданууга негиз жок, 10-20 тыйындын нары-бери болушу кадыресе көрүнүш. Улуттук банк долларга суроо-талап күчөгөндө дайым интервенция жасап, улуттук валютанын кунун кармап калды. Ошондуктан доллардын баасы жогорулаган жок, эми деле ушундай болот деп ойлойм. Өзгөрүүлөргө негиз да жок", — деди ассоциация жетекчиси.

Эксперт июнда доллар мындан да кымбат болгонун эске салды.

"Теңге менен рубль арзандады, сом, тескерисинче, бекемделди. Муну доллардын наркы түштү дейбиз", — деди Бийлибаев.

Доллардын баасы өспөйт

Улуттук банк төрагасынын мурунку орун басары Каныш Шаршекеева доллар кымбаттабайт деген пикирде.

"Тажрыйбама таянсам, жайкы сезондо секириктер болот, бирок бул сезондук көрүнүш. Улуттук банк абалга дыкат көз салып турат да, керек учурда интервенция жасайт", — деди ал.

Шаршекеева доллар туристтерден көп келерин, ал эми быйылкы сезон абдан эле жемиштүү болгонун да эске салды.

Дагы: https://sputnik.kg/economy/20190802/1045268043/rubl-menen-te-ge-somdu-ala-zhataby.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно