Кыргыз өкмөтү иштеп чыккан экинчи антикризистик пландын алкагында салык жана социалдык төлөмдөн карызы барларга жеңилдик берилет. Бул тууралуу вице-премьер Эркин Асрандиев парламентте билдирди.
Анын айтымында, учурда салыктык карыздар 3,6 миллиард сом, ал эми социалдык төлөмдөр боюнча карыз 1 миллиард сомду түзөт.
Дагы: https://sputnik.kg/economy/20200514/1048292698/salyk-karyz-tolom-tuum-alynbayt.html
Жаңы эрежеге ылайык, аталган карыздар ушул жылдын аягына чейин төлөнсө толугу менен айып пулдан бошотулат. Башкача айтканда, өз убагында төлөбөгөнү үчүн туум алынбайт. Эгер кийинки жылдын 1-июлуна чейин узарып кетсе, туумдун 50 пайызы кошулат.