Бүгүн:

Акыркы кабарлар

12:52
КРде кырдаал эң начар сценарий менен өнүгүп жатат. Министрлик COVID тууралуу
10:19
№1 шаардык оорукананын медигинин кайрылуусу боюнча башкы дарыгер текшерилет
10:18
Саламаттык сактоо министри менен орун басарынын абалы айтылды
13:38
Кыргызстанда дыйкандар быйыл эмне өстүрүү менен алек.
13:37
ЖК депутаттары 200 миң сом өлчөмүндө эмгек өргүү акчасын алганбы? Түшүндүрмө
13:33
COVID: муфтият бейтаптар үчүн 1500гө жакын орун даярдады
13:07
Жамгыр, добул жана кар жаайт. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты
13:05
600 орундуу “Гансиде” 5 эле кычкылтек концентратору барбы? Министрликтин жообу
13:01
Жээнбеков Бишкектеги күндүзгү стационарга барып, медиктерге жолукту.
12:57
Кесиптик орто окуу жайларга онлайн тапшыруунун жол-жобосу айтылды
12:55
Пандемия университетте окууга бөгөт эмес. Билимдин изи менен Россияга карай
12:53
Элге акысыз кеңеш берген психологдордун борбору түзүлдү. Телефон номерлери
16:13
Учурдун талабы! Боронов эмгек өргүүдөгү дарыгерлерден ишке чыгуусун өтүндү
16:05
Кыргызстанга дагы 200 мобилдик кычкылтек концентратору алып келинди
15:44
Облустар ооруну ооздуктоого кандай даярдык көрүүдө. Ачылган стационарлар
16:18
Боронов: коронавирустун жайылышын токтотуучу бир гана жол бар
16:17
Силерсиз ооруну жеңе албайбыз! Боронов медициналык билими барларды ишке чакырды
16:15
"Унаа" ишканасынын аймактагы бөлүмдөрү карантинге жабылды
16:05
Жээнбеков бир нече судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотту
16:02
Екатеринбургдан кайткан мекендештер менен чогуу медиктер да келди.
15:56
25 жыл "аралыктан" иштеген киши кантип өзгөрөт. Ойго салган сүрөт
15:34
Соль-Илецкиден жол тарткан мекендештердин экинчи тобу келди
15:33
Бишкекте ишкерлер менен ЖК депутаттары 5 күндүзгү стационар ачат
15:32
Кыйын кырдаалдан кантип чыгабыз? Жээнбеков берген тапшырмалардын тизмеси
15:29
ӨКМ обсервациядагылар кандай тамактанып жатканын көрсөттү.
14:19
Жээнбеков өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча пикирин айтты
14:18
Жээнбеков облустар аралык каттамды токтотууну сунуштады
14:15
Соль-Илецкиден 963 кыргызстандык Бишкекке алып келинди, дагы 12 автобус жолдо
14:04
"Ганси" базасында реанимациялык блок ачылды
14:04
Россиядан келген кыргыз дарыгерлери кайсы ооруканада иштей турганы айтылды
14:03
Түркиядан дагы 1 000 кычкылтек концентратору алып келинди
11:06
Бишкектеги ооруканада дарыгердин 12 метрлик сүрөтү тартылууда. Көрүнүшү
11:01
Жардам бергиле! Сабырбек Жумабеков олигархтарга кайрылды
10:51
Президент Жээнбеков кимдерди "эл душманы" деп атаарын айтты
15:26
Пандемияда кымбаттаган дарылар: чыга элек токтом, алакан жайган аптека ээси
15:17
Росавиация 1-августка чейин эл аралык каттамдарга тыюу салды
15:16
Новосибирскиден 186 кыргызстандык атайын каттам менен алып келинди
12:49
Билим берүү министрлиги 1-сентябрга кандай даярдык менен барарын айтты
11:54
Бишкекке Бангладештен 103 кыргызстандык жана коңшу өлкөнүн жарандары келди
11:48
Бишкекке Түркиядан 232 кыргызстандык кайтып келди. Арасында балдар бар
15:09
Бишкектин Октябрь районунун акими Ситников кызматынан бошотулду
14:28
Кыргызстанда РФ Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүүгө добуш берүү кандай өттү
11:28
"Гансиде" пневмония болгондорду кабыл алуу үчүн 600 орун даярдалды.
11:20
Мэр Суракматов: рейддин санын көбөйтүп, айып пулду эскертпестен салабыз!
11:19
Мэр Азиз Суракматов COVID-19дан айыгып, ишке чыкты
Бардык кабарлар

Алтын рудасын ташыгандарга салыкты көбөйтүү сунушталды. Каршы чыккан депутаттар

Экономика
5
0

Алтын кошулмалары бар концентраттарды сыртка ташып кетип жаткан ишканалардын киреше салыгын жогорулатуу боюнча мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.

Акылбек Жапаров. Архивное фото

Мыйзам долбоорунда кен казуучу жана иштетүүчү компаниялардын алтын камтылган кендерден жана концентраттардан түшкөн киреше салыгын 7 пайызга, 2023-жылдан тартып 10 пайызга көбөйтүү белгиленди. Учурда киреше салыгынын чеги 11 пайыз, эгер сунушталган мыйзам күчүнө кирсе, 18 пайызы мамлекетке түшөт. 

Депутат Улан Примов

Мындан сырткары, алтын, күмүш, платина жана металл камтылган кендер жана концентраттары үчүн роялтинин 5 пайыздык бирдиктүү чеги белгиленди.

Экономика министринин орун басары Элдар Алишеров мындай салыктарды киргизүү менен концентрат жана рудаларды ташып кеткен компанияларга алтын ылгоочу фабрикаларды курууга стимул болорун айтты.

Заместитель министра экономики КР Эльдар Алишеров на рассмотрении закона в Жогоку Кенеше. 30 октября 2018 год
© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА ЖК
Экономика министринин орун басары Элдар Алишеров
"Алтын казгандар бул салыкты төлөгүсү келбесе, алтынды ушул жактан ылгап чыгарып, анан сатышы керек да. Бул салыктар 7 пайызга көтөрүлсө, жылына бюджетке кошумча дагы 680 миллион сомдун тегерегинде акча түшөт”, — деди Алишеров. 

Талкуу учурунда депутат Замирбек Эсенаманов бир жылда 83 миң тонна алтын кошулмалары бар концентрат  өлкөдөн чыгарылганын айтты.

Депутат Арапбаев Азамат

Эл өкүлдөрү Азамат Арапбаев, Улан Примов (эки жолудан микрофон алды) жана Акылбек Жапаров бул мыйзамга каршы чыкты. Алардын айтымында, алтын казган компаниялар бул салыкты төлөй албай жабылып калышы мүмкүн. Анын кесепетинен жүздөгөн адам жумушсуз калып бюджетке залакасы тиет. Мындан улам мыйзамды артка чакыртып алып, сентябрда кайра парламенттин кароосуна киргизүүнү жана пайыздык чекти үч пайызга түшүрүүнү сунушташты. Андан кийин салыкты этап-этабы менен жогорулатуу керектигин белгилешти.

Ал эми Айнуру Алтыбаева 30 жылдан бери өлкөнүн байлыгы көзөмөлдөнбөй, алтын тонналап ташылып жатканын белгиледи. Эгер 7 пайыздык киреше салыгы киргизилбесе, алтын ылгоочу фабрикалар курулбай турганын айтты. Ал эми 3 пайыздан баштап этап-этабы менен жогорулатканга чейин болгон алтынды ташып чыгып кетерин кошумчалады.

Депутат от фракции СДПК Айнуру Алтыбаева на первом заседании ЖК. Архивное фото
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Депутат Айнуру Алтыбаева

Аны менен катар депутат Эрмамат Тагаев дүйнөдө алтын казуудан түшкөн каражаттын 60 пайызы чыгашага кетсе пайдалуу тармак деп саналарын айтып, Кыргызстанда чыгаша 40 пайыз экенин белгиледи. Мындан улам 7 пайыздык чекти 10 пайызга көтөрсө да туура болорун кошумчалады.

Присяга депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики Эрмамата Тагаева от фракции Бир Бол
© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА ЖОГОРКУ КЕНЕША
Депутат Эрмамат Тагаев

Тагаевдин пикирин колдогон депутат Айсулуу Мамашова алтын өндүргөн компанияларга киреше ашыгы менен түшүп жатканын билдирди.

Депутат Айсулуу Мамашова на заседании Жогорку Кенеша. 12 мая 2020 года
© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА ЖК
Депутат Айсулуу Мамашова
"Башка компаниялар өндүрүлгөн товардан 5-10 пайыз пайда көрсө, алардын кирешеси жок дегенде 60 пайызды түзөт. Ошондуктан алтын казган компаниялар Кыргызстандан кетпейт. Сөзсүз фабрикаларды курушат. Алар жабылып калбайт”, — деди Мамашова.

Ал эми Жанар Акаев өлкөдө кен иштетүү жана чалгындоо ишине 2 400дөн ашуун лицензия алынганын айтты. 

Депутат ЖК Жанар Акаев на заседании
© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА ЖК
Депутат Жанар Акаев
"Лицензиялар четөлкөлүк компанияларга берилген. Чаткал районунда эле 100дөн ашуун лицензия алынган. Бирок райондун акыбалын караңыз. Убагында Жер-Үй сыяктуу алтын кендерге болгону 300 сомго лицензия сатып алышкан. Эгер компаниялар жабылып калса, жоопкерчиликти өкмөт менен мыйзамды колдогон депутаттар алабыз”, — деди Акаев. 

Аягында экономика министринин орун басары Элдар Алишеров мындай салык оор келсе төлөбөй коюунун үч жолу бар экенин белгиледи.

 

"Мындай салык киргизилсе кирешенин 50 пайызы мамлекетке, 50 пайызы ишкердин өзүнө түшөт. Буга чейин мамлекет 40 пайызын алып келген. Болбосо үч варианты бар. Биринчиси — бизге келип Туруктуулук режими боюнча келишим түзсүн. Анда ал компанияга 10 жылга чейин салыктык өзгөрүүлөр таасир этпейт. Экинчиси — чет өлкөдөн ылгап, таза алтынды кайра Кыргызстанга алып келсин. Үчүнчүсү — Кыргызстанда алтын ылгоочу фабрика курсун. Эгер ишкер эч нерсе кылбай алтын ташып кеткиси келсе, салыктарды төлөсүн. Ансыз деле буга чейин болбогон акча төлөп келишти”,  — деди министрдин орун басары.

 

Мыйзам долбоорун Экономика  министрлиги демилгелеген. Бүгүн парламентте үчүнчү окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди.

Белгилей кетсек, аталган мыйзамга каршы чыккан депутат Азамат Арапбаев 12 кендин лицензиясына ээлик кылат. Ал эми Улан Примовдун атасы Бердибай Примовдун ишканалары 11 лицензия алган.



Дагы: https://sputnik.kg/economy/20200625/1048798814/altyn-kazuu-kireshe-salygy-toloo.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно