Өткөн жылдын он айында Кыргызстан 223 миң 148,9 тонна баалуу металл рудасын жана концентраттарын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Болжол менен алардын бардыгы 11,7 миллиард сом же 154 миллион доллардан ашыгыраак суммага бааланууда.
Рудалар менен концентраттар кайсы өлкөлөргө чыгарылган?
- Германия — 0,2 (тонна менен);
- Казакстан — 209,9 миң;
- Канада — 0,1 миң;
- Кытай — 9,8 миң;
- Түркия — 3,5 миң;
Өткө жылдын январь-октябрь айларында 125 миллион доллардан ашык суммага бааланган 171,5 миң тонна руда жана концентрат экспорттолгон.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда ноябрь айынан баштап алтын кошулмалары бар концентраттарды сыртка ташыган кен казуучу жана иштетүүчү компаниялардын киреше салыгы көбөйтүлгөн.
Дагы: https://sputnik.kg/economy/20210105/1050994861/kyrgyzstanda-baalu-metaldardyn-rudalaryn-eksporttoo-koboydu.html