Түркмөнстандын өкүлдөрү кыргызстандык бизнес менен жалпы суммасы 3 млн доллардан ашык ар түрдүү товарларды жеткирүү боюнча 6дан ашык келишимге кол коюшту.
Кол коюу Кыргызстан өнөр жайчылар жана ишкерлер союзу менен Түркмөнстандын өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун ортосундагы кызматташтыктын алкагында өттү.
Белгилей кетсек, андан тышкары, бүгүнкү «Европа Биримдиги менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бизнес өнөктөштүгү» бизнес-форумунун алкагында энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, билим берүү тармагындагы долбоорлорду илгерилетүү, электрондук чечимдер, суу ресурстарын өнүктүрүү сыяктуу багыттар боюнча макулдашуулар болду.
Жыйынтыгында кыргыз бизнесинин өкүлдөрү менен Венгриянын, Австриянын бизнес чөйрөсүнүн, ошондой эле Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда 6 келишимге кол коюлду.
Иш-чарага Евробиримдик тараптан 60ка жакын өкүл катышууда. Ошол эле учурда эң көп ишкерлер Австрия жана Венгриядан (ар биринен 15тен өкүл) келишкен. Ошондой эле чоң делегация Германиядан (10) келген ишкерлерден турат.