Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду кыргызстандык ишкерлерге насыя түрүндө 413 миллион доллар берди. Бул тууралуу фонддун сайтында жазылган.
Маалыматка ылайык, фонддон жалпы 3 157 насыя берилген. Алар тармактар боюнча бөлүштүрүлгөн (1-февралга карата маалыматтар). Насыянын 35 пайызы өндүрүш тармагындагы бизнес-долбоорлорго, 24 пайызы агро өнөр жай комплексине жана 13 пайызы инфраструктураны өнүктүрүүгө бөлүнгөн.
Аталган фонд 2014-жылдын аягында, Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу менен өлкөнүн экономикасын модернизациялоо максатында түзүлгөн. Уставдык капиталы 500 миллион долларга жетет.
https://sputnik.kg/20220320/rossiya-kyrgyz-onukturuu-fondu-nasyya-1062987217.html