Улуттук банк өзү тарабынан жарыяланган чет элдик валюталардын расмий курсу менен банктарда жана акча алмаштыруучу жайлардагы валюта курстарынын ортосундагы айырмачылыктар боюнча түшүндүрмө берди.
Биринчиден, чет элдик валютанын расмий курстары банктар аралык рынокто жүргүзүлгөн валюта аукциондорунун негизинде эсепке алуу жана эсептешүү максатында Улуттук банк тарабынан аныкталат жана кийинки календардык күндөн тартып күчүнө кирет.
«АКШ долларынын рыноктук курсу калктын жана ар кандай бизнес-коомчулуктардын нак чет өлкө валютасына болгон учурдагы суроо-талаптын жана сунушунун негизинде белгиленет», – дейт жөнгө салуучу.
Экинчиден, КРнын мыйзамдарына ылайык, спот-алмашуу жана башка рыноктук алмашуу курстары сатуучу менен сатып алуучунун ортосунда эркин аныкталат. Башкача айтканда, накталай акча рыногунда, ошондой эле банктар аралык валюта рыногунда курстар чет элдик валютага суроо-талаптын жана сунуштун негизинде белгиленет.
Үчүнчүдөн, расмий жана рыноктук курстун ортосундагы айырма дүйнөлүк практика болуп саналат жана эреже катары, эч кандай конкреттүү айырмачылыкка жол берүү түшүнүгү жок. Бул айырма рыноктун ликвиддүүлүгүнүн даражасына, чет элдик валютага суроо-талаптын жана сунуштун тең салмактуулугуна жараша болот жана белгилүү бир кезде өйдө да, ылдый да өзгөрүшү мүмкүн.
Кошумча маалымат
АКШ долларынын сомго карата расмий курсу Улуттук банктын автоматташтырылган соода системасы аркылуу банктар аралык валюта рыногунда саат 15:00гө чейинки мезгилде түзүлгөн АКШ долларын сатып алуу жана сатуу операцияларынын орточо салмактанып алынган курсу менен аныкталат.
https://economist.kg/kyrgyzcha/2022/04/22/emne-ch-n-uluttuk-bank-menen-akcha-almashtyruuchu-zhajlarda-dollardyn-kursu-ajyrmalanyp-turat-regulyatordun-zhoobu/