2022-жылы Кумтөр кенинен 17.5 тонна алтын өндүрүү пландалууда. Кийинки жылдары кенде алтын өндүрүүнүн көлөмү өсөт. Бул тууралуу «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» холдингинин жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк «Ала-Тоо 24» телеканалына берген маегинде айтты.
Анын айтымында, 106 тонна баалуу металл жайгашкан калдык сактоочу жайдан алтын алуу мүмкүнчүлүгү каралып жатат.
«Андан 60-65 тонна алтын чыгара алабыз. 2024-жылы жер астынан алтын казып баштасак, бул эң аз дегенде 3-4 тонна берет. Жалпысынан калдык сактоочу жайлардан алтынды алуу жана жер астынан казып алуу менен бирге жылына 24-25 тоннага чейин алтын өндүрөбүз», – деди Бөлтүрүк.
«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» холдингинин жетекчиси кен Кыргызстанга өткөндөн бери канча алтын казылып алынганын, алтын кимге жана кандай баада сатылып жатканын ачыктаган жок. Маекти алып барган журналист да бул суроолорду берген эмес.
https://economist.kg/kyrgyzcha/2022/05/18/tengiz-b-lt-r-k-2022-zhyly-kumt-rd-n-17-5-tonna-altyn-nd-r-n-plandap-zhatkanyn-ajtty/