Президент Садыр Жапаровдун гардеробу 1000 евро турган дагы бир күрмө менен толукталды. Factcheck.kg-нин журналисттери кечээ, 27-июнда, Солтон-Сары кенине барган мамлекет башчынын кийген кийимин изилдеп көрүп, ушундай жыйынтыкка келишкен.
Мамлекет башчысынын күрмөсүн карап чыккан журналисттер италиялык MOORER брендинин этикеткасын байкашкан. MOORER сайтында ошол эле куртканы 1020 евро же Улуттук банктын курсу боюнча 85.8 миң сомго табышкан.
Продукциянын сүрөттөмөсүндө бул каздын жүнү менен тигилген Acqua линиясындагы пальто-бушлат (узундугу 72 см) экени айтылат.
Ошондой эле Жапаров май айында баасы 1000 евродон бир аз ашкан замша жана меринос жүнүнөн жасалган куртка кийип жүргөнүн Factcheck.kg эске салат. Кошумчалай кетсек, март айында Желек күнүн белгилөө учурунда өлкө башчысы 4 миң долларга жибек жана кашемирден тигилген пальто менен жамгырда калган.
Кошумчалай кетсек, Жапаров 2021-жылдын күзүндө базардагы сатуучулар менен жолугушууга 6 миң доллардык куртка кийип барган. Интернетте президенттин жана аны коштогондордун 105 миң сомдон ашык баадагы лыжа кийимдери да талкууланган эле. Ал эми 2020-жылдын октябрынын аягында социалдык тармактын колдонуучулары Жапаров баасы 3000 доллар Kiton фирмасынын жилетин кийип жүргөнүн байкашкан. Ал анда президенттин милдетин аткаруучу болчу.