Быйыл Кумтөрдүн канча алтыны сатылып, бюджетке канча акча түшкөнү айтылды
Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында (январь-март) Кумтөр кенинен 2 тонна 504 килограмм (80 511 унция) алтын өндүрүлдү. Бул туурасында "Кумтөр голд компани" (КГК) ишканасы билдирди.