DataLife Engine > Экономика > Кыргызстан дагы 11 өлкөнүн жарандарына виза алууну жеңилдетти

Кыргызстан дагы 11 өлкөнүн жарандарына виза алууну жеңилдетти

Алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген меймандардын Кыргызстанга кирүүcүн жеңилдетүүгө, ошондой эле инвестициялык, ишкерлик жана туризм тармактарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарт түзүү максатында айрым мамлекеттердин жарандарына виза берүү жеңилдетилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Алжир, Бангладеш, Египет, Индия, Иордания, Ливан, Марокко, Непал, Пакистан, Тунис, Шри-Ланка мамлекетинин тургундарына виза берүүнүн шарты жеңилдеди. Алар эми бир айлык мөөнөткө чейин туристтик виза ала алат.

 

Жогоруда аты аталган өлкөлөрдүн жарандары Бириккен Араб Эмираттарынын, Кувейттин, Катардын, Бруней-Даруссалам мамлекетинин, Оман Султанатынын жана Бахрейн Королдугунун (жарандар аты аталган өлкөлөрдүн резидент-карталарына ээ болуулары керек) аймагында туруктуу жана мыйзамдуу жашоолору тийиш.

Кыргызстан Жакынкы Чыгыштын өнүккөн араб өлкөлөрүнүн резидент-жарандары үчүн жеңилдетилген виза режимин киргизген аймактагы алгачкы өлкө болуп калды. Өкмөттүн токтому 2019-жылдын 11-августунда күчүнө кирет.

Дагы: https://sputnik.kg/economy/20190802/1045266026/kyrgyzstan-11-mamleket-viza-aluu-zhenildik.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад