DataLife Engine > Экономика > Былтыр Кыргызстанда 20 млрд. сомдук салык чогулбай калган

Былтыр Кыргызстанда 20 млрд. сомдук салык чогулбай калган

Былтыр мамлекеттик бюджетке киргизилген жеңилдиктерден улам 20 миллиард сомдук салык чогулбай калган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы "2020-2022-жылдарга карата салык чогултуу" долбоорун сунуштап жатканда белгилүү болду.

Маалымат 2020-жылга карата республикалык бюджеттин жана 2021-2022-жылга карата божомолу боюнча долбоорду коомдук угууга алып чыкканда айтылган.

"Бюджеттин киреше бөлүгүн аткарууга салык боюнча берилген жеңилдиктер терс таасирин тийгизет. Мындан улам 2018-жылы мамлекеттик бюджет 19 миллиард 813 миллион сомдук жоготууга учураган. Бул — ИДПнын 3,6 пайызы. 2017-жылга салыштырмалуу былтыр чогулбай калган салыктын өлчөмү 440 миллион сомго көбөйгөн", — дешти кызматтан.

Кайсы жеңилдиктерден улам акча түшпөй калган:

  • Айыл чарба продукциясын сатуудан түшкөн киреше салыгынан бошотуу — 5 миллиард 840 миллион сом;
  • сатуудан түшкөн салыктан бошотуу — 4 миллиард 542 миллион сом;
  • финансы кызматтарынын кошумча нарк салыгынан бошотулушу — 822 миллион сом;
  • дары-дармектердин кошумча нарк салыгынан бошотулушу — 305 миллион сом.
Дагы: https://sputnik.kg/economy/20190906/1045631376/kyrgyzstanda-20-mlrd-somduk-salyk-chogulbaj-kalgan.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад