DataLife Engine > Экономика > Импорттук товарлардын 80%ы контрабандалык жол менен киреби? Салык кызматынын жообу

Импорттук товарлардын 80%ы контрабандалык жол менен киреби? Салык кызматынын жообу

Салык кызматы депутат Эльвира Сурабалдиеванын импорттук товарлардын 80%ы контрабандалык жол менен келет деген сөзүн четке какты.

Импорттоочулар Кыргызстанга товарларды киргизүүдөн мурун «Жыйынды пост» системасы аркылуу онлайн коштомо кагазын түзүшөт дейт ведомство. Андан кийин импорттук жүк контролдун бир нече этаптарынан: чек ара көзөмөлүнөн, фитосанитардык жана ветеринардык кызматтар көзөмөлүнөн, салмак жана габариттик көзөмөл жана Мамлекеттик салык кызматынын көзөмөлүнөн өтөт.

Импорттук товарлардын ар бир өткөрүлүшү маалыматтык система тарабынан көзөмөлдөнөт. Мындан тышкары, жергиликтүү укук коргоо органдары тарабынан контрабандалык жүктөрдү ташып келүүгө жол бербөө боюнча такай көзөмөл чаралары жүргүзүлүп турат.

Мындан тышкары, «Коопсуз шаар» тутумуна байланган номурларды таануу функциясы бар видеобайкоо камералары бар. Андыктан эч бир унаа көрүнбөй өтүп кете албайт, баары жазылып калат. Ал системага ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды кире алышат, деп айтылат кызматтын билдирүүсүндө.

https://economist.kg/kyrgyzcha/2022/06/16/importtuk-tovarlardyn-80-y-kontrabandalyk-zhol-menen-kirebi-salyk-kyzmatynyn-zhoobu/
скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад