Достор же жакын туугандар акча сурап келгенде, бардыгы тез эле түшүнүксүз болуп кетиши мүмкүн. Эмне үчүн?
Ижара акысын убагында төлөй албай калган жакын тууганыӊызга акча берип жатканда болсун, же досуңуздун тутамдаган акчасын көрүп калганда болсун, жакын адамдарга карызга акча берүү - абдан ыңгайсыз болсо да, көпчүлүгүбүз кылып жүргөн нерсе.
Айрыкча, ошол адам үй ээсине акча берип куткарып кой деп бир нече ай бою жалдырап жүргөн болсо, же сиз кыйын абалдан чыгууга жардам бергенден кийин, алар карызын төлөгөнгө эч шашылбаса, бул маселе андан бетер актуалдуу болот.
Бирок андай деген менен, көптөгөн адамдар абалы оор болуп, акча абдан зарыл болгондо, досторуна жана жакын туугандарына кайрылышат. АКШнын Федералдык резервдик системасынын 2019-жылкы сурамжылоосу көрсөткөндөй, алар өзүндө жок 400 долларлык чыгашага туш болгондо, эң кеңири таралган экинчи ыкма досунан же жакын тууганынан карыз алуу болгон (биринчиси - кредиттик картадан акча алуу).
Ошентсе да, мамилеге акчаны аралаштыруу менен таӊ каларлык жагдай жаралары шексиз. Биз адатта, карызга акча берген адамдар менен жакын болобуз. Бирок эксперттердин айтымында, карыз берүү коомдогу акчаны талкуулоо боюнча тыюуларга карама-каршы келип, жакын, ишеничтүү мамиленин бузулушуна алып келет. Мында эки тарап тең уят, уялуу жана ачуулануу сыяктуу оор сезимдерди башынан өткөрүшү ыктымал.
Мындай кырдаалдан чыгуу кыйын болушу мүмкүн, бирок ачык сүйлөшүү жана бардыгын аныктап алуу менен досуңузга жардам берүүдөн улам пайда болуучу көптөгөн ыңгайсыздыктардан алыс боло аласыз.
Мамилелерди өзгөртүп жибериши мүмкүн
Пенсильванияда (АКШ) жашаган психолог жана финансылык терапевт Мэгги Бейкер мындай дейт: "Менин оюмча, акча - дагы эле көп адамдар үчүн чын дилинен сүйлөшө турган абдан талылуу тема. Адамдар акча жөнүндө көп кеп кылышы мүмкүн, бирок биз бири-бирибизден каржылык абалыбызды сурабайбыз", - дейт ал. "Акча - жабык тема жана канча акчаӊ бар, канчасы жок экени ачык айтылбайт".
Профессор Ж. Майкл Коллинз, Висконсин университетинин Финансылык коопсуздук борборунун директору (АКШ), акча сүйлөшүүгө тыюу салынган темага айланганын айтат. Бул тыюу мамилелерди татаалдаштырат жана оордотот.
"Эгер мен банкка барып, насыя алсам, алар аны кайра төлөй аларымды аныкташат. Анан мен келишимге кол коём, ал келишимде эгер мен төлөй албай калсам, анда эмне болору айтылат: алар менин айлыгымды алып коюшат, же унаамды алып кетишет. Тууганыбызга же досубузга карызга акча берсек, биз мунун эч бирин ала албайбыз", - дейт Коллинз. Келишимдин "бүдөмүктүгү", ошондой эле "кийинки иш-аракеттин же жоопкерчиликтин жоктугу адамдарды чындап эле кыжалат кылат".
"Эгер бирөөгө карызга акча берсеңиз, алар сизге карыздар болуп калат, анан алар муну мойнуна алса да, албаса да, күтүлбөгөн жерден сизде бийлик пайда болот"
Мындан тышкары, карызга акча берүү мамилелерди өзгөртөт. "Эгер бирөөгө карызга акча берсеңиз, алар сизге карыздар болуп калат, анан алар муну мойнуна алса да, албаса да, күтүлбөгөн жерден сизде бийлик пайда болот!, - дейт Бейкер.
Бул сиздин мамиледеги ролуңузду да бир аз өзгөртөт. «Сиз жөн эле дос же үй-бүлө мүчөсү эмессиз - күтүлбөгөн жерден сиз карыз адиси болуп каласыз", - дейт Брэд Клонтс, финансы психологу жана Небраскадагы (АКШ) Крейтон университетинин доценти.
Ошондой эле карыз берген кишинин алдында чоң белгисиздик турат: Анткени канчалык жакын болсоңуз да, сиз алардын акчага мамилеси кандай экенин билбешиңиз мүмкүн. Чынында, эксперттер көпчүлүк карыздардын кайтарылбай турганын айтышат; Бейкер "он учурдун тогузунда достор карызды кайтарбайт", - дейт.
Клонтс да буга макул. "Сиз акчаңызды кайра ала албасаңыз да 100% жакшы болушуңуз керек", - дейт ал. Көбүнчө, карыз сурап жаткан адам бардык башка эсептерин жана чыгашаларын сизден жогору коёт. Анан дагы, эгерде алар башкача укса деле, сизди абдан бай, андыктан акчаны кайтарып берсем да, бербесем да ага баары бир деп ойлошот.
"Адатта, алар сизден качышат, анан сиз таарына баштайсыз", - дейт Клонтс. «Сизди пайдаланып жатышкандай сезилет - бирөө сиздин акчаңызды же сизди сыйлабай жаткандай сезесиз.»
"Бул абдан маанилүү учур", - деп улантат ал. "Анткени аларга карызга акча берсеңиз, бул мамилени бузушу мүмкүн. А эгер сиз аларга карызга акча бербесеңиз, бул да мамилени бузушу мүмкүн - алар сизге чындап капа болушу ыктымал. Анткени кыйын учурда сиз жанында болгон жоксуз деп эсептеп калат".
Пландаштыруу эмне үчүн маанилүү?
Эксперттердин пикири боюнча, эгер сиз төлөмдүн так планы жок эле кырдаалга кирсеңиз, анда ал жагымсыз натыйжага алып келиши мүмкүн: "Бул – таарынычтын рецепти", - дейт Клонтс.
Албетте, кечки тамактын же суусундуктардын акчасын төлөп коюу кимдир бирөөгө белгилүү бир сумманы расмий түрдө карызга берүүдөн айырмаланат. Достордун досторду байкап калуусу – кадимки эле көрүнүш жана карыз берүүнүн мындай түрү көбүнчө эки ачакейлик менен коштолот – бул адамга же учурга жараша болот. Бирок эксперттердин айтымында, эгерде бул кадимки көнүмүш адатка айланып, досуңуз дайыма сизди төлөп коёт деп күтсө, досторуңузга карызга акча берүү көйгөйгө айланат. "Бул жерде сиз ачык айтышыңыз керек: "Мен бир жакка жан дилим менен барам, бирок бул жолу кечки тамактын акчасын төлөбөйм". "Сиз адамдар менен дал ушундай ачык мамиле түзүшүңүз керек", - дейт Коллинз.
Чоңураак карыз берүүдө "эң негизгиси – жакшылап ойлонуу", - дейт Бейкер – "жана өнөктөшүңүз, үй-бүлө мүчөлөрү же каржылык чечимдериңизди бөлүшкөн башка бирөө менен кеңешиңиз".
Коллинздин айтымы боюнча, сизде жазуу жүзүндөгү келишим жок болсо да, белгилүү бир мөөнөттөрү менен төлөм планын түзүү керек. "Эгерде сиз кимдир бирөөнүн ижара акысынын жарымы бар экенин байкап калсаңыз, мисалы, 500 доллар: "Мен билем, сен 15инде акча аласың, 17инде мага 500 долларды кайтарып бер. Же 250 долларлык эки төлөмгө бөлгүң келсе, мага 15инде 250 доллар жана 30унда 250 доллар бер деп айтыңыз. Так болуңуз", - дейт Коллинз.
Брэд Клонц: "Сиз акчаңызды кайра ала албасаңыз да 100% жакшы болушуңуз керек", - дейт.
Бейкер: "Бул кээ бир адамдарга катаал туюлушу мүмкүн, бирок мен аларды келишим түзүүгө мажбурламакмын", - дейт. Мүмкүн болушунча так болуңуз, ал тургай, банктагыдай көп болбосо да, үстөк коюу идеясын айтыңыз, анткени Бейкер айткандай, аларды "үй-бүлөлүк же достук" арзандатуусу менен байланыштыра аласыз. Эгер сиз чындап эле бул маселеден таптакыр качууну кааласаңыз, анда банкка кайрылган оң.
"Бул адамга жакшылап ойлонуп көрүүгө мүмкүнчүлүк бериңиз: ал сизден бул карызды сурагысы келеби?" - деп сурайт Бейкер, "же анын банкка барганы оңбу? Ал жерде эч кандай жеке мамиле жок жана эч нерсеге доо кетпейт".
Досуңуздун акчага байланыштуу көйгөйү мурунтан бар болсо, динамикага карабастан, андан оолак болуңуз. "Сиз бирөөнү каржылык жактан камсыз кылуудан сак болушуңуз керек", - дейт Клонтс. Анын айтымында, сиз каржылык жардамыңыздын иш жүзүндө аларга зыян келтиришин каалабайсыз, ал эми "каржылык башаламандык» менен «өнөкөткө айланган натуура каржылык башкарууда» дал ушундай болушу мүмкүн.
Баарына жараган эреже жок
Бирок андай деген менен эксперттер ар бир окуя өзүнчө экенин баса белгилешет, анткени биздин адамдар менен болгон мамилебиз, алардын жеке жагдайлары сыяктуу эле, абдан ар түрдүү. Сиз кайра алгыңыз келген көптөгөн карыздар акыры жүрүп көбүнчө белекке айланып калса да, транзакцияны белек катары кароо керек болгон жагдайлар болушу мүмкүн.
Мисалы, эгерде кимдир бирөө жалпысынан жоопкерчиликтүү болсо жана толук убакыттуу жумушу бар болсо, бирок ал күтүлбөгөн жерден кырсыкка кабылып (медициналык тез жардам, өрттөнүп кеткен үй же ушул сыяктуу нерселер), колдоого муктаж болсо, Бейкер: "Мен ага кайтарып берет деп күтпөй эле акча берет элем", - дейт.
Чындыгында, достор тобу, үй-бүлөлөр, кошуналар, диний топтор, кесиптештер жана башкалар сыяктуу биздин социалдык тармактардагы топтор оор күндөрдө көбүнчө жардамга келет. Коллинз: "Биз баарыбыз ушундай тармактарда жашайбыз", - дейт. Бирок "сиз муну иштей тургандай кылышыңыз керек жана баары эмнени күтсө болорун так билиши керек".
Эгер сиз эмнени күтөрүңүздү алдын ала билдирсеңиз (дегеле карызга акча бергиңиз келеби, бергиңиз келсе, акчаны кайтарып алгыңыз келеби жана аны качан алууну каалайсыз), анда мамилеңизди бузбай туруп муктаж болгон досуңузга жардам бере аласыз.