Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

ПОМИДОРДУН ПАЙДАСЫ

Здоровье
19 777
0

ПОМИДОРДУН ПАЙДАСЫПомидор дүйнөдө картошкадан кийинки эле кеңири тараган жашылча. Аны ар бирибиз билебиз, күн сайын колдонобуз. Бирок анын организмге тийгизген зор пайдасын биле бербейбиз…

 

Помидордун курамы

Витаминдер

Курамындагы С витамининин көлөмү боюнча помидор цитрус жемиштерине жакындап калат

Органикалык кислоталар

Алма, лимон, янтарь кычкылы бар

Темир

Кан тамырлардын бекем болушуна жардам берет

Калий

Булчуңдардын, анын ичинде жүрөк булчуңунун ишине оң таасир этет

Магний

Холестериндин деңгээлин азайтат, бөйрөктө таштын пайда болушунун алдын алат

Кальций

Тиштер жана сөөктөр үчүн пайдалуу

Каротин

Курамындагы каротиндин эсеби боюнча помидор сабизге гана жол бошотот

Кант

Глюкоза жана фруктоза

Ликопен

Организмдин клеткаларын коргойт жана рактын пайда болуу коркунучун жоёт

 

Помидордун пайда болуу тарыхы

Помидордун мекени болуп Эквадор эсептелинет. Ал жакта помидор такай жашыл болуп турган көп жылдык өсүмдүк катары өстүрүлөт. Ал эми «помидор» деген аталышты бул маданий өсүмдүккө индеецтер беришкен. Өз учурунда алар муну «помидорль» деп аташкан. А француздар «помдамур» деп аташкан,которгондо бул «сүйүүнүн алмасы» дегенди билдирет. Америка ачылгандан кийин Европага келип түшкөн бул жашылча мындай романтикалуу аталышына карабай алгач жөн гана өсүмдүк катары өстүрүлгөн. Анын мөмөсү желген эмес, уулуу болуп эсептелинген. Атүгүл айрымдар өздөрүнүн душмандарын помидор менен ууландырууга аракет жасашкан.

1800 - жылдардын башында Россияда помидорду жашылча катары айдай башташкан. Элди буга көндүрүүгө болсо окумуштуу агроном Андрей Тимофеевич Болотов көп күч жумшаган. Мына ушул окумуштуунун арты менен азыр помидор Россияда, бизде эң популярдуу жашылчалардын бири болуп калды.

 

Помидордун сорттору

«Бука жүрөк» - салат жасоого аябай ылайыктуу. Анткени өтө эттүү жана ширелүү. Сырткы көрүнүшү бир караганда жүрөктүн формасын элестетет.

«Айымдын манжалары» - бул сор­ту да сырткы көрүнүшүнөн улам аталып калган. Анткени ал узун-узун болуп, бирөөсү 60-80 грамм чыгат. «Бука жүрөккө» салыштырмалуу ширелүү эмес.

«Ак помидор» - кожойкелердин күнүмдүк турмушта эң көп колдонгон помидору . Ширелүү, даамдуу, жеңил тамак, салаттар үчүн эң жакшы.

«Невалык» - башкалардан түсү менен айырмаланат. Бышкан мөмөсү ток сары-кызыл түскө ээ болот. Жыпар жыттуу жана даамдуу.

«Черри» - майда помидорлор. Салаттарды кооздоого өтө ылайыктуу. Көбүнчө бүтүн бойдон колдонулат.

«Күлгүн бал» - күлгүн түскө ээ болгон бул помидор эң даамдуу помидорлордун бири. Эттүү, көлөмдүү, жыпар жыттуу болот.

 

Помидор дары катарында

Ашказан жана боор ооруларында

Ашказан жарасын дарылоодо жаңы сыгылган помидордун ширеси жакшы жардам берет. Аны тамактан кийин туз кошпой ичүү сунушталат жана бул учурда помидордун өзүн, туздалган, маринаддалган түрүн жегенге болбойт. Ширесин эки жума тынбай ичип, 10 күн эс алып кайра ичүү сунушталат.

Боор оорусунда болсо мындай ыкма жардам берет: сууга бышкан 200 грамм ашкабакты кашык менен эзип, бир аз каймак майдан кошуп аралаштырасыз. Бул аралашмага жаңы сыгылган помидор ширесин кошуп дагы аралаштырасыз да, эки жуманын ичинде тамактан кийин күнүнө эки жолудан жеп турасыз.

 

Жүрөк ооруларында

Бардык жүрөк ооруларында рационго помидордун өзүн, ширесин кошуу сунушталат.

 

Авитаминоздо

Адамда эрте жазда болуучу авитаминоздо адамдын териси, чачы, тырмактары бузулат. Анткени организмде бул учурда А, В1, В2, С витаминдери, темир, калий жетишсиздик кылат. Ал эми помидордун курамында булардын баары бар.

 

Күйүктү жана жараны дарылоодо

Чийилип кеткен, кесилип кеткен жерге ортосунан бөлүнгөн помидорду коюуда же ширесин сүйкөөдө эртерээк айыгат.

Күйүктө болсо 30 грамм помидор ширесине бир жумуртканын агын аралаштырып, дароо күйүктүн үстүнө шыбап таңып коюу керек. Мындай ыкма ооруну басаңдатат жана теринин тезирээк калыбына келишине жардам берет.

 

Эркектик кубаттуулук үчүн

Помидорду индеец уруулары эркектик кубаттуулуктарын көтөрүү үчүн кабыл алышкан. Чындыгында эле бул жашылчанын жыныс бездеринин иштелип чыгышына оң таасир этерин изилдеп чыгышкан. Аны француздар да бекеринен «сүйүү­нүн алмасы» деп аташпаса керек.

 

Гульмира САПАРБЕКОВНА, "Взгляд"

скачать dle 11.0фильмы бесплатно