Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

Бир ооруканадагы Текебаев менен Салянова, абалы оор Рысалиев. Камактагы саясатчылар

Здоровье
451
0

Кыргызстан маалымат агенттиги кылмыш иши козголуп, ден соолугуна байланыштуу ооруканага түшкөн аткаминерлердин саламаттыгы тууралуу сураштырды.

Аида Салянова


Мурдагы башкы прокурор 5-июнда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча жанданган кылмыш ишинин алкагында №1 тергөө абагына камакка алынган.

15-июнда эртең менен ден соолугуна байланыштуу №1 тергөө абагынан Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна алып келинген. Дарыгерлер консилиумдан кийин Салянова ооруканада болушу керек деген чечим чыгарып, анын жүрөк-кан тамыр илдеттери менен жабыркай турганын аныкташкан.

 

Мурдагы башкы прокурордун жактоочусу Рабига Сыдыкованын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдиришинче, Салянованын ден соолугу абактын шартынан улам начарлаган.

"Ал олуттуу илдет менен жаткырылды. Оорулары мурда эле бар болчу. Абак шартында күчөп, дагы башкалары кошулду. Тагыраагы, нымдуулук, муздак, эмоционалдуу стресс, чыңалуу дегендер терс таасирин тийгизди. Учурда күчөтүлгөн дарылоо курсунан өтүүдө", — деди Сыдыкова.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарованын айтымында, Салянова менен кечээ жолугушкан. Өз кезегинде мурдагы башкы прокурор ден соолугу жакшы экендигин билдирип, дарыгерлерге ыраазычылык билдирген.

Зарылбек Рысалиев

Госпитализация депутата КР Зарылбека РысалиеваДепутата парламента КР Зарылбека Рысалиева госпитализировали в клиническую больницу Управления делами президента и правительства КР в стабильно тяжелом состоянии после возможного инсульта
© SPUTNIK / НУРИС АЛЫМБАЕВ
Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев

Жогорку Кеңештин депутаты дагы 7-июнда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча жанданган кылмыш ишинин алкагында экинчи ирет суракка чакырылып, ИИМден чыккандан кийин ооруканага түшкөн. Алгач дарыгерлер аны инсультка кабылышы мүмкүн деп божомолдоп, кийин бул диагноз аныкталган эмес.

Буга чейин президент менен өкмөттүн Иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Александра Олексюк Рысалиевдин абалы салыштырмалуу оор экендигин, жакшы сүйлөй албай жатканын билдирген. 

 

Олексюк менен кайра байланышканыбызда Рысалиевдин абалы дагы деле салыштырмалуу оор экендигин кабарлап, керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын белгиледи.

Өмүрбек Текебаев

Лидер партии Ата Мекен Омурбек Текебаев, отбывающего уголовное наказание в исправительной колонии № 47
© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА ГСИН КР
Мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев

Коррупция беренеси менен сегиз жылга эркинен ажыратылган мурдагы депутат июндун башынан бери Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланууда. Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунованын айтымында, дарыгерлер консилиумдан кийин саясатчыны ооруканада калтырышкан.

"Өмүрбек Чиркешович дагы деле дарыгерлердин көзөмөлүндө. Жүрөгүнөн тышкары бели ооруйт. Көп убакыт отура албайт, жатышы керек", — деди Токтакунова.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарованын айтымында, Саляновадан тышкары Текебаев менен дагы кечээ жолугушкан. Өз кезегинде мурдагы депутат ден соолугу жакшырып бара жатканын билдирген.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана башка адамдарга карата КР Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү ("Коррупция") жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттарында ("Алдамчылык") камтылган белгилер боюнча кылмыш ишин козгогон.

 

Анын алкагында Текебаев менен Чотонов кармалган. Россиялык бизнесмен Леонид Маевский Текебаев "Альфа Телеком" (Megacom) компаниясынын башкармалыгына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн бир миллион доллар алды деп айтып, депутаттын үстүнөн арыз жазган. 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаевди коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыраткан. Шаардык сот жана Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган.

Кийин Россиянын Мамдумасынын мурдагы депутаты Леонид Маевский Москва шаарынан кармалган. Ал жан-жөкөрү менен "Альфа-групп" жана "А1" компаниясынын өкүлдөрүнөн 40 миллион доллар талап кылып, аны бербесеңер "силерге шек келтире турган маалыматтарды таратабыз" деп коркуткан деп шектелүүдө.

Осмонбек Артыкбаев

Депутат ЖК Осмонбек Артыкбаев. Архивное фото
© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА ЖК
Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев

Жогорку Кеңештин депутаты ТЭЦ чуусуна байланыштуу кылмыш ишинин алкагында УКМК тарабынан камакка алынган

Былтыр жүрөгүнө операция жасалып, бир нече ирет ооруканага жеткирилген.

УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулаймановдун айтымында, Артыкбаев ушул тапта ооруканада. Кайсы жакта дарыланып жатканын тактаган жок.

Артыкбаев 2018-жылдын 5-июнунда "Бишкек ТЭЦти модернизациялоонун алкагында коррупциялык иштерге барган" деп айыпталган. 2019-жылдын 21-ноябрында тергөө иши аягына чыгып, Кылмыш жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") боюнча айыбы угузулган


Дагы: https://sputnik.kg/society/20190619/1044757811/abaktagy-kyrgyz-sayasatchylarynyn-den-soolugu.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно