Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

ОРГАНИЗМДИ ТАЗАЛООЧУ ЭҢ МЫКТЫ 7 АЗЫК

Здоровье
11 156
0

ОРГАНИЗМДИ ТАЗАЛООЧУ ЭҢ МЫКТЫ 7 АЗЫКБиз баам салбаганыбыз менен күнүмдүк жашообузда көп колдонулуп, көп желген айрым азыктар организмди тазалоочу мыкты касиетке ээ. Андыктан алар тууралуу кенен жана так маалыматтардан кабардар болуп, дары колдонууну азайтсаңыз болот. Эмесе, андай мыкты тазалоочу азыктардын алдыңкы жетөө менен таанышып алыңыз.

 

 

Алма

Биз күндө жеп жүргөн алма организмди тазалоочу эң мыкты азыктардын бири. Алма өзүнүн курамындагы клетчаткалардын жана пектиндин жардамы менен организмдеги керексиз заттар менен токсиндерди айдап чыгат. Ал адамдын табитин жакшыртып, ашказан суюктугунун бөлүнүп чыгышын камсыз кылуу менен бирге жалпы тамак сиңирүү ишин жөнгө салат. Ичтин катып калуусунан сактайт. Ошондой эле алма ич өткөк, сасык тумоонун "А" вирусун козгоочу бактерияларды өлтүрөт. Алманы кабыгын аарчыбай туруп пайдалануу эң натыйжалуу. Андан тышкары ширесин сыгып же сүргүчтөн өткөрүп буламык кылып пайдалансаңыз да болот.

 

 

ОРГАНИЗМДИ ТАЗАЛООЧУ ЭҢ МЫКТЫ 7 АЗЫККапуста

Капуста адамдын организминен оор металлдарды жана токсиндерди айдап чыгарат. Мындан сырткары, органикалык кислоталарга бай келип тамак сиңирүүнү жакшыртат. Ошондой эле бул жемиште эң сейрек кездешүүчү U витамини бар. Бул витаминдин коркунучтуу химиялык заттарды зыянсыздандырып, витаминдерди синтездештирип, жарааттарды айыктыруучу касиети күчтүү. Чийки бойдон жесеңиз да, бышырып жесеңиз да капустанын бул касиети ошол бойдон сакталат. 

Пияз


Пияздын баалуулугу анын курамындагы эфир майларында кездешүүчү фитонциддерде. Бул зат бир нече секунддун ичинде көптөгөн бактерияларды жана грибокторду жок кылат. Мындан сырткары тамак сиңирүүнү жакшыртып, табитти ачат. Пияздагы көп өлчөмдөгү күкүрт организмдеги бардык зыяндуу заттар менен натыйжалуу күрөшүп, аны жок кылат. Ал үчүн пиязды чийки кезинде салатка кошуп, спирт кошулмасы түрүндө колдонуңуз. Ал турсун сулуулугуңуз үчүн маска катары колдонсоңуз да болот.

 


Сарымсак

 

Билесизби, бир эле тишче сарымсакта 400дөн ашык пайдалуу элементтер камтылган. Алар кандагы начар холестериндердин көлөмүн азайтып, кан тамырларды тазалап, ракты пайда кылуучу клеткаларды өлтүрөт. Ич өткөктүн, кургак учуктун таякчаларын жана ашказандын жараатын пайда кылуучу хеликобактерди жок кылат. Сарымсакты мүмкүн болушунча чийки кезинде майдаланган түрдө колдонгонуңуз жакшы.


 

Авокадо

Бизге түштүктөн келчү бул жемиштин баалуу касиетин тилекке каршы көпчүлүк биле бербейт. Бул жемиш өзүнүн курамына организмдеги көп оорулар менен күрөшүүчү эң сонун глутатион аттуу затты камтыйт. Бул зат ракты пайда кылуучу 40ка жакын канцерогендерди курчоого алып организмди коргойт жана боорго күч келүүнүн дагы алдын алат. Ошондой эле кандагы холестериндин деңгээлин жөнгө салып, тамак сиңирүүнү жакшыртып, терини кычкылтек менен камсыз кылып турат. Авокадону чийки кезинде, кургатылган түрүндө же май катары колдонуу менен жогоруда саналган пайдалуулуктарын көрө аласыз.




 

 

Кызыл кызылча

Бизде кенен өскөн жашылчалардын бири - кызыл кызылча. Ал организмди тазалоочу №1 жашылча. Биринчиден, ал курамына клетчатка, фосфор, жез, С витамини сыяктуу көптөгөн органикалык кислоталарды камтыйт. А мунун баары тамак сиңирүүчү жана ашказандагы "чиринди" бактерияларды жок кылуучу касиетке ээ. Экинчиден, анын курамында боорду токсиндерден арылтуучу зат бар. Үчүнчүдөн, кызыл кызылчанын курамында жаңы клеткаларды пайда кылуучу фолий кислотасы жана чачтын, тырмактын, теринин абалын жакшыртуучу микроэлементтер бар. Ошондуктан кызылча организмди жашартуучу касиетке ээ. Кызыл кызылчанын мындай артыкчылыктарын өз ден соолугуңузга пайдаланууну кааласаңыз борщко, салатка кошуп, болбосо шире түрүндө колдоно берсеңиз болот.

 


Клюква

Клюква - табарсыкты жана заара чыгаруучу жолдорду зыяндуу бактериялардан натыйжалуу тазалоочу табияттын эң күчтүү антибиотиги жана вируска каршы мыкты каражат. Мындан сырткары, бул жемиш рак клеткаларынын пайда болуусун, кан тамырларга кан уюп калуунун алдын алат. Аны күнүмдүк тамактанууда чийкилей жегенден тышкары шире түрүндө же кыям кылып пайдалансаңыз болот. 

 

 

 

 

 

 

Гульмира САПАРБЕКОВНА, "Взгляд"

скачать dle 11.0фильмы бесплатно