Ал эми бүгүн жаңыдан жуктуруп алган 228 учур катталды.
Акыркы суткада өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын ичинен 30 бейтап айыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда айыккандардын жалпы саны 2 112 болду.
"Айыккандардын бешөө Бишкекте, ону Чүйдө. Мындан тышкары Ош шаарында алты, Ош облусунда бир, Нарын облусунда эки, Жалал-Абадда алты бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды", — деди Каратаев.
Өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 3 954кө жетти.
Кыргызстанда болуп жаткан окуялар жана акыркы маалыматтар менен Telegram-каналыбыздан таанышып туруңуздар.