Жарандар "Спутник V" каражаты менен эмделүүдө.
13-январдан тарта Москвада жарандардын жаңы тобу үчүн COVID-19га каршы эмдөө башталат. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Сергей Собянин билдиргенин РИА Новости жазды.
Вакцина алуу үчүн төмөнкү багыттарда эмгектенгендер жазыла алышат:
- илимий изилдөө жана өндүрүш;
- маалыматтык технологиялар тармагы, Телекоммуникация жана байланыш;
- жеке жана коммерциялык эмес уюмдар тарабынан калкка социалдык жактан кызмат көрсөтүү;
- кыймылсыз мүлк тармагы;
- мейманкана жана туристтик индустрия.
Россияда коронавируска каршы жарандык вакцинация декабрдын башында башталган. Учурда жарандар Россиянын Гамалея атындагы Эпидемиологиялык жана микробиология улуттук изилдөө борбору тарабынан чыгарылган "Спутник V" вакцинасын алышууда.
Дагы: https://sputnik.kg/Russia/20210111/1051076000/moskva-koronavirus-vakcina-13-yanvarda-bashtalat.html