Дарыгерлер канда холестериндин деңгээли жогорулап кеткенин адамдын жүзүнөн байкаса болорун айтышты. Бул тууралуу Medical News Today басылмасына таянып РИА Новости кабарлады.
АКШнын кан, жүрөк жана өпкө боюнча улуттук институтунун маалыматына ылайык, холестерин көбөйүп кеткенде, бетте майлуу шишиктер пайда болот. Көздүн айланасына бозомтук тегерекчелердин чыгышы да канда холестериндин жогорулап кеткенинен кабар берет.
Дагы: https://sputnik.kg/society/20210313/1051755157/kan-holesterin-belgi.html
Бирок адистер медик кандын анализинин жыйынтыгынын негизинде гана так диагноз коё аларын эскертишкен.
Дарыгерлер холестерин организмдин иштөөсүнө керек экенин айтып, бирок эгер ал көп болуп кетсе, жүрөк-кан тамыр илдеттерин жана башка олуттуу ооруну чакырышы ыктымал экенин белгилешти.