Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

КӨП ДАРЫГА ТУРУКТУУ КУРГАК УЧУК КӨБҮРӨӨК КАТТАЛА БАШТАДЫ

Здоровье
4 544
0

Кургак учук (КУ) – жугуштуу, козгоочу кургак учуктун таякчалары болгон социалдык маанидеги жана экономикалык жактан көз каранды оору.

 

 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, дүйнөдө 2014-жылы 9,6 миллион адам кургак учук оорусуна чалдыгышкан. Дүйнөлүк саламаттык сактоо Уюму кургак учук бул - ВИЧ жугуштуулуктагы адам (ВЖА) СПИД менен бирге планетабызда өлүмгө дуушар кылуучу жугуштуу оорулардын арасында лидер болуп калгандыгын жар салды. 2014-жылы адамдардын кайсы бири, кургак учуктун күчөп кеткендигинен өлүшсө, 400.000 миң ВЖА/СПИД ооруларын кошкондо, кургак учук оорусунан 1,5 миллион адам каза болушкан. Ал эми 2014-жылы ВЖА/СПИДтен өлгөндөр 1,2 миллион адамды түзгөн. «Кургак учук жана ВЖА/СПИД криминал дүйнөсүндөгү өнөктөрдөй эле болуп калышты жана көбүнесе бир эле социалдык-аярлуу чөйрөнүн топторун жабыркатат», - деп БУУнун кургак учук боюнча өкүлү Эрик Гоозби айткан.

Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун фтизиопульмонология кафедрасынын окутуучусу Калдыгүл Душимбекованын берген маалыматына караганда, Кыргыз Республикасында 2015-жылда кургак учук оорусунун деңгээлинин төмөндөшү белгиленди. Алдын ала маалыматтарга ылайык, 2014-жылдагы 100 миң калктын санына 5763 окуя болуп - 98,8 түзсө, 2015-жылда республикада кургак учук менен ооругандардын биринчи жолку айкындалышы 5640 окуяга кыскарган. Мындайча айтканда, 100 миң калктын санына - 96,6 окуяны түзгөн. Кыргыз Өкмөтүнүн алдындагы МЖАК системасы менен (ГСИН) 2014-жылы 100 миң калктын санына 5898 оору болуп -101,1 түзсө, 2015-жылы 5812 адам болуп - 99,6ны түзгөн.

- Балдар арасында оорунун көрсөткүчү 2014-жылы 24,1 каршы, 2015-жылы 100 миң калктын санына 29,3 түздү. Балдар арасында оорунун деңгээлинин өсүшү кургак учукту аныктоо жакшыргандыгы менен түшүндүрүлөт. Себеби, 2014-жылы туберкулин дарысы дегеле жок болсо, 2015-жылда аны сырттан ташып келүүлөр көбөйгөн. Өткөн 2015-жылда кургак учук оорусунун деңгээли өспүрүмдөр арасында 100 миң калктын санына 81,2 болсо, 2014-жылы – 87,4 болгон. 2015-жылы абсолюттук сандарда 252 оорулуу өспүрүмдөр аныкталса, 2014-жылы -271 аныкталды.

Мурдагыдай эле оорунун жогорку көрсөткүчтөрү Чүй облусу жана Бишкек шаары кала берүүдө. Республикадагы кургак учук боюнча эпидемиологиялык абалга белгилүү бир мааниде калктын сырткы миграциясы өзүнүн таасирин тийгизүүдө. Тактап айтканда, биздин өлкөнүн атуулдары Орусиядан, Казакстандан жана башка өнөктөш мамлекеттерден үйлөрүнө дарыланууга кайтып келген абал таасир берет. Бардыгы болуп акыркы 3 жылдын ичинде чет элден кайтып келишкен 1625 адам кургак учук менен оорушкан, - дейт К,Душим- бекова.

Кургак учуктун
мульти дарыга туруктуу (МДТ), кеңири дарыга туркутуу (КДТ) окуяларынын санынын өсүш тенденциялары сакталууда. 2015-жылы 1453 кургак учуктун дарыга туруктуу (КУ ДТ) түрү менен ооругандары катталган жана алардын баардыгы дарыланышууда.

Дарыгер К.Душимбекованын айтымына караганда, акыркы жылдарда Кыргызстанда бир нече дарыга туруктуу кургак учук көбүрөөк каттала баштады. Бул эң алгач, КУ микробактериялардын биринчи катардагы негизги эки препараттарга изониазидге жана рифампицинге туруктуулугу. Бардыгынан мурда, бул – КУ сезгич түрү менен биринчи жолу аныкталган бейтаптардын дарылоону төмөн жактоочулугунан улам болот.

Мындай көрүнүш бейтап КУ жөнүндө маалыматы жок болсо, препараттарды кун сайын медицина кызматкеринин түздөн-түз көзөмөлү менен, бир да күн үзбөй ичүү керектигин билбеген учурда пайда болот. Эгерде бейтап препараттарды кабыл алуу иретин бузуп койсо, дарыга туруктуулук өнүгүп кетиши толук ыктымал. Ошол себептен, ар бир бейтап медициналык кызматкердин көзөмөлүндө дарыларды калтырбай кабыл алышы керек.

- Дарыга туруктуулукту кантип аныктайт?

- Дарыга туруктуулукту бардык биринчи айкындалган бейтаптарда аныктап көрөбүз. Болжолдуу КУ диагнозу бар бейтаптарда, качан анын белгилери орун алган учурда эки жумадан ашуун жөтөл, температура, арыктоо, чалыгуу, ишке жөндөмдүн төмөндөшү, кан түкүрүү, демигүү пайда болот. Айрым учурда бейтаптардын кан түкүрүүсү – биринчи негизги белгилердин бири болуп саналат, - дейт К.Душимбекова.

КӨП ДАРЫГА ТУРУКТУУ КУРГАК УЧУК КӨБҮРӨӨК КАТТАЛА БАШТАДЫ«Көбүнчө мигранттар КУ ооруп, агылып эле келип жатышат», - дейт Б.Кадырова

Ал эми Жалал-Абад облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун директору Бурулкан Кадырованын берген маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын 6 айында 519 адам кургак учук менен ооруса, анын ичинен 58и балдар. Кургак учук быйыл 231 адамдан жаңы табылган. Кабылдаган формасынан бирөө табылды. Бул оорудан быйыл 16 адам каза болгон. Кургак учук оорусунун оор түрүнө кабылышкан жана дарттын кабылдап күчөп кеткендигинен улам 2015-жылы 54 адам каза болсо, 2014-жылы 62 адам каза болгон. Мындай абал өзгөчө Кара-Көл шаарында, Токтогул жана Тогуз-Торо райондорунда көп кездешет.

- Жалал-Абад облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунда 370 керебет орун болсо, азыркы учурда 267 адам жатат. Шакафтар айылында 60 керебет, Токтогул районунда 40 керебет жана Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагында 35 керебет орунга эсептелген кургак учукту дарылоочу ооруканалары иштеп жатат. Биздин ооруканабыз ХОУП долбоору тарабынан бактериялык лабораторияны капиталдык ремонттон өткөрдүк, жабдуулар менен камсыз кылынды, жен эксперт аппараты 3,5 миллион
сомго алынды. Облустар аралык дистанциондук Samsung телевизору коюлду. Бул өтө кымбат, баасы чексиз көп. Ошондой эле, ооруканага БШК аппараты, компьютерлер келген. Ооруканада жаткандарга дарылардын баары бекер берилет. Дарыларын ПРООН каржылайт.

Учурда кургак учуктун 1 же 2 дарыга туруктуу формасы менен кургак учук ооруларын дарылоо боюнча 30 керебетке эсептелген ПЛУ бөлүмүн ачуу боюнча буйрук келди. Бөлүм заманбап рентген аппараты рентгеноскпопия томограммасы менен коюлат. Рентген аппаратыбыздын иштен чыкканына 2 жыл болду. Бул маселе боюнча эки жылдан бери КР саламаттыкты сактоо министрлигине атайын кат жолдогонбуз. Германиядан алынып келинген рентген аппараттын иштөө мөөнөтү 15 жылга эсептелген болсо ал мөөнөтүнөн узак иштеп, азыр толук жараксыз болуп, бузулуп калды. Азыр 1985-жылкы эски кичине рентген аппаратын оңдотуп, ошону иштетип жатабыз. Учурда инфекциялык көзөмөл боюнча бөлүмдөрдө реконструкция иштери жүрүп жатат.

Көчмө флюроаппарат Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондоруна жер-жерлерге барып иштегендиктен, элге түшүндүрүү иштери жүрүп жаткандыктан кургак учук менен ооругандар көп табылып жатат. Кургак учук менен ооругандар менен контак болгон балдарга манту коюлуп, жаңы ооругандар көбүрөөк табылып жатат. Бронхит менен ооругандар сөзсүз түрдө текшерилип турат. Көбүнчө мигранттар КУ ооруп, агылып эле келип жатышат. Алар бизден дарыланышууда. Өткөн жылы 80 мигрант ооруп келген болсо, быйыл 6 айда 90 мигрант кургак учук менен ооруп, бизден дарыланышты. Эл аралык ПРООН уюму тарабынан жаңы табылган ооруларга 1300 сомдон, кургак учукка туруктуу формасы менен ооругандарга 1800 сомдон берилип жатат. Протокол боюнча 15 күндө какырыгы текшерилип, таза болсо ооруканадан чыкса болот. Ал эми өпкөсү тешилип калган болсо, анын бүтүшү 2-3 айга созулат. Ооруканада КУ ооругандар эки айдан үч айга чейин созулат », - дейт Б.Кадырова.

Кыргыз республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, республика боюнча кургак учуктан өлгөндөрдүн көрсөткүчү акыркы жылдарда акырындык менен төмөндөө жагдайында болууда. Айта турган болсок, 2014-жылдагы 100 миң калктын санына 6,7 карай, 2015-жылда өлүм 5,9 түздү. КР Адилет министрлигинин МАКК системасы менен (ГСИН) 2015-жылы 100 миң калктын санына 6,2 болсо, ал эми 2014-жылы – 7,0 түзгөн.

Кургак учукту амбулатордук дарылоо бейтаптын жашоо турмушун калыбында калтырат.

Эл аралык USAID уюмунун «Кургак учукту жеңебиз» долбоорунун саясат жана кызмат көрсөтүү боюнча адиси Рахат Чолурованын берген маалыматына караганда, 2016-жылда өлкөдө КУ ооруларынын амбулатордук үлгүдө дарылоону кеңейтүү иштери улантылды. Кургак учукка каршы кызматты оптимизациялоо максатында кургак учукка каршы мекемелер «Бирдиктүү төлөм» системасына которулду.

КӨП ДАРЫГА ТУРУКТУУ КУРГАК УЧУК КӨБҮРӨӨК КАТТАЛА БАШТАДЫ- Кургак учукка каршы жардамды оптимизациялоонун чегинде 2017-жылга чейин керебеттердин санын кыскартуу планы иштелип чыккан. 2016-жылдын башына өлкөдө 2733 кургак учукка каршы коюлган керебеттер иштесе, алардын 595 балдардыкы. Акыркы жылдардын ичинде керебеттердин саны 1096 га, тактап айтканда, 3484төн 2733 керебетке кыскарды. Кыргызстанда бардык кургак учукту алдын алуучу, диагностика жана дарылоо иш чаралары 2013-2016 жылдарга эсептелген, КР Өкмөтү бекиткен «Кургак учук- IV» Программасынын чегинде өткөрүлүүдө. Кургак учукту амбулатордук дарылоо бейтаптын жашоо турмушун калыбында калтырат, стигма менен кордоону, оорукана ичинде оорунун жугуп калышынын коркунучун жана тобокелчилигин төмөндөтөт, өлкөдө уюшулуп жаткан колдоочу топтор аркалуу жатып дарылануудан үч эсе арзан болгон дарыланууну жактоочулукту жакшыртат, - дейт
Р.Чолурова.

Кыргыз Республикасынын «КРда калкты кургак учуктан коргоо» боюнча Мыйзамына ылайык, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан дарылануу жайларына жылына бир жолу акысыз барыш-келиш каражатын толук көлөмдө бөлүп берүү болбой жатат. Кургак учук менен ооругандардын республика боюнча үй-жай менен камсыздоого муктаж 144нүн ичинен, болгону 7 (4,9 пайыз), Жалал-Абаддан 6 жана Ош облусунан бир гана оорулууга берилген. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары оорулуулардын жол акы каражатын керектүү өлчөмдө бөлүп беришпейт. Өзгөчө Жалал-Абад облусунда - 54,5 пайыз жана Бишкек шаарында - 64,1 пайыз, ошол эле мезгилде Чүй облусунда талап кылынган көлөмдөн 137,0 пайыз каражат бөлүнсө, Ысык-Көл облусунда - 113,4 пайыз, Нарын облусунда – 11,3пайыз бөлүнүп берилген. Республика боюнча керектүү болгондон 84,5 пайыз бөлүнгөн. Кургак учук менен ооруп калган адам убагында дарыланса, ал сөзсүз түрдө бул оорудан толук айыгат. Кургак учук менен
ар бир адам ооруп калышы ыктымал. Кургак учуктан жабыркагандар деле толук кандуу жашоого укуктуу. Ошол себептен окурман, ар бирибиз өзүбүздүн ден соолугубузга өзүбүз гана кам көрүшүбүз керек.

 

КУРГАК УЧУКТУН БЕЛГИЛЕРИ
□ Бир жумадан ашуун жөтөлүү
□ Ысытмалоо
□ Түн ичинде тердей берүү
□ Табиттин начарлашы
□ Салмакты жоготуу
□ Алсыроо
□ Кан түкүрүү

 

КАЛККА КУРГАК УЧУК ЖӨНҮНДӨ
НЕГИЗГИ МААЛЫМАТ
□ Кургак учук – жугуштуу оору
□ Кургак учук аба аркалуу жугат
□ Какырыктын анализи жана кургак учук-
ту ага каршы дары-дармектер менен
дарылоо акысыз.
□ Кургак учукту дарылоо 6-8 айга барат.

 

КУРГАК УЧУКТУН ЖАЙЫЛЫШЫН
КАНТИП ТОКТОТУУГА БОЛОТ
□ Кургак учуктун белгилерин байкаса-
ңыз жакынкы медициналык мекеме-
ге кайрылыңыздар
□ Жөтөл учурунда оозуңуздарды жабы-
ңыздар
□ Коомдук жайларда какырынып-түкүр-
бөңүздөр
□ Жашаган жериңиздерди желдетип ту-
руңуңуздар
□ Саламат жашоого өтүңүздөр.

 

Анархан ЖАҢЫБАЕВА,
Жалал-Абад шаары.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно