DataLife Engine > Здоровье > Бир жашка чейинки балдарга кандай эмдөөлөр жүргүзүлөт?

Бир жашка чейинки балдарга кандай эмдөөлөр жүргүзүлөт?

Бүгүн биз бир жашка чейинки балдарга кандай эмдөөлөр жүргүзүлөт, мына ушулар тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Жаңы төрөлгөн балага алгачкы 24 саатта-Гепатит B эмдөөсү жасалат. Ал 0-1-2-12 схемасы аркылуу жүргүзүлөт. Башкача айтканда бала жаңы төрөлгөңдө 24 саат ичинде, кийин бир айда, андан соң эки айда, кийин болсо бир жашка чейин Гепатит Bга каршы эмдөө алмакчы.

Алгачкы 3-7 күндө туберкулезго каршы эмдөө жүргүзүлөт

Мындай эмдөө 2000 граммдан аз салмактагы балдарга жасалбайт. Ошондой эле ар кандай инфекциялык жана тери оорусу менен ооруган балдарга да туура келбейт.

3 айдагы балага

Балдар 3 айында АКДС эмдөөсүн алмакчы. Тагыраак айтканда бул эмдөөнү алуу менен бала дифтерия, көк жөтөл, столбняк оорулардын алдын алган болот.

4,5 айдагы балага

Мында да бала экинчи АКДС эмдөөсүн алмакчы. Бул эмдөөнү алган соң төмөнкү белгилер катталышы мүмкүн. Мисалы, дене табынын көтөрүлүүсү, эмдөө сайылган жердин кызарышы же шишиши.

6 айдагы балага

Алты айда балага дифтерия, көк жөтөл жана столбняк ооруларына каршы эмдөө алынат.

12 айдагы балага

Бул жаштагы балдарга кызамыкка, корьго жана паротитке каршы эмдөө жүргүзүлөт. Албетте бардык эмдөөлөрдү алардын алдында балаңыздын ден-соолугу чың болушу шарт. Бул эмдөөдөн соң баланын денесине кызыл нерселер пайда болуп, дене табы көтөрүлүшү мүмкүн.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад