2019-жылдын 3-майында Бишкек шаарындагы Дары-дармек жана медициналык техникалар менен камсыздоо боюнча департамент аталган дүйнөлүк уюмдан дарыларды, медициналык каражаттарды өткөрүп алган.
"Дары-дармектер уюм менен КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы түзүлгөн меморандумдун алкагында акысыз берилди. Алар чукул кырдаал болуп кеткен учурларда таратылат. Жалпы салмагы 1951 килограмм", — деп айтылган маалыматта.
Дары-дармектер Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарындагы жана Бишкек шаарындагы дарылоочу-профилактикалык мекемелерге таратылып берилмекчи.