DataLife Engine > Здоровье > Садыр Жапаровдун уулунун жанында кыз дагы болгон, абалы орточо

Садыр Жапаровдун уулунун жанында кыз дагы болгон, абалы орточо

Садыр Жапаровдун уулунун жанында 20 жаштагы кыз дагы болгон. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Камактагы саясатчынын баласы Дастан Садыр уулу 26-август күнү ооруканада көз жумган. Ал 22-август күнү Бишкектеги 7-апрель көчөсүндө мотоцикл менен баратып кырсыктаган

Милициядан билдиришкендей, кызды мотоциклге өңөрүп бараткан Дастан Садыр уулу 7-апрель көчөсүндөгү Көк-Жар айылында бурулуп бараткан Toyota Matrix үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Катуу соккудан улам кыз ыргып кетип, жолдо турган Lexus RX 330 автосуна урунган. Анын кесепетинен түрдүү жаракат алган кыз Чүй аймактык ооруканага түшкөн. Башкы дарыгер Бакыт Болотбековдун айтымында, анын баш сөөгү, көкүрөгү жабыркап, бетинин сөөгү сынып кеткен. Учурдагы абалы орточо.

 

Факты боюнча 297-берене ("Жол эрежесин бузуу") менен сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.



Дагы: https://sputnik.kg/incidents/20190826/1045537020/sadyr-zhaparov-uulu-kyzdyn-abaly.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад