Бүгүн:

Акыркы кабарлар

21:07
Биринчи жолу. Кыргызстан өз акчасына сооттолгон 40 техника сатып алды
21:06
Жапаров мэр, акимдерди өзү дайындамай болду, акимдин укуругу узарды. Жаңы мыйзам
21:03
Таштандыдан мүлккө чейин. Жапаров аткаминерлердин негизги милдетин атады
21:02
Туризмди өнүктүрүү үчүн укугу кеңири фонд түзүлүп, ага 1 млрд. сом бөлүнөт
23:54
ЖКга шайлоо. Екатеринбургдагы Башкы консулдук Тюмень шаарына жумушчу сапар уюштурду
23:47
Дарыгер баланы суперинфекциядан кантип сактаса болорун айтты
23:47
Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр. ИИМ иликтөөсүнүн жыйынтыгы эмне болду
23:46
Бийлик Бишкек менен аймактарда көмүрдүн баасын бекитти. Канчадан ашпаш керек?
16:15
Электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тариф
16:05
Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованын сөөгү жерге берилди
16:02
Акылбек Жапаров Кара-Кечедеги абалды көрүп, тартип керектигин эскертти
23:23
Энергетика министрлиги керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына болгон тарифтер тууралуу түшүндүрмө берди
23:22
Кыргызстан Түркиядан тик учак жана катер сурады
23:20
Акылбек Жапаров: президенттик администрациянын түзүмү толугу менен өзгөрөт
23:39
Жапаров дүйнөлүк коомчулукту Афганстандын көп улуттуу элине ар тараптуу жардам көрсөтүүгө чакырды
23:38
Жапаров дүйнөлүк коомчулукту Афганстандын көп улуттуу элине ар тараптуу жардам көрсөтүүгө чакырды
23:34
Кыргызстан эл аралык издөө тобуна кошулуу үчүн Түркиядан жардам сурады
23:32
Жапаров КМШ жана башка уюмдардын байкоочуларын парламенттик шайлоого чакырды
12:40
Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына онлайн катышат
12:38
Шайлоого катышмак болгон 75 партиянын 23ү калды. Тизме
12:37
УКМК: 39 киши өлгөн терактыны каржылаган делип кыргызстандыктар кармалды
19:26
ЖК комитети президенттин жаңы өкмөт боюнча сунушун колдоду
19:25
Шаардык сот Темир Сариевди 30-ноябрга чейин абакта калтырды
19:19
Кыргызстан делимитация процесси бүтмөйүнчө Тажикстан менен чектешкен аймактарда бизнес жүргүзүүгө тыюу салды
19:18
Сентябрда ири компаниялар 460 млн сомдук салыкты бюджетке аванс катары төлөшкөн
19:17
Президент Жапаров парламенттик шайлоого байланыштуу жалпы республикалык кеңешме өткөрөт
19:15
Акылбек Жапаров өкмөттү да, президенттик администрацияны да жетектемей болду
19:12
Министрлер кабинетинин жаңы курамына кимдер кирди? Тизме
19:10
Мигранттарга Россияда жүрүү жана жарандык алууну жеңилдетүү каралууда. Шарты
19:10
"Акыркы көч" тасмасы Сан-Паулодогу беделдүү сынакта ат салышат
19:09
Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик катчылыктан кетип, жаңы кызматка дайындалды
22:39
АКЫН АЛЫМКАН ДЕГЕНБАЕВАНЫН КИТЕП-СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨСҮ ӨТӨТ
22:34
Кыргызстан MegaCom боюнча арбитраждык соттон утуп чыкты
22:33
Министрлер кабинети эми жаңы эреже менен иштейт. Мыйзамга президент кол койду
13:28
Түндө Таластагы мейманканага эркек киши кол салып, конокторду кууп чыккан
13:27
Милиция саясатка аралашпасын! ИИМде шайлоо алдында кеңешме өттү
13:26
Кышка чейин аба ырайы кандай болору айтылды
13:26
Кыргызстандын футболдук союзу президент Садыр Жапаровго кайрылды
14:39
Кыргызды даңазаладыңар! Президент Мээрим менен Айперини куттуктады
14:37
Улуттук банктын алтын-валюталык резерви рекорддук көлөмгө жетти
23:31
“Улуттук энергохолдинг” Тажикстандан электр энергиясын импорттоо боюнча түшүндүрмө берди
23:25
"Кыргыз көмүр": Кара-Кече көмүрүнүн баасы дагы түшөт
23:25
Мээрим Жуманазарова алгачкы атаандашын далысын жерге тийгизип утту
23:24
Министрлер кабинети жана жергиликтүү бийлик жөнүндө мыйзамдар кабыл алынды
23:23
"Коопсуз шаардын" көчмө радарлары коюлган жерлердин даректери
Бардык кабарлар

Кыргыз обонунун атасы. Композитор Жумамүдүн Шералиев тууралуу 8 факт

Тарых
21
0

Белгилүү композитор, акын, аткаруучу Жумамүдүн Шералиевдин кезинде жараткан обондору азыркыга чейин эл оозунан түшпөй ырдалып келет.

Залкар талант бүт өмүрүн музыка арнап, эл арасында "кыргыз обонунун атасы" деп кадырланат. Sputnik Кыргызстан агенттиги чыгаан обончу тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

12 жашында обон жазып. Жумамүдүн Шералиев 1915-жылы 3-сентябрда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Туюк-Богошту айылында жарык дүйнөгө келген. Болочоктогу музыканттын шыгын байкаган атасы ага өз колу менен арчадан комуз чаап берет. Ыр-күүгө жакын жеткинчек аны өз алдынча өздөштүрүп, кол ойнотуп черткенге жарап калган. Андан сырткары, айылына жакын жерде иштеген чек арачылардын кыяк ойногонун көрүп обондорду жаттап алат. 12 жашында "Сүйүү жарга", "Сүйүү ыры" деген алгачкы обондорун жараткан.

Эрте элге аралашып, эрте иштеген. Шералиев эмгек жолун эрте баштаган. Өспүрүм Биринчи май колхозунун комсомол уюмунун катчылыгында, кийин мугалим болуп эмгектенет. Андан соң райондук радио түйүндүн ырчысы болуп эл арасында обончу, аткаруучу катары таанылат. 19 жашында легендарлуу "Түшүмдө" аттуу лирикалык ырына обон жазып, 20-21 жашында Ат-Башы райондук жер бөлүмүндө, райондук аткаруу комитетинин жалпы бөлүмүн жетектеген.

Артисттерге шыктанып... Бир жолу Ат-Башыга Кыргыз мамлекеттик театрынын артисттери Осмонкул Бөлөбалаев, Райкан Шүкүрбеков, Гүлжан Казыбаева өңдүү артисттер концерт коюп келет. Жумамүдүн өнөрпоздорду эки жумадан ашык коштоп жүрүп алардын талантына шыктанып, өзүнүн кесипкөйлүгүн жогорулатууну ойлоно баштайт. Дараметин байкаган чыгармачыл топ элеттеги обончуну филармонияга чакыртат. Ортодо ал республикалык сынакка катышып, андан соң белгилүү музыка изилдөөчү Александр Затаевичти жолуктуруп, өзүнүн бир нече чыгармасын жаздыртат.

Филармонияда жетилген. Ошентип 1936-жылы филармонияда жаңы түзүлгөн эл аспаптар оркестрине кабыл алынып, музыкант, ырчы болуп иштейт. Ал куттуу жай жаш музыкант үчүн чоң мектеп болгон. Ошол жерден дирижер Петр Шубинден сабак алып, нота үйрөнүп, аткаруучулугун да жолго салган. Ошол эле маалда Атай Огонбаев, Карамолдо Орозов, Муса Баетов, Ыбырай Туманов, Осмонкул Бөлөбалаев, Калык Акиев, Шаршен Термечиков, Молдобасан Мусулманкулов менен кесиптеш болуп, алардын акыл-наасаттарын угуп калган. Эң негизгиси, 1939-жылы Москвада өткөн Кыргыз искусствосу менен адабиятынын биринчи декадасына катышып, андан ары Закавказьеге чейин гастролдоп барат.

Жаштарга жол көрсөтүп. СССРдин композиторлор союзунун мүчөсү балдарга арналган көптөгөн обондорду жаратып, согуш жылдарында фронттогу жоокерлерге дем-күч берген чыгармаларды тартуулаган. 1944-58-жылдар аралыгында "Кыргыз радиосунун" солисти, редактору болот. 40 жылдан ашык Нарын шаарындагы Муратбек Рыскулов атындагы музыкалык-драма театрынын музыкалык бөлүмүн жетектеген. Ал жакта Касымаалы Жантөшевдин "Курманбек", Бексултан Жакиевдин "Миң кыял", Кадырбай Мамбетакуновдун "Үкөй" спектаклдерине музыка жазып, хор, пьеса, ансамблдик эмгектердин автору болот. Өтө жөнөкөй, адамгерчиликтүү, бой көтөргөндү билбеген инсан Нарында шыгы бар бир топ жаштарга жол көрсөтүп талантын ачкан.

Композитор Жумамудун Шералиев. Архивное фото
 

Акын, жазуучу... Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти комуз, балалайка, мандолина, аккордеон, пианинодо мыкты ойногон, хормейстрлик жайы да бар болчу. Композитор жаштайынан лирикалык ырларды, аңгеме, очерктерди жазып, алар байма-бай гезит беттерине жарыяланып турган. Кийин чыгармалар жыйнагы да жарык көрөт. Ошондуктан композитор калемгерлик өнөрүнүн аркасында обонго салынчу ыр саптардын маани-маңызына чоң көңүл бурган.

"Кыргыз обонунун атасы". Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты жалпы жонунан түрдүү жанрдагы жүздөгөн обондун автору. Музыка изилдөөчүлөр Шералиевдин чыгармаларынын көпчүлүгү көп ыргактуу, ритмикалык жактан жагымдуу экенин жана башкалардан созулмалуу, кең диапазондуу, жай интонация менен айырмаланып турарын айтып келишет. Ошол чыгармаларынын аркасы менен "кыргыз обонунун атасы, пири" деп эл арасында айтылып калган.

Композитор Жумамудун Шералиев. Архивное фото
 

Уулдуу болууну эңсеген ата. Композитордун кыздарынын айтымында, таланттуу инсан узак убакыт балалуу боло албагандыктан улам төшөк жаңыртууга мажбур болгон. Акыркы никесинде жарык дүйнөгө келген эркек балдары чарчап кала берип, жубайлар эки кызды эрезеге жеткирген. Жумамүдүн Шералиев 1994-жылы 79 жашында оорудан улам көз жумган.

https://sputnik.kg/culture/20210905/1053798005/kompozitor-zhumamudun-sheraliev-fakty.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик