Бүгүн:

Акыркы кабарлар

14:13
Бишкектеги Лев Толстой менен Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишине светофор коюлду
11:18
Атамбаевдин тарапташтары менен каршылаштары жаңжалдаша кетти. Видео
16:09
10 кызды өстүргөн ноокаттык жубайлар 9 күйөө балалуу болушту
16:03
Сүйгөн кызы өз жанын кыйганын уккан соң, өзүн атып өлтүргөн 21 жаштагы жигиттин акыркы каты жана туугандарынын версиясы
10:20
Бишкекте "Түндүк" бажысынын жетекчи орун басары Мамбетжунушева кармалды
14:22
Бишкекте ар кыл диндин өкүлдөрү ийри отуруп, түз кеңешет
13:36
"Арабадагы майып" коомдук транспортко түшө алабы? Социалдык эксперимент
13:07
Бишкекти жаңы жылга карата кооздоого канча каражат сарпталаары айтылды
10:14
Мэр Суракматов Бишкекти каптаган кара түтүн боюнча үн катты
16:10
Бишкекте майыптар үчүн пандустар орнотулууда
11:56
Каракол: өрт чыккан үйгө суусу жок келген өрт өчүрүүчүлөр, тамсыз калган үй-бүлө
11:25
Жөнөкөй малчынын идеясын автоинспекторлор улап кетти
11:24
"Манас" эл аралык аэропорту убактылуу жабылды. Себеби айтылды
10:05
“Делбиримде” Аселди аткарган Мадина Талипбек Өзбекстанда мыкты актриса аталды
16:18
Бишкекте адамдарды тоноду делген 18 жаштагы балдардын үйүнөн баңгизат табылды
16:27
Бишкек: мектеп окуучулары жетим балдар үйүнө барып белек тартуулашты
16:07
Нарындан Аксыга жер которгон маралдардын абалы айтылды. Сүрөттөр
15:57
Бишкек менен Оштогу басып алынган жерлерди мыйзамдаштыруу сунушталды
15:48
Депутат Кыргызстанга эли визасыз кирген өлкө санын 55ке жеткирүүнү сунуштады
13:45
Балыкчы ШИИБинин имаратынын чатырын шамал учуруп кетти.
10:36
Бишкек мэриясы "Ош" базарындагы абал боюнча расмий пикирин айтты
10:35
"Вечерний Бишкектин" ээси Александр Рябушкин эки айга камакка алынды
11:49
Жүзгө жакын сатуучу "Ош" базарында митинг кылып жатат
11:33
Жаңы жылга карата башкы аянт кантип кооздолот
09:35
Бишкек мэриясы газ менен жүргөн автобус алуу үчүн тендер жарыялады
09:34
Сүрөтү калды тартылып... Жатакананын дубалындагы Бурулайдын элеси. Видео
15:28
Бишкекте Бурулайдын портрети жатакананын дубалына тартылды
15:18
УКМК: Бишкек мэриясы 2017-жылды тосуу үчүн шаарды кооздоодо мыйзам бузган
14:05
Сабырбек Жумабеков дагы бир уникалдуу операция жасады
11:04
Кыргызстан эл аралык жарандык авиациянын кара тизмесинен чыгар-чыкпасы айтылды
17:30
Бишкекте экологияны булгаган жеке мончолор текшерилип жатат.
10:03
Бишкекте эми коомдук тартипке атчан милиционерлер да көз салат
13:27
Жээнбеков Атамбаев менен эмнеге чырдаша кеткенин айтып берди
13:25
Путин Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады
14:24
Облустарда аэропортторду оңдоп-түзөй башташты. Сүрөт
14:24
Облустарда аэропортторду оңдоп-түзөй башташты. Сүрөт
10:18
Бала сатууга шектелген гинекологдун бири экс-жетекчиси менен соттошуп жатат
16:15
Апасы ичип, 3 күн кароосуз калган бөбөктөр... Погончон айым — жалгыз бой эне Перизаттын жашоосу (сүрөт)
15:37
Прокуратура: Ленин райондук сотунун төрагасына иш козголду
15:35
Ичинде эли бар автобус Бишкекте каршы тилкеге чыгып кеткен видео
15:25
Бишкектеги аярламада түкүргөн милиционер табылды. Кандай жазага тартылат
14:42
Жаңы конушта жашагандар эмне үчүн балага жөлөк пул албайт? Министрдин жообу
14:34
Электрондук кезек менен бакчага кирген бөбөктөр. Кезекке туруунун жолу
14:17
Бишкектин көчөлөрү быйылкы кышта реагенттер менен тазаланабы? Мэриянын жообу
14:09
Бишкектеги үйлөрдүн сырткы көрүнүшү өзгөрөт. Сынакка түшкөн эскиздер
Бардык кабарлар

БАБАЛАР ИЗИ

Тарых
672
0

Ташка чегилген байыркы сүрөттөр

 

БАБАЛАР ИЗИ

 

БАБАЛАР ИЗИ

 

БАБАЛАР ИЗИ

 

БАБАЛАР ИЗИ

 

БАБАЛАР ИЗИ

 

Мен кесибим боюнча тоолордо көп жүргөндүктөн, бул сүрөттөрдү алгач көргөндө ички дүйнөмдө бир кызыктай толкундоолор пайда болуп, ушул таштардын арасында олтуруп алып, таштарга сүрөт чегип жаткан байыркы адамдарды көрүп тургандай болдум эле. Ал жаш курак алда качан өтүп, чачты бубак баскан кезде ошол сүрөттөр жөнүндө коомчулукка билдирүүнү эп көрдүм. Ошол себептен, 2013-жылдын август айында атайы ат арытып, Бугулуу-Төр жайлоосуна чыгып барып, ал жердеги петроглифтерди ар бир ташка бор менен номур коюп, фотоаппарат менен сүрөткө тартып келгенмин. Тилекке каршы, ошол байыркы сүрөттөр чегилген айрым таштарга биздин эле заманда кой багып чыккан малчылар өз ысымдарын чегип жаза коюп, жазууларды кошумчалап койгонуна абдан кабатырландым. Байыркы эстеликтерге аяр мамиле жасабасак, аларды жоготуп алуу ар күн сайын актуалдуу болуп кала берери бышык.

Бүгүнкү күнгө чейин Чаткал өрөөнүнүн тарыхына кызыккан ар түрдүү кесиптеги, ар кандай курактагы адамдар менден ушул сүрөттөрдү сурашып алышкан. Бирок, алар бул  сүрөттөрдү эмне максатта алышканы мага белгисиз. Ошондуктан бул сүрөттөрдү  газета, сайттарга берүүнү эп көрдүм.

Кызыктуусу – ушул сүрөттөрдү чеккен адамдар алардын эмгектерин миңдеген жылдар бою сактай ала турган таш материалдарды жаңылбай тандай билгендигинде. Алардын тарткан ар бир сүрөттөрү ар кандай формадагы жана  катуу таштарга чегилген. Бул таш корумдар бир замандарда аска-зоонун урашынан пайда болгону көрүнүп турат. Жайгашкан жери – Чаткал районунун Чаткал айыл аймагындагы Курулуш айылынын түндүк тарабынан агып түшүп, Чаткал дарыясына куюп жаткан Чоң-Жарты-Суу сайынын төрүнөн орун алган. Тактап айтканда, деңиз деңгээлинен 3770 метр бийиктиктеги, Өзбекстанга чектеш жайгашкан Беш-Таш ашуусуна жакын Бугулуу-Төр жайлоосунда жайгашкан. Ташка чегилген сүрөттөр, эскирип, араң эле байкалышы же, көзгө араң көрүнүп тургандыгы эле бул сүрөттөрдүн бир канча кылымдар аралыгында тартылгандыгын айгинелеп тургансыйт. Бул жерде петроглифтер чегилген таштардын саны жүздөн ашуун болгону менен, сүрөттөрдүн саны көбүрөөк, себеби, айрым таштарда жалгыз гана сүрөт болсо, айрымдарында беш-ондон сүрөт тартылган. Сүрөттөрдө негизинен, тоо текелер, бугулар жана аңчылар чагылдырылган. Айрым таштарда иттер менен аңчылык кылуу учуру тартылса, айрым сүрөттөрдө аттар менен аңчылык кылып жүргөн көрүнүштөр тартылган. Эң кызыктуусу жана таңгалыштуусу – айрым сүрөттөрдө куйруктуу же, үч буттуу адамдардын тартылганы. Мындай адамдардын сүрөттөрүн 2016-жылдын декабрь, же январь айында Орусиянын биринчи каналынан белгилүү алып баруучу Валдис Пельш Байкал көлүнүн айланасындагы аска таштардан таап, тартып алып, коомчулукка көрсөтүү менен, аларды башка планетадан келген адамдарбы?....-деген жоромолун айтпады беле.

Дагы бир кызыгы, бул сүрөттөр топтомунда доңузга окшогон жаныбардын сүрөтү бар. Илбирстин башына окшогону да бар. Бумерангга окшогон нерсенин сүрөтү да кездешет. Кандай болгон күндө да, бул сүрөттөр биздин жерге ислам дини таралганга чейинки доорлорго таандык деп ишенсек болот, себеби ислам дини доңуздун гана эмес, адамдын сүрөтүн тартканга да тыюу салат эмеспи.

Кыргызстанда аска таштарга чегилген сүрөттөр көп эле кездешери белгилүү. Мисалы, “Кыргызстандын тарыхы: Урунттуу учурлар” (2012. Авт: Ө. Осмонов, А. Мырзакматова)  окуу китебинен төмөнкүдөй маалыматты ала алабыз: “Саймалуу-Таштагы аска таштагы сүрөттөр (петроглифтер) коло дооруна таандык. Ал жерде 100 000ден ашуун сүрөт болгондуктан, ал жерди Саймалы-Таш сүрөт галереясы деп атап коюшкан. Бул дүйнөдөгү таш бетине чегилген эң чоң сүрөт галереясы болуп эсептелет. Аз сандагы аскага тартылган сүрөттөр Сулайман тоосунан, Араван кыштагына жакын аскадан (Дулдул-Ата мазары), Чолпон-Ата шаарына жакын жерден, Кетмен-Төбө жана Алай өрөөндөрүнөн табылган. Бул сүрөттөр б.з.ч. 3 миң жылдан баштап, орто кылымдарга чейинки ташка чегилип келгендиги аныкталган.” 

Эми, бул табылгаларга биздин Чаткал өрөөнүндөгү аска таштарга чегилген сүрөттөрдүн эң ириси катары жогоруда аталган Бугулуу-Төрдөгү сүрөттөрдү кошуп кетсек калыстык болоор.

Мен тарыхчы, археолог, же байыркы сүрөттөрдү окуп, чечмелеген адис окумуштуу эмесмин. Ошондуктан, бул таштардагы байыркы жазууларга окшогон айрым чийме белгилер өзүнүн изилдөөчүлөрүн табат деген ишеничтемин.

Менин кесибим жаратылышты коргоочу болгондуктан, эми ошол өңүттөн ой толгоюн. Бул таштарга чегилген адамдар менен жапайы жаныбарлардын сүрөттөрү аркылуу байыркы ата-бабалар Адам менен Жаратылыштын өз ара байланышына, бири-бирине болгон көз карандылыгына өтө терең маани берип, аны бизге осуят катары ушул сүрөттөр аркылуу калтырышканбы деймин. Себеби, илим менен техника өнүгө элек ошол жашоосу катаал жана татаал замандарда адам баласы көбүнчө мергенчилик менен тирилик өтөгөнүн карт тарыхтан билебиз. Далай ачарчылыкта адамдарды эти ач өлүмдөн, териси жаан-чачындан, сууктан сактаган кайберенди бабалар ыйык тутуп келишкен. Керек болсо аларга сыйынышып, өздөрүнө зарыл болгон учурда, же муктаждыкка жараша пайдаланышкан.

Жаратылышка ашыкча зыян келтирүүдөн сактанышып, бөөдө убалдан коркушкан. Азыркы замандагыдай курсак ток болуп турса да үйүн, офисин же, кафе, ресторанын кооздош үчүн мүйүздүү баштарын, терилерин, катырылган кебин мактануу үчүн кырып, жоюшкан эмес. Алар өлбөстүн оокаты үчүн аң уулоого чыгууга аргасыз болушкан. Ошол мезгилде кайберендер менен жанаша жашашып, тоо арасында, аска таш аралап көчүп-конуп жашап жүрүшкөн. Болбосо, бийиктиги деңиз деңгээлинен 3770 метр бийиктиктеги Бугулуу-Төрдө таштарга сүрөт чегип аларга не күч келди дейсиң. Алар кайберендерди бир күндүк оокат үчүн кырып-жойбой, келечек урпактары үчүн көбөйүшүнө кызыкдар болушкан. Аша чапканды табият атактуу Кожожаш мергенди жазалагандай жазаларын кийинки урпактарга эскертишкен. Ошол түшүнүктөн, ошол өңүттөн тирилик улантышкан. Бизге да ошондой керез-мурас калтырышкан. Өзү олтурган бутакты кыйган кем акылдай болбой, өзүбүз жашаган чөйрөнү сактай билели жана кийинки муундарга мураска калтыралы.

 

Рыскулбек ТАЛАСБАЕВ,

Чаткал районунун мергенчилик тармагынын кызматкери

скачать dle 11.0фильмы бесплатно