Газета «Взгляд» принимает блочные, строчные объявления о покупке и продаже движимого и недвижимого имущества, и о покупке и продаже автомобилей. Объявления о вакантных должностях, о поиске работы, квартиры и др. Наш адрес: г. Жалалабат, ул. Шопокова 4.(пересечение ул.Чехова) Тел.: (03722) 7-34-84

РЫСПАЙ СУЛАЙМАН ТООГО КАНТИП КОЮЛГАН?

Сулайман  тоо Ош шаары канча убакыт жашаса, ошондон бери мазар катары пайдаланылып, ыйык жер катары саналат. Анын аймагында репрессия жылдары адамдарды топ-тобу менен көмгөн жерлер да бар дешет. Өткөн кылымда анын жандатып жол салынган, ошондо бир топ жаңы мүрзөлөрдү көчүрүп кайра көмүшкөн. Ошондон кийин Сулайман тоого эч кимдин сөөгү коюлбасын деген токтом чыгарылган, бул токтом кийин да колдоого алынып, чыгарылган чечим азыр да күчүндө. Сулайман тоо ыйык жер катары ЮНЕСКОнун тизмесине да кирген. Бирок атактуу обончу Рыспай Абдыкадыровдун сөөгү ошол токтомду эске албастан, Сулайман тоого коюлган. Бул чечим кандайча кабыл алынып, кантип ишке ашкан? Төмөндө ошол тууралуу баяндап бермекчибиз.

РЫСПАЙ СУЛАЙМАН ТООГО КАНТИП КОЮЛГАН?

 

Белгилүү финансист, Эркин ажы Бегимкулов бул окуя тууралуу бизге буларды айтып берди:

Атактуу обончубуз Рыспай Абдыкадыровдун аялы Давлет менен менин аялым Чолпондун жакындык жактары болгондуктан, биз бири-бирибизге “Бажа” деп кайрылчубуз. Анда Касым Мадаминович Исманов Жалал-Абад шаарынын мэри эле, ал бизге кайни болот, ошол киши бир күнү мага чалып: “Жезде, Рыспай жезде пенделик кылыптыр, Ошко барбасак болбойт”,- деп калды. Ошентип Ошко жөнөдүк, жол ката ойлонуп, олтуруп мен “Рыспай Абдыкадыров деген атактуу инсандын түбөлүктүү жайы Сулайман тоосунда болсо, кийин-соңунда анын арбагын сыйлагандар ошол жерге келип куран окушса, гүл коюшса, абдан туура болот экен”.- деген ойго бекидим, бирок аны Касымга айтканым жок. Рыспайдын үйүнө барып,  Давлетке жолугуп, көңүл айтып, анан Рыспайды Сулайман тоосуна коюшубуз керек, сен бирөөлөр сураса, Рыспайдын керези ошондой болгон деп айт деп макулдаштым. Анан ошол кездеги Ош областынын губернатору Абдыганы Эркебаевге кирип, сүйлөшүп, тиешелүү комиссия түзүү боюнча макулдаштык, Ал киши: “Сулайман тоо боюнча токтом чыгып калган экен, Рыспайдын жасатын ал жерге коюу жөнүндөгү ишти аксакалдар, түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү болуп биргелешип чечиңиздер”,- деди. Комиссиянын төрагасы Абдибаит Тажибаев эле, аларга Рыспайды Сулайман тоого коёлу деген оюмду айтсам, “Мүмкүн эмес, ал жер боюнча тиешелүү токтом чыгып калган” – дешип дегеле жуутушпайт. Чын эле обком партия менен эл депутаттарынын областтык аткаруу комитетинин Сулайман тоосуна эч кимдин жасатын койдурбоо боюнча биргелешкен токтому бар экен. “Ноокат жолу тарапта жаңы мазар ачылган. Ошол жерге Оштун, областтын атактуу адамдары коюла турган атайын аллея куралы, Р. Абдыкадыровдун мүрзөсү ошол жакшы иштин башталышы болсун. Сулайман тоого дээрлик кырк жылдан бери эч ким коюла элек. Өзбек туугандар ажыга 5 – 6 жолу барып келген бир атактуу адамды коёлу деп суранышканда да макулдук берген эмеспиз, эми өзүбүз андай кадамга барсак, алар тараптан нааразылык болот”,- дешет. Мен Рыспай Абдыкадыров өзү ошентип айтып жүргөн экен. Маркумдун керезин аткарбайбызбы деп көшөрдүм. Комиссиянын курамындагы бир киши Рыспайдын өкүл атасы экен, аны менен журналист, акын Абдрашит Урбаев: “Биз канча жыл бирге жүрдүк, Рыспайдын оозунан андай сөз чыкканын укпаганбыз” – деп чыгышты. Мен аялынан сурагыла дедим.  Ал тургай ошол учурда Ош шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы болуп иштеген бир аксакал: “Сулайман тоого азыр эч ким коюлбайт, ал жерге койсок, эч ким деле барбайт”,- дейт, мен: “Кечиресиз, эгер сиз экөөбүз коюлсак, эч ким барбай калышы мүмкүн, эгер Рыспай Абдыкадыров коюлса, аны урматтаган адамдардын аягы эч убакта үзүлбөйт”,- дедим.  Кийин ошол аксакал Жалал-Абадга курортко келиптир, бир козу союп мейман кылдым, ошондо ал:  “Сен Рыспай тууралуу туура айткан экенсиң”,- деп мойнуна алды.

Мен Махмуд Исмаилов деген мурда обкомдун катчысы, кийин ОМПИнин проректору болуп жүргөн адам Султан Ибраимов ооруканада көргөнү барганда суранып, Сулайман тоого коюлганын, андан бери жыйырма жылга жакын убакыт өткөнүн айтып, “Эмне үчүн биз атактуу адамыбызды кайсы бир жерге коюш үчүн башка бир элден уруксат алышыбыз керек?”,- деп сурадым. Эгер башка улуттагы кай бир адамдар менен сүйлөшүү керек болсо айтыңыздар, мен өзүм сүйлөшүп көрөйүн дедим, андай сүйлөшүүнүн кереги жок дешти. “Андай болсо, Рыспай теледен чыгып: “Менин үч арманым бар, бири уулдуу болбодум, бири жарытылуу үй-жай жасай албадым, бири катарлаштарыма берилген ардак наам, сыйлыктарды мага ыйгарышкан жок”.-  деген эле, Ошто кырк жылга жакын жашаган Рыспайды биз көзү тирүүсүндө жарытып сыйлай албадык, эми өлгөндө эки метр ылайыктуу жер берилбесе, анда биз аны Жалал-Абадга алып барып, ардактап жерге беребиз, Мына, Жалал-Абаддын акими, Рыспайдын кайниси жанымда олтурат”.- дедим. Акыры уруксат беришти, коюла турган жерди Касым экөөбүз барып, эң сонун жерден тандадык, А. Сүйүнбаев Ошто обкомдун биринчи катчысы болуп турганда көзү өткөн кызынын сөөгү коюлган жер бар экен, ошого жакын жерди тандадым. Жусуп Шарипович Шарипов шаардын мэринин орун басары экен, ал жай казуу боюнча иштердин баарын уюштурду. Анын атасы Шарип аксакал Кара-Кулжадан келип, бардык каада- салт, оокат-аш жагын башкарып турду. Ош университетинин имаратынын ичинде Рыспай Абдыкадыров менен коштошуу каадасы уюштурулду, ошол коштошуу бүтөргө жарым саат калганда, мага бирөө шыбырап, “Жайга дайындалган жерден таш чыгып калыптыр, башка жер караштырып жатышат”?- деп калса болобу? Чуркап жөнөдүм... Жумакадыр Исаков деген шаар жетекчилеринин бири мурдагы Ош телевидениеси турган жердин туш ченинен, Сулайман тоонун түбүндөгү каналдын эки метрдей эле үстүнөн эксковатор менен жер чукутуп баштап калган экен, сурасам, “Баягы жер таш экен, болбойт деп жатышат”.- дейт. Ошол жерден чуркап жай казгандарга жетип бардым, баары тизилип олтурушат, “Эмне болду?” – десем, “Алла  жай бербей жатат окшойт, таш экен”.- дейт. Мен: “Эй, балдар, силерге ушул иш үчүн канча сом бермекчи болушту?”,- деп сурадым. “Жүз сом”,- дешти. “Үч жүз сом аласыңар, дагы бир аракет кылып көргүлө”,- дедим. Алар кыйылып турушуп, “Мейли, аракет кылалы, бирок жарым сааттан кийин коё турган адам келип, жайды көрүп берсин”,- дешти. Сураштырсам, тагаларынан бирөөнү коёт дешти, ал киши келип көрүп, жайды жактырды. Ошону менен Рыспай Абдыкадыровдун сөөгү Сулайман тоого коюлуп калды, бирок койгону келген адамдар кырк мүнөтчө күтүп калышканы чындык...

Кайтып келе жатканда мен Касымдан: “Эмне үчүн мен ушунча талашып-тартышып жатсам, сен бир ооз сөз кошуп койбойсуң?”,- деп сурадым. “Сизге ошончо каршы болуп жатышат, мени кимиси укмак эле?”,- деп тим болду...

...Азыр атактуу обончунун коюлган жери, жаштардын, анан таланттын сыйлагандардын, Сулайман тоого эски жол менен чыкмакчы болгон ар бир эле адамдын кайрылып өтө турган жерине айланган...

 

Жазып алган Самидин Стамбеков,

Жалал-Абад шаары

скачать dle 11.0фильмы бесплатно
  • 0
Добавлено: 24-04-2017, 19:12
0
186

Похожие публикации


© Copyright 2016 – Рекламно-информационный вестник «ВЗГЛЯД». Все права защищены.
Наверх