Бүгүн:

Акыркы кабарлар

19:31
Садыр Жапаров: Ата мекендик ишкерлерди офшордук аймактардан каражаттарын кайтарууга чакырам
19:28
БШК Момбеков боюнча соттун чечимине макул эмес. Кийинки кадам кандай болот?
19:27
Жапаров: Кыргызстан шайлоону демократиялык принциптерге ылайык өткөрөт
19:26
Добуш бересизби? Бул номер менен тизмеден өзүңүздү тактап аласыз
23:30
УКМК бийликти басып алууга шектелген талапкерлердин атын атады
23:29
Коопсуздук кеңеши Улуттук коопсуздук концепциясын жактырды
16:00
Абдувапов: Ноябрга карата 94,1 млрд сом салык чогултулду же план 102,5%га аткарылды
15:55
Бишкекте арзан көмүр кайра сатыла баштады. Бирок бир шарты бар
15:53
3 млн. долларлык зыянды Эсеп палатасынын кызматкерлери жашырган деп шектелүүдө
15:52
Жээнбеков, Зулпукаров, Сарпашев жана Нарымбаев жаңы жылды абактан тосот
21:56
Акылбек Жапаров: Парламенттик шайлоолор коомдук жана эпидкоопсуздукту камсыздоо менен өткөрүлүшү тийиш
21:54
Кыргызстанда сүт тартыштыгы жаралдыбы? Министрдин жообу
21:53
БШК Дастан Жумабековго 22,5 миң сом айып салып, эскертүү берди
21:52
Кыргызстанда чакан ГЭС документациясын иштеп чыгууга сынак жарыяланды
21:51
Шайлоо өнөктүгүнө катышкан спорт, маданият кызматкерлери иштен алынды
21:50
"Дастан" заводу продукциясын Россияга сатат. 459 млн. сомдук келишим түзүлдү
21:49
Маморгандар менен ЖМКлар "кыргызчаланат". Өзгөрүү кирчү тил мыйзамына сереп
21:48
Авиация агенттиги: президенттик учак жыл сайын көп чыгым талап кылууда
20:17
Улуттук банк Кыргызстандан чыгарылган акча боюнча комментарий берди
20:16
Жапаров Шевченкого сертификат тапшырып, спортчу ага мээлейин белек кылды
20:56
Улуттук тарых музейи 22-ноябрда санитардык тазалоо иштерине байланыштуу жабык болот
20:55
Centerra Gold Inc. Кумтөр кени аларга таандык эмес экенин тааныган чечим кабыл алды - Акылбек Жапаров
20:52
Жаңы жылда кыргызстандыктар кеминде 3 күн эс алат. Календарь
10:32
КР Эмгек министрлиги Казань федералдык университети менен кызматташат
10:28
Жапаров Татарстандын президенти Минниханов менен жолукту. Талкууланган маселелер
10:28
"Бишкекгаздын" бригадалары газ көбүрөөк жыттанган жердин баарын текшерди
10:26
Кыргызстанда ветеринария тармагында өзгөчө кызмат көрсөтүүлөр иштелип чыкты
23:12
Акылбек Жапаров Михаил Мишустин менен жолугушту
23:09
Акылбек Жапаров өкмөттөр аралык кеңешке катышуу үчүн Ереванга барды
23:08
Митинг жардамчы эмес, бирок маселе каралат. Жапаров Ак үйгө келгендерге жолукту
23:07
260 миң сомдук айып, 2,5 жылдык түрмө. Шайлоо эрежесин бузгандар кантип жазаланат
15:05
Кыргызстанда кумшекер өткөн жылга салыштырмалуу 15 сомго кымбаттады
15:04
Өзбекстан менен Түркмөнстан авариялык жагдайдан улам КРга электр энергия берүүнү убактылуу токтотту
15:00
БУУ: Кыргызстанда жакырлар көбөйүп, эл начар тамактанууда
14:59
Бишкектин мэри Жунушалиев Минскидеги автозаводго барды
14:59
Төрт вакцинанын каалаган түрүн аласыз. Бишкектеги даректер
14:58
Талапкердин шайлоочуга акча таратууга шектелген тууганы кармалды
12:12
Гуманитардык жардам үчүн кайрылууга аргасыз болгон кыргызстандыктар көбөйүүдө – жакырчылык
12:10
Чүйдө алдын алуу иш-чаралардын жыйынтыгында беш курал жана 24 ок-дары табылды
12:09
Бишкекте дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Мырзайым Каниметова изделүүдө
12:06
Балыкчы — Каракол жолу кантип курулуп жатат
12:05
"Түндүк электр": карыз төлөнбөсө эртеңден тарта 4600 үй электр энергиясыз калат
11:34
Өлкө ИДПсы 557 млрд. сомду түздү. Экономиканын кайсы тармагы өсүп жатат
11:23
Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту
11:23
УКМК: 2 млн сом опузалап талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды
Бардык кабарлар

Жээнбеков COVID менен күрөшкөн 90 кызматкерге мамлекеттик сыйлык ыйгарды.

Демилге
145
0

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирусту ооздуктоодо алдыңкы катарда турган бир катар кызматкерлерге мамлекеттик сыйлык ыйгарды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков бүгүн, 27-августта, коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө көрсөткөн кайратман жана ак ниет эмгеги, туруктуулугу жана чыдамкайлыгы, жарандык милдетине берилгендиги, адам өмүрүн сактоо ишиндеги кесипкөйлүгү үчүн "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" жарлыкка кол койгон.

Өкмөт өзгөчөлөнгөн дарыгерлерди Ардак грамота менен сыйлады. Тизме

Тогуз кызматкерге Даңк медалы ыйгарылат:

  • Султан Жаманов — Мамлекеттик чек ара кызматынын бейтапканасынын начальниги, медицина кызматынын капитаны;
  • Сапарбек Исаев — Түп райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун "Арал" үй-бүлөлүк врачтар тобунун клиникалык жетекчиси;
  • Замирбек Мазаитов — ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын №13 атайын өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн улук өрт өчүрүүчү-куткаруучусу, старшина;
  • Сүйүнбек Ниязбеков — ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги;
  • Баатыр Полотов — Ош облусунун Кара-Суу районунун Октябрь айылынын старостасы;
  • Ольга Сиротина — ИИМдин медициналык башкармалыгынын терапевт-врачы;
  • Жоомарт Токторалиев — Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскердик-медициналык башкармалыгынын начальниги, медицина кызматынын подполковниги;
  • Жылдызкан Торогелдиева — Ош шаарынын медициналык тез жардам станциясынын врачы;
  • Дамира Чарабаева — Бишкек шаарынын Биринчи май районунун бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун №7 үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы врачы;

Ал эми "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы" ардак наамы 21 дарыгерге берилет.

Жээнбеков жаңы паркка ыктыярчы Адинайдын ысымын ыйгарууну сунуштады

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын  Ардак грамотасы менен 60 адам сыйланат. Алардын арасында медиктер, күч түзүмдөрүндө, элчиликте иштегендер, социалдык кызматкерлер, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана журналисттер бар.

Сыйлык ыйгарыла турган кызматкерлердин толук тизмеси президенттин сайтына жарыяланды. 



Дагы: https://sputnik.kg/society/20200827/1049439382/elektronduk-sistema-zharandyk-dokument.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик