Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:22
Туруктуулукту бузабыз дегендерге жол бербейбиз! Жапаров элге кайрылды
23:21
ЖКга шайлоонун партиялар боюнча жыйынтыгы чыкты
19:31
Садыр Жапаров: Ата мекендик ишкерлерди офшордук аймактардан каражаттарын кайтарууга чакырам
19:28
БШК Момбеков боюнча соттун чечимине макул эмес. Кийинки кадам кандай болот?
19:27
Жапаров: Кыргызстан шайлоону демократиялык принциптерге ылайык өткөрөт
19:26
Добуш бересизби? Бул номер менен тизмеден өзүңүздү тактап аласыз
23:30
УКМК бийликти басып алууга шектелген талапкерлердин атын атады
23:29
Коопсуздук кеңеши Улуттук коопсуздук концепциясын жактырды
16:00
Абдувапов: Ноябрга карата 94,1 млрд сом салык чогултулду же план 102,5%га аткарылды
15:55
Бишкекте арзан көмүр кайра сатыла баштады. Бирок бир шарты бар
15:53
3 млн. долларлык зыянды Эсеп палатасынын кызматкерлери жашырган деп шектелүүдө
15:52
Жээнбеков, Зулпукаров, Сарпашев жана Нарымбаев жаңы жылды абактан тосот
21:56
Акылбек Жапаров: Парламенттик шайлоолор коомдук жана эпидкоопсуздукту камсыздоо менен өткөрүлүшү тийиш
21:54
Кыргызстанда сүт тартыштыгы жаралдыбы? Министрдин жообу
21:53
БШК Дастан Жумабековго 22,5 миң сом айып салып, эскертүү берди
21:52
Кыргызстанда чакан ГЭС документациясын иштеп чыгууга сынак жарыяланды
21:51
Шайлоо өнөктүгүнө катышкан спорт, маданият кызматкерлери иштен алынды
21:50
"Дастан" заводу продукциясын Россияга сатат. 459 млн. сомдук келишим түзүлдү
21:49
Маморгандар менен ЖМКлар "кыргызчаланат". Өзгөрүү кирчү тил мыйзамына сереп
21:48
Авиация агенттиги: президенттик учак жыл сайын көп чыгым талап кылууда
20:17
Улуттук банк Кыргызстандан чыгарылган акча боюнча комментарий берди
20:16
Жапаров Шевченкого сертификат тапшырып, спортчу ага мээлейин белек кылды
20:56
Улуттук тарых музейи 22-ноябрда санитардык тазалоо иштерине байланыштуу жабык болот
20:55
Centerra Gold Inc. Кумтөр кени аларга таандык эмес экенин тааныган чечим кабыл алды - Акылбек Жапаров
20:52
Жаңы жылда кыргызстандыктар кеминде 3 күн эс алат. Календарь
10:32
КР Эмгек министрлиги Казань федералдык университети менен кызматташат
10:28
Жапаров Татарстандын президенти Минниханов менен жолукту. Талкууланган маселелер
10:28
"Бишкекгаздын" бригадалары газ көбүрөөк жыттанган жердин баарын текшерди
10:26
Кыргызстанда ветеринария тармагында өзгөчө кызмат көрсөтүүлөр иштелип чыкты
23:12
Акылбек Жапаров Михаил Мишустин менен жолугушту
23:09
Акылбек Жапаров өкмөттөр аралык кеңешке катышуу үчүн Ереванга барды
23:08
Митинг жардамчы эмес, бирок маселе каралат. Жапаров Ак үйгө келгендерге жолукту
23:07
260 миң сомдук айып, 2,5 жылдык түрмө. Шайлоо эрежесин бузгандар кантип жазаланат
15:05
Кыргызстанда кумшекер өткөн жылга салыштырмалуу 15 сомго кымбаттады
15:04
Өзбекстан менен Түркмөнстан авариялык жагдайдан улам КРга электр энергия берүүнү убактылуу токтотту
15:00
БУУ: Кыргызстанда жакырлар көбөйүп, эл начар тамактанууда
14:59
Бишкектин мэри Жунушалиев Минскидеги автозаводго барды
14:59
Төрт вакцинанын каалаган түрүн аласыз. Бишкектеги даректер
14:58
Талапкердин шайлоочуга акча таратууга шектелген тууганы кармалды
12:12
Гуманитардык жардам үчүн кайрылууга аргасыз болгон кыргызстандыктар көбөйүүдө – жакырчылык
12:10
Чүйдө алдын алуу иш-чаралардын жыйынтыгында беш курал жана 24 ок-дары табылды
12:09
Бишкекте дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Мырзайым Каниметова изделүүдө
12:06
Балыкчы — Каракол жолу кантип курулуп жатат
12:05
"Түндүк электр": карыз төлөнбөсө эртеңден тарта 4600 үй электр энергиясыз калат
11:34
Өлкө ИДПсы 557 млрд. сомду түздү. Экономиканын кайсы тармагы өсүп жатат
Бардык кабарлар

Улуу көчтү улагандар чыгаттыр. Кино өнөрүн четтен окуп жаткан жаштар кеп салганда

Демилге / Жан дүйнө
155
0

1941-жылдын 17-ноябрында Кыргыз ССРинин эл комиссарлар кеңеши тарабынан Фрунзе шаарында кинохроника студиясын уюштуруу токтому кабыл алынган.

1961-жылы киностудия "Кыргызфильм" болуп өзгөрүлүп, кийин ага Төлөмүш Океевдин ысымы ыйгарылган. Ал эми биринчи кыргыз киносу "Салтанат" 1955-жылы тартылган. Ошентип кыргыз кино өнөрүнүн улуу көчү башталган.

 

Бүгүнкү, 17-ноябрь - Кыргыз киносунун күнү деп аталган датанын урматына, учурда чет өлкөлөрдө түйшүктүү, ардактуу кино өнөрүн өздөштүрөм деп билим алып жүргөн кыргызстандык жаштарды кепке тарттык. Балким булардан кийин келечектин Окееви, Шамшиеви, Базарову, Убукееви, Видугириси, Садырбаеви чыгаттыр.

Жолдубай кызы Бегим. 24 жашта. Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Талды-Суу айылында туулуп-өскөн. Учурда Түркиядагы Караман шаарынын Мехмет Караманоглу университетинде магистратурада жаңы медиа бөлүмүндө окуп жатат. Кино тармагына 2016-жылдан бери аралашып жүрөт. Бир топ автордук ("Акыркы көч", "Шамбала") жана коммерциялык ("Такебай", "Ата", "Апамды издеп", "Эл укпасын" ) толук жана кыска метраждуу тасмаларда режиссёрдун жардамчысы, оператордун жардамчысы, костюмер, фотограф, үн оператору болуп иштеп, тажрыйба топтогон. 

Молодой режиссер Бегим Жолдубай кызы, участвовавшая во многих международных кинофестивалях
© ФОТО / ПРЕДОСТАВЛЕНО БЕГИМ ЖОЛДУБАЙ КЫЗЫ
Жолдубай кызы Бегим 24 жашта
"Келечекте кино жана фотография тармагында көп эмгектерди жараткым келет. Дүйнөнүн ар жеринде сүрөт көргөзмөлөрүн уюштуруп, жакшы кинокартиналарды жаратам деген кыялым бар. Ошондой эле Түркиянын кино тармагында иштөөнү да каалайм", - дейт Жолдубай кызы Бегим.

Ал өзү тарткан даректүү "Узак жол" фильми бир нече эл аралык кинофестивалда жеңишке жетишкен.

Бегим Кыргыз-түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү. Түркиядагы окуусун бүткөн соң Кыргызстанга кайтып келип, үйрөнгөндөрүн башка жаштар менен бөлүшкүсү келет.

Каныбек Калматов. 19 жашта. Бишкекте туулуп-өскөн. Ушул учурда Москва шаарындагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтунда (ВГИК) кинооператорлукка окууда. 

Молодой режиссер Каныбек Калматов, участвовавший во многих международных кинофестивалях
© ФОТО / ПРЕДОСТАВЛЕНО КАНЫБЕКОМ КАЛМАТОВЫМ
Каныбек Калматов 19 жашта
"Он эки жашымдан баштап визуалдык искусство менен алектенгем. Ошол мезгилде байкем мага фотоаппарат белек кылган. Баштапкы сүрөттөрүм абдан жөнөкөй болгон. 15 жашымда кыска метраждуу кино тартып, ошол эмгегим менен сынактарда сыйлыктарга жетиштим. Мына ошондон кийин гана менде өзүмө ишеничим пайда болгон. Ошентип ар кайсы долбоорлордо иштей баштадым. 17 жашымда менин максатым бийиктеди - Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтуна (ВГИК) тапшырууну чечтим".

Курстук иш катары бир нече даректүү тасма жараткан. Ал эми окуудан тышкаркы убактарда реклама жана музыкалык клиптерди тартат.

Калматов "Карек" республикалык кинофестивалынын жеңүүчүсү. Ал келечекте кыргыз киноискусствосуна өз салымын кошкон мыкты оператор болуп, мааниси терең фильмдерди жаратууну кыялданат.

Самара Сагынбаева. Алайкуунун Кондук айылында жарык дүйнөгө келген. Учурда Чехиядагы Прага искусство академиясынын (FAMU) Кино жана ТВ киномектебинде билим алууда. 

Кыргызстанка Самара Сагынбаева сейчас учится в академии искусств в Праге.
© ФОТО / ПРЕДОСТАВЛЕНО САМАРОЙ САГЫНБАЕВОЙ
Самара Сагынбаева
"Келечекке пландар көп, бирок аны жасаш үчүн жалкоолукту ташташ керек. Окуумду бүтсөм Кыргызстанга кайтып келем. Бирок Европа автордук кино үчүн абдан ыңгайлуу. Ошондуктан Европа менен Кыргызстандын ортосунда, эки жакта тең бирдей иштеп жашап турганга аракет кылам."
Сагынбаева Улуттук университеттин журналистика факультетин аяктаган. Темир Бирназаровдун кино боюнча жеке курсуна барып, кино тартуу ышкысы пайда болгон. Алгачкы тарткан "Туяк" тасмасында өзү жалгыз камераны кармап, оператор да, режиссер да болуп иштеген. Кийин аталган кинофильми ийгиликтерди жаратып, чоң киного жол ачкан. Учурда үч тасмасы бар. Акыркы тарткан "Селкинчек" аттуу кыска метраждуу фильми эл аралык фестивалдарды багындырууда.

 

Айша Султанбекова. 23 жашта, Аксы районуна караштуу Кербен шаарында төрөлгөн. Азыркы тапта кино багыты боюнча Остин шаарында жайгашкан Техас университетинде билим алууда. "Астра" даректүү фильми менен эл аралык келечектүү фестивалдарга катышып келген. 

Молодой режиссер Айша Султанбекова, участвовавшая во многих международных кинофестивалях
© ФОТО / ПРЕДОСТАВЛЕНО АЙШОЙ СУЛТАНБЕКОВОЙ
Айша Султанбекова 23 жашта
"Эң биринчи максатым - окуумду аман-эсен аяктоо жана келечекте чыгыш өлкөлөрү менен биргеликте көрүүчүлөрдү тамшанткан кинолорду жаратуу."

Султанбекова Борбор Азиядагы Америка университетинде билим алган. Ал чыгыш өлкөлөрүнөн алган билимин жана тажрыйбасын Кыргызстанга келип колдонуп, башкалар менен да бөлүшүүнү каалайт.

Бекинай Токтосунова. 27 жашта, Ошто туулуп-өскөн. Учурда Италиянын Рим шаарындагы Искусство академиясында (RUFA) кино багытында билим алууда. MBpro студиясында экинчи режиссёр болуп эмгектенип, "Напарниктер", "Бир тууганчик-2", "Такебай" кинолорун жаратууга салымын кошкон. 

Молодой режиссер Бекинай Токтосунова, участвовавшая во многих международных кинофестивалях
© ФОТО / ПРЕДОСТАВЛЕНО БЕКИНАЙ ТОКТОСУНОВОЙ
Бекинай Токтосунова 27 жашта
"Максатым - кыргыз киносун эл аралык деңгээлге чыгаруу. Бул максатка жетүү оңой эмес, бирок колуман келишинче бардык күчүмдү жумшайм."

Токтосунова алгач Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин бүтүргөн. Анын дипломдук иши катары тарткан "Манежде" даректүү фильми бир канча эл аралык сынактарда жогорку баага татыган.

Мадина Исмаилова. 25 жашта, Жалал-Абад шаарында туулган. 

Молодой режиссер Мадина Исмаилова, участвовавшая во многих международных кинофестивалях
© ФОТО / ПРЕДОСТАВЛЕНО МАДИНОЙ ИСМАИЛОВОЙ
Мадина Исмаилова 25 жашта

Учурда Лос-Анджелесте (АКШ) Калифорния университетинде режиссёр адистигинде окуйт.

Кыргызстанда режиссер Бакыт Карагуловдун устатканасында бир топ кинолорду жаратууда кошо эмгектенип, тажрыйба топтогон.

"Режиссер менен артисттин жашоосу дайыма эле жеңил болбойт, ар кандай кыйынчылыктардан өтүш керек. Бирок кыйынчылыктар адамга күч-кубат берет деп ойлойм. Окууну аяктаган соң бизге америкалык кинокомпанияда бир жылдык тажрыйба алууга уруксат берилет. Буюрса, ал мүмкүнчүлүктү да колдон чыгарбайм. Кыргызстан - үйүм, мекеним. Ата-энем, бир туугандарым жана досторум ошол жерде. Сөзсүз өз жеримде кино тарткым келет".

Исмаилова да Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин театр жана кино факультетин аяктаган. Ал студент кезинде бир нече фильм тартып, ийгиликтерге жетише алган. Учурда көркөм тасма тартуу үчүн сценарийин бышырып жүргөн кези.

Дагы: https://sputnik.kg/culture/20201117/1050463101/kino-onordu-chetten-okup-zhatkan-zhashtar-menen-maek.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик