DataLife Engine > Демилге > Билим берүү министрлиги: акыркы коңгуроого акча чогултууга тыюу салынат

Билим берүү министрлиги: акыркы коңгуроого акча чогултууга тыюу салынат

Акыркы коңгуроо майрамына карата мектеп директорлоруна жана мугалимдерге бүтүрүүчүлөрдөн белек алууга, акча чогултууга тыюу салынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы эске салды.

Мындан тышкары, бүтүрүүчүлөр көңүл ачуу борборлорунда коштошуу кечесин өткөрө албайт.

 

Акыркы коңгуроо күнү шаардык жана райондук билим берүү башкармалыктары тарабынан уюштурулган рейддер өтөт. Ошондой эле бул күнү бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугу үчүн өрт коркунучун жараткан фейерверк сыяктуу каражаттар колдонулбашы керек.

Бул шарттар аткарылбаган мектептердин жетекчилигине дисциплинардык жоопкерчиликке тартылгандан тарта кызмат ордунан бошотулганга чейинки чаралар көрүлүшү ыктымал.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20190503/1044200246/kyrgyzstan-mektep-akyrky-ko-guroo-akcha.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад