«Сиздин жетекчилигиңиз астында Кыргыз Республикасы динамикалуу социалдык-экономикалык өнүгүү жолу менен бара жатат, эл аралык аренада күчтүү жана кадыр-барктуу позицияны ээлөөдө.

ЖККУга мүчө-мамлекеттердин саясий жана коомдук чөйрөлөрү Сиздин жеке салымыңызды жана жалпысынан Кыргыз Республикасынын Евразия мейкиндигинде тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоодогу ролун жогору баалайт», — деп белгиленет ЖККУ Башкы катчысынын куттуктоосунда.

ЕЭК Коллегиясынын төрагасы, ШКУ жана ЖККУ башкы катчылары президент Садыр Жапаровго бекем ден соолук, түгөнгүс энергия, ал эми Кыргызстандын элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалашты

http://kg.kabar.kg/news/eek-kollegiiasynyn-t-ragasy-shku-zhana-zhkku-bashky-katchylary-zhaparovdu-tuulgan-k-n-menen-kuttuktashty/