Бүгүн:

Акыркы кабарлар

15:31
Бишкектик топ-менеджер: бүлөмдү багуу үчүн нике шакегимди күрөөгө койчумун
15:29
Мамкаттоодо бир нече кызматкер сөгүш алып, жумуштан айдалды
15:28
Маршрутка айдап баратып планшеттен ролик көргөн бишкектик айдоочу. Видео
15:25
КСДП менен "Единая Россия" кызматташмай болду
15:24
Кышкы Олимпиадага экинчи ирет катышып жаткан Евгений Тимофеев тууралуу 7 факты
21:49
Бишкекте окуучуларга гашиш таратууга шектелип эки студент кармалды
10:25
Өлкөдөгү паракорчулук гүлдөгөн мамлекеттик мекемелер. Рейтинг
12:20
Ат-Башыда минген аты келип, өзү жоголгон киши табылды
11:49
Бутун чечпей үйгө кирип барган аткаминерлер соцтармакта сынга кабылды
10:55
Ат-Башыда минген аты келип, дайынсыз болгон ээси изделүүдө
09:59
Шашылыш билдирүү! Өлкө аймагында күн кескин сууктайт
09:52
Бишкек — Ош жолунда эки унаа кагышып бир айдоочу мерт болду
18:30
Бишкекте унаа коюп кеткен аял каза таап, колундагы бөбөк ооруканага түштү
18:29
Чымчыктар ай!... Жакыны сабап, бычактап, кордогон бөбөктөр. Жүрөк титиреткен 7 окуя
18:28
"Сынган кылыч" диски "Азиздер жана дүлөйлөр" коомуна тапшырылды
18:27
Үч жылда Бишкекте жол кырсыгынан "Тазалыктын" 6 кызматкери каза болгон
18:25
Кыргызстандык өспүрүм таэквандочулар Казакстандан 11 медаль менен кайтты
10:12
Ысык-Көлдө өрттөн 41 жаштагы киши каза тапты
09:40
Аксыда каза болгон 30 жаштагы эки мугалимдин артында төрт бала калды
15:12
Күчүктү сактайм деп өзү чөгүп кеткен маркумдун жубайы: сөөктү бир күн издедик
15:11
Казак элчисин президент Жээнбеков кабыл алып, КРде дайым ардактуу конок экенин айтты
15:09
Түштүк Корея президенти Түндүк Корея башчысы Ким Чен Ындын карындашы менен жолукту
15:08
Сапар Исаков Дубайга учуп кетти. Максаты кандай?
15:03
Грэпплинг боюнча өлкө биринчилигинде Азия чемпионатына катышчулар тандалат
21:13
Ош: апасы депкир менен сабаган баланын дем алуусу начарлап, абалы оорлоду
21:11
ТЭЦтеги авариянын азабын ким көбүрөөк тартты? Экономисттердин пикири
21:09
Декабрь менен январь үчүн жылуулук төлөмүндөгү аз айырманын себеби түшүндүрүлдү
21:09
КТРК Олимпиада оюндарынын ачылыш аземин көрсөтмөй болду
21:08
Түркиядагы кыргызстандык дарыгер: бир тыйыным жок жүргөн учурлар болгон
11:05
Москва Кыргызстандагы аскер базасын күчтөндүрдү. Себебин Россия ТИМи түшүндүрдү
15:58
Кайрымдуу инсандар жардам колун сунууңуздарды суранабыз
10:21
Аида Салянованын соту. Учурда эмне болуп жатат
10:10
Бишкекте милиционерге ок чыгарган шектүүнүн сүрөтү жарыяланды
14:08
MegaCom компаниясын сатып алууга эми швейцариялык компаниядан сунуш түштү
15:47
Электр энергиясын кымбаттатуу керекпи же жокпу? Адистердин түшүндүрмөсү
11:21
Кыргызстандыктын абалы канааттандыраарлык
11:13
Бишкек ЖЭБин убактылуу ким башкарат?
11:09
Жалал-Абад облусунда 2 суу сактагыч курулат
10:58
Кар жаайт. Дем алыш күндөрүнүн аба ырайына божомол
14:35
Депутаттар жөө жүргөндөн уялар-уялбасын айтып беришти. Пикирлер
14:21
БИШКЕК ТЭЦтин КУРУЛУШУНДА КОРРУПЦИЯГА ЖОЛ БЕРИЛГЕНБИ?
14:21
Камчыбек Жолдошбаев маршруткада жүргөн депутаттардан уяларын айтты
13:47
ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ БАЗАРГА ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ УНАА КИРЕ АЛБАЙТ
10:20
"Ак Илбирс" улуттук кино сыйлыгына эмгектерди кабыл алуу башталды
16:49
Үч күндөн бери уктай элекпиз! Ызгаар сууктан ооруканалар кантип чыкты
Бардык кабарлар

КЫРГЫЗСТАН ӨЗБЕКСТАНГА ТАМАК-АШ ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ, ТИГҮҮ ЖАНА БАШКА ТОВАРЛАРДЫ ЭКСПОРТТООГО ДАЯР

Интеграция
158
0

 

КЫРГЫЗСТАН ӨЗБЕКСТАНГА ТАМАК-АШ ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ, ТИГҮҮ ЖАНА БАШКА ТОВАРЛАРДЫ ЭКСПОРТТООГО ДАЯР

 

Эки элдин мамилесин өнүктүрүү тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү алып салуусуз мүмкүн эмес. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков  Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын эки тараптуу кызматташуусу  боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында билдирди.  Комиссия жыйыны Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Ариповдун төрагалыгы астында өтүүдө.

Жыйынды ачып жатып, Кыргыз  Республикасынын Прмьер-министри Сооронбай Жээнбеков  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн,  комиссиянын кыргыз тарабынын мүчөлөрүн жана жеке өзүнүн атынан өзбек делегациясына жана ошондой эле бүгүнкү жолугушуунун бардык катышуучуларына салам жолдоду.

«Акыркы ирет эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын жетинчи жыйыны болгондон тартып сегиз жыл өттү. Бул жетишээрлик узак тыныгуу. Буга байланыштуу Кыргызстан Өзбекстан Республикасынын Президенти  Шавкат Мирзиёевдин  Борбор Азия аймагы Өзбекстандын  тышкы саясий ишмердүүлүгүнүн башкы артыкчылыгы. Анын ичинде коңшу өлкөлөр менен мамилелерди бекемдөө жана өнүктүрүү тууралуу  сөзүн  жылуу кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 2016-жылдын соңунда Самарканд шаарындагы сапары эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө күчтүү дем берди. Кызматташтыкты активдештирүү үчүн бизге эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жол картасын кабыл алуубуз зарыл», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстандын Өкмөт башчысы  кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы  өткөрмө пунктуларынын ишин кайра калыбына келтирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Бул эркин аралашуу үчүн жана жүктөрдү ташууга, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга, кыргыз-өзбек биргелешкен ишканаларын,  логистикалык борборлорду жана кайра иштетүүчү ишкаларды түзүүгө жол ачат.  Мындан тышкары Кыргызстан Өзбекстандан  узак мөөнөттө минералдык жер семирткичтерди  алууга, аба, автоунаа жана темир жол каттамдарын өнүктүрүүгө, соода жүгүртүүнү жана туристтик агымды көбөйтүүгө кызыктар», – деп билдирди Өкмөт башчы.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу  2017-жылдын I кварталынын жыйынтыгында 1,8 эсеге көбөйгөн.

«Биз муну менен токтоп калбайбыз, бизде колдонулбай турган ири потенциал бар.Анын баарын толук кандуу пайдалануубуз зарыл. Биз Өзбекстандан минералдык ресурстарды, пахта сырьесун, автомобиль өнөр жай продукцияларын, медициналык  буюмдарды жана каражаттарды импорттоого даярбыз.  Бул азык түлүк жана кайра иштетүү өнөр жайы, ошондой эле жеңил өнөр жай  жана башка продукциялар. Буга байланыштуу бардык тоскооолдуктарды жана чектөөлөрдү алып салуу боюнча иштерди жүргүзүү зарыл. Аны менен бирге биздин элдердин ортосундагы  соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү чоң мааниге ээ. Биздин элдердин жалпы тарыхы бар, маданий-күндөлүк салттары жана тили окшош. Дал мына ошондуктан биздин жөнөкөй жарандар жакын жана өлкөлөр ортосунда маданий-гуманитардык кызматташтыкты активдештирүү боюнча бизге милдеттерди жүктөөдө.  Бул мааниден алганда биз ушул жылдын октябрь айында Кыргызстанда Өзбекстандын Маданият күндөрүн өткөрүүнү колдойбуз жана аталган иш чараны жогорку деңгээлде өткөрүүгө максималдуу  колдоо көрсөтүүгө даярбыз», –  деп билдирди  Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Белгилей кетсек, жыйында соода-экономикалык мамилелер чөйрөсүндөгү эки тарптуу кызматташтык маселелери каралды.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно