Бүгүн:

Акыркы кабарлар

11:36
Алмазбек Атамбаев суракка барар-барбасын айтты
10:49
Унутулган рюкзак полицияны убара кылып, элди дүрбөттү. Казакстандагы окуя
10:47
Кыргызстанда жаңы мамлекеттик ишканалар түзүлдү. Милдеттери
09:33
Бишкектин чок ортосунда тез татым жайы күйүп кетти. Сүрөт, видео
09:31
Жалгыз уулу эле... Кырсык тооруган Абдылдаевдин үй-бүлөсүнүн таржымалы
13:03
Нарында суу жээктерине эскертүү такталары орнотулду
10:20
Төрага Жумабеков Атамбаевге өзү жазган ыр менен жооп берди. Видео
10:10
Екатеринбургдан чыгып кайра шашылыш конгон учак “Кант” базасына келе жаткан
14:24
Жээнбеков: кутулуп кетем деп ойлобогула, тынчтык бербейм!
10:48
Ысык-Көлгө жай бою төрт шаардан учак каттайт
10:44
Нарын шаарынын борборундагы тротуарлар оңдолууда. Сүрөттөр
15:34
Милиция бөлүмүнөн качып кеткен киши "Ош" базарынан кармалды
15:14
Сүрөттөн чыккан ызы-чуу: казак бийлиги чатактын чоо-жайын айтты
14:56
Тажикстандагы жер титирөөнүн эпкини Кыргызстанга да тийди
11:47
Бишкек мэринин орун басарлары дагы көчмө жыйын өткөрө баштады
11:37
Атамбаевдин айланасындагы кырдаал тууралуу кыска-нуска видео
13:01
Башкы прокурор: Атамбаевге каршы Батукаевдин көрсөтмөсү бар
12:59
Башкы прокурор сөзүнөн жаңылып, Атахановду Батукаев менен алмаштырып алды
12:56
Мыйзамга каршы көрсөтмө берген. Атамбаевге ТЭЦ боюнча кандай айыптар коюлууда
11:54
Көлдөгү жол кырсыктан бир кыз каза болду. Тамтыгы чыккан унаанын видеосу
13:01
Айыл турмушу: «Шумкар» полкунун кызматкери Ч.Чалабаевдин спорттогу ийгиликтери
10:02
Атамбаевдин кеңешчиси экс-президенттин банктагы эсеби боюнча үн катты
09:42
Атамбаевдин "иши". Иманалиев мындан аркы кадамдар тууралуу айтып берди
09:15
"Ош" базарындагы башаламан соода менен күрөш уланууда. Сүрөттөр
09:12
Мира Жангарачева Гапар Айтиев атындагы музейге директор болду
13:51
Аялдар эмнеге стресс болот? Окумуштуулар негизги себеби тууралуу
17:23
Бишкектин борборунда сары футболкачан адамдар митингге чыкты. Талабы эмне
16:57
Көлдүн Сырт аймагынан ок жеген аялдын сөөгү табылды
16:55
6 жаштагы шахматчы Султай "Лучше всех" шоусуна барып, Галкинди таң калтырган. Видео
16:42
150 миң доллар пара алды делген Илмияновдун иши боюнча тергөө аяктады
11:20
Кыргызстан бейпил өлкө рейтингинде 13 сапка көтөрүлдү
12:03
Башкы прокуратура атайын эсепке 16,4 млн. сом которду
12:02
Мэрия сатылып кеткен 5 гектар жерди Бишкектин менчигине кайтарып алды
11:41
Бишкекте 12 өлкөнү бириктирген ШКУ саммити өтүүдө. Тексттик трансляция
15:35
«Кийимдерин төшөк кылып...»: Өспүрүмдөр эрки менен кумарын кандырышканбы же кыз зордукталганбы?
15:30
Кытай Кыргызстандан ири көлөмдө азык-түлүк сатып алууга даяр
14:56
Бишкектеги ШКУ саммити. Учурда эмне болуп жатат
10:39
Кыргызстанда активдүү мигранттар үчүн жайкы лагерь иш алып барат
10:34
Бишкекке келген Монголиянын президентин кызыл гүл менен тосуп алышты. Сүрөттөр
10:32
Жээнбеков Путинди Россия күнү менен куттуктады
17:19
Атамбаев айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылганбы? Милиция менен КСДПнын жообу
17:18
Өзү билип аскер бөлүгүн таштап кетүүгө аракеттенген жоокер кармалды
17:15
Чагымчылдык! Кеңешчиси Атамбаевдин айдоочулук күбөлүгү тууралуу үн катты
14:59
Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды
13:21
Балыкчыдагы батут кырсыгы: 3 жашар кыздын абалы оор
Бардык кабарлар

Айтматовду ыйлаткан түн. Маймак айылы жана Маймак бекети тууралуу 7 факты

Интересное
172
0

Мына ушул Маймак айылы жана Маймак темир жол бекети тууралуу 7 фактыны сунуштайбыз.

Маймак айылы тууралуу жалпы маалымат. Маймак — Талас облусунун Кара-Буура районунуна караган кыштак. Маймак айыл округунун борбору. Казакстан менен Кыргызстанды бөлүп турган Асса суусунун боюнда жайгашкан. Кара-Буура районунун борбору Кызыл-Адыр кыштагынан 45 чакырым түндүк-батыш тарапта. 1950-2012-жылдары шаар тибиндеги посёлок деп да аталган. Бул жерде темир жол бекети жайгашкан жана ошол бекет аркылуу Талас облусуна келген жана облустан чыккан бардык темир жол жүктөрү ташылат. Чыңгыз Айтматовдун туу казык айылы Шекерден 22 чакырым жол.

 

Чыңгыз Айтматовдун атасы жана чоң атасы Маймакта иштеген. Айтмат он жашар баласы Төрөкул менен XX кылымдын башында Түркстан-Сибирь темир жолунун Маймакка жакын жериндеги туннель курулушунда иштеген.

Москвадан Маймакка ыргытылган тагдыр. Төрөкул Айтматов Москвада камакка алынганда балдары Чыңгыз, Илгиз, Люция жана Роза апалары Нагима Хамзаева менен төрт күн поезд менен жүрүп 1937-жылдын 1-сентябрында түнкү саат 2.00де тагдырдын ыргытылган ташы болуп Маймак бекетине келип түшөт.

Апанын акыркы сааттары жана Маймактагы түн. Нагима Хамзаевна ооруканада өлүм сааттарын күтүп жатканда ал жерге келген Тургунбек Суванбеков менен Чыңгыз Айтматовдун сүйлөшүүсү тууралуу Роза Айтматова мындай эскерет: "Тургунбек Суванбердиевич: "Кой ыйлаба, сенин апаң бактылуу киши экен. Силерди чоңойтуп, эрезеге жеткизип коюп, эл арасына атыңар чыгып калганын көрүп кетип жатат. Жаш кезиңерде өлүп калса эмне болмоксуңар?", — десе, Чыңгыз акем: "Туке, ушул жерде туруп Маймактагы түн эсиме түшүп жатат", — деп айтып жатпайбы. Мен ага чейин Маймактагы түндү апамдан гана укчумун. Апам төрт баласы менен поездден түшүп калат. 32 жашта экен. Ошондо биринчи жолу ушул балдарга жеке өзүм жооп берет турбаймынбы деп коркуптур. Чыңгыз акем болсо балдардын улуусу болуп, ал дагы коркот экен. Маймактагы түн ушунчалык эсинде калыптыр. Палатада "Азыр Маймактагы кара түн эсиме түшүп жатат. Ал учурда байкуш апам бир баласын көтөрүп, бир баласын жетелеп, Илгиз экөөбүз этегине жармашып караңгы түндө бизди жетелеп келди эле. Ошол бойдон бизди жетелеп жүрүп жалгыз өзү чоңойтту. Эми ар кимибиз өз алдыбызча болуп калганда, биздин жакшылыгыбызды көрбөй кетип жатканы эмнеси? Дагы кичине жашай түшсө болбойт беле?", — деп ыйлап жатпайбы. Ошон үчүн Чыңгыз Төрөкуловичке Маймактагы ошол түн аябай маанилүү болгон.

 

Маймак жана Айтматовдун каармандары. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окуп отурсаң, көп эле жолу Маймак менен кездешесиң: "Бетме-беттеги" Ысмайыл Маймакта түшүп калгандай; "Жамийладагы" Данияр, Жамийла, Сейит эгиндерин араба менен Маймакка ташып жаткандай; "Саманчынын жолундагы" Толгонай менен Алиман мугалим болор уул Майсалбекти дал ушул Маймактан күтүп жатып, анын ыргытып ийген тумагын ушул Маймакта басып жаткандай; "Эрте келген турналарда" Султанмуратты атасы жер көрсөтүү үчүн Жамбылга алып барарда дал ушул Маймак аркылуу өткөндөй. Кыскасы, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында Маймак кызыл сызык болуп өтөт.

Шекерден мурда Маймакка. Жазуучунун 60 жылдыгына карата Шекерде атайын чоң той өтмөк болот. Уюштуруу комитетинин төрагасы Кыргызстан коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин секретары Медеткан Шеримкулов, анын орунбасары Кыргыз ССРинин басма, полиграфия жана китеп соодасы боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Барпы Рыспаев болуп жазуучуну азыркы Манас районуна караштуу Чоң-Капка деген жерден Казак ССРинен Кыргыз ССРине кире бериште тосуп алышат, анан Киров районунун Шекер айылына кетмек болушат. Ал жерде эл күтүп турган. Күтүлбөгөн жерден Чыңгыз Айтматов уюштуруучулардын планында жок сунушту айтып, биринчи Маймакка барабыз деп туруп алат. Чоңдор аргасыздан макул болот.

 

1937-жыл. Атасы жана баласы. Чыңгыз Айтматов атасы тууралуу эстегенде ал кишини жеринде камоо үчүн (атуу үчүн деп окусаңыз да болот) Москвадан Фрунзеге алып өтүп келе жатканда ушул Маймактан кандай сезимге кабылып, эмне күндө өткөнүн эстөө эң эле кыйын болчу экен.

Дагы: https://sputnik.kg/culture/20181223/1042580159/maymak-zhana-chyngyz-aytmatov-tuuraluu-zheti-fakty.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно