Бүгүн:

Акыркы кабарлар

15:00
Жумуш издеп жатасызбы? Бишкекте 50дөй компания ишке чакырат
15:56
Июнда кыргызстандыктар бир күндүк эс алууга чыгат
15:49
Кыргыз-казак чек арасында жайгашкан "Ак-Тилек" пунктундагы абал айтылды
15:45
Кар жана мөндүр... Министрлик шашылыш билдирүү таратты
15:44
Бишкектин "Орто-Сай" базарында башаламан коюлган күркөлөр алынды. Сүрөт
15:42
Милиция Акыркы коңгуроого карата эскертүү таратты
15:38
Милиция Акыркы коңгуроого карата эскертүү таратты
11:40
Депутат: премьердин агасы Саламаттык сактоо министрлигиндеги майлуу жерде отурат
11:39
Үч жашар кызга тиш салган итти милиционер жүрөккө атты. Окуянын видеосу
17:06
Типтирүүмүн, өлө турган жөнөкөй киши эмесмин. Рысалиевдин ызаланган видеосу
16:11
9 баллдык жер титирөөгө даярдык көрүү буйругу чыктыбы? Расмий жооп
15:57
Иманкадыр Рысалиев: Жамангулов жалганчы, аны эми текшертем
15:52
Өзгөчө көркөм сүрөттөр. Мэрия шаар тургуну Михаил Дудиндин эмгегин баалады
20:55
Кызмат учурунда каза болгон кызматкерлер эскерилди
14:46
УКМК жетекчиси Идрис Кадыркулов отставкага кетти
14:44
Паспорт чыры: Жээнбеков УКМК төрагасы Кадыркуловду жумуштан бошотту
14:40
Бишкекте машинанын баланы уруп кеткен учуру видеого түшүп калган
14:26
Экс-министр Динара Сагинбаева кармалды
14:24
Туу көтөрүп автобусту коштогон жоокерлер. Алгачкы туристтерди тосуп алгандагы видео
15:49
Новопавловка: мектептеги чуудан кийин жаңы директор дайындалды
15:39
Айдоочу, абайла! Бишкекке дагы 19 камера орнотулду. Жалпы тизме
13:32
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин канча айлык алары айтылды
14:29
ВИДЕО Жулуп чыгып ыргытканда. "Достукка" жеңиш алып келген салымдын видеосу
17:01
БШК жергиликтүү депутаттарды шайлоо үчүн бюллетендерин региондорго жөнөттү
12:51
Абада күйгөн учак. Шереметьеводогу кырсык тууралуу азыр эмне белгилүү
12:45
6-майдан Бишкектин бир катар аймагында жарык жок болот. Тизме
16:37
Президент Жээнбеков урандын казылар-казылбасы боюнча үн катты
16:23
50дөн ашканда жалгыз уулуман ажырадым, экинчи аял алсамбы? Армандуу атанын каты
16:10
Балдар үйлөрүнөн чыккандардын борборуна акча керек. Акция
14:56
Эксперт: Бишкектин кичирайондорундагы көп кабаттуу үйлөрдүн эскилиги жетти
14:53
Бир айда канча тойго барасыз? Таң калган, чочуган депутаттардын жообу видеодо
14:45
Эколог Ысык-Көлдүн экосистемасына болгон коркунучтарды айтып берди
10:30
"Уран маселесин эл көтөрүп чыккан" дегенди алып салбайлыбы? Депутаттын сунушу видеодо
10:11
Кудум илгеркидей! Бишкекте ачыла турган сонун бир жайдын видеосу
10:06
Мекендештер "Дарак ырын" Москванын кинотеатрларынан көрө алышат
15:33
Оңолот деген ушул! Бишкектиктер майрам учурунда жерге таштанды ыргыткан жок
13:44
Француздар асырап алган баланын Кызыл-Кыядагы агасы паспорт ала албай убара
09:11
Сооронбай Жээнбеков Бишкек кандай шаар болушу керектигин айтты
16:04
Мухаммедкалый Абылгазиев Ереванга учуп кетти. Коштоп кеткендердин тизмеси
15:11
1-майда автопарад өтөт. Эл компаниялардын азыгынан көчөдөн ооз тиет
15:01
Сооронбай Жээнбековду Кытай кантип тосуп алды. Видео
15:00
"Мындан кийин сөгүнбөйт". Абылгазиев Мамкаттоонун жетекчиси тууралуу. Видео
14:58
Жээнбеков Зеленскийди Украинанын президенти болушу менен куттуктады
12:46
Уран кениндеги чууга Зилалиевдин кандай тиешеси бар? Өкмөттүн түшүндүрмөсү
12:44
УКМК: Бишкектин чок ортосунан күмөндүү баштык табылып, аймак курчоого алынды
Бардык кабарлар

Ала-Тоого куса болуп жүрүп Германияда көз жумган. Герцен жөнүндө 6 факты

Интересное
82
0

Кыргызстан агенттиги аны эскерип, ал тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Согуш жылдарындагы балалык. Теодор Герцен 1935-жылы 15-мартта Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылында жарык дүйнөгө келген. Балалык кези согуштун оор жылдарына туш келип, алгачкы билимди өз атасынан алган. Себеби ал чыгармачылыкка жакын, китепкөй адам болгон экен. Кийин согуш башталып үй ээси Уралга эмгек фронтуна жөнөтүлөт. Жаш талант мектепти аяктаган соң 16 жашында Кызыл-Кыядагы тоо-өндүрүш училищесин бүтүрүп, Баткендеги шахтада машинист болуп иштей баштаган.

Кыял жетелеген өнөр. Бала чагынан баштап сүрөтчү болууну эңсеген жигит шахтадагы жумушун таштайт. Фрунзе шаарындагы Көркөм өнөр училищесине тапшырып, аны 1959-жылы аяктаган. Ошол жылы окуусун Москвада улантууга аракет жасап өтпөй калат. Бирок кийинки жылы Строганов атындагы Көркөм өнөр-өндүрүш жогорку окуу жайынын монументалдык-декоративдик живопись факултетинде билим ала баштайт. Ал ЖОЖду 1966-жылы бүтүрүп, туулуп-өскөн мекенине кайтып келип, чыгармачылыкка бел байлаган.

Линогравюра Велотрек. Художник Т.Г. Герцен (1935 г. р.). 1971 год. Всесоюзная выставка Физкультура и спорт в изобразительном искусстве.
© SPUTNIK / АБРАМ ШТЕРЕНБЕРГ
Теодор Герцен 1935-жылы 15-мартта Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылында жарык дүйнөгө келген.

Тоолук сүрөтчү. Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү пейзажды мыкты тарткан. Ал "Кыргыз тоолорунун күүсү" аталышындагы атайын сериянын автору. Герцен өзүнүн чыгармачылыгын эскерип отуруп, кыргыз тоолору менен жаратылышын ондогон жылдар бою тартып бүтө албагандыгын айткан жайы бар. Чыгармачыл инсан өлкө аймагын кыдырып, таң эрте туруп алып тоо аралап сүрөт тартканды жакшы көргөн. Кийин Германияда жүргөн маалда дагы кыргыз тоолорун сагынгандыгын жашырган эмес.

"Манас" менен алышкан жылдар. Таланттуу сүрөтчү кыргыз элинин дүйнө жүзүнө белгилүү "Манас" эпосундагы окуялары менен каармандарын иллюстрациялоого сегиз жыл кетирген. Ал эмгектер кийин Сагымбай Орозбаковдун айтуусунда чыккан төрт томдуктун ичине кирген. Бул сүрөттөр кыргыз көркөм өнөрүндөгү эң баалуу эмгектердин бири катары саналып, башка сүрөтчүлөр тарабынан да жогору бааланган, азыркыга чейин колдонулуп келет. Сүрөтчү кыргыз жомокторун дагы иллюстрациялаган.

Көп кырдуу сүрөтчү. Теодор Герцендин: "Мен сүрөтчүмүн, чыгармачылык мен үчүн жумуш эмес, бул менин жашоо образым",- деген сөзү бар. Ал бир учурда эле ири монументалдык живопись жана кичинекей иллюстрация менен да алектенген. Ошондой эле ал Ош шаарындагы улуттук драма театрынын тышкы жасалгасын, эскизин иштеп чыккандардын бири.

Монументальное панно работы заслуженного деятеля искусств Киргизской ССР Теодора Герцена.
© SPUTNIK / МАМАДАЛИЕВ
Герцен өзүнүн чыгармачылыгын эскерип отуруп, кыргыз тоолору менен жаратылышын ондогон жылдар бою тартып бүтө албагандыгын айткан жайы бар. Чыгармачыл инсан өлкө аймагын кыдырып, таң эрте туруп алып тоо аралап сүрөт тартканды жакшы көргөн.

Ала-Тоону сагынып жүрүп.... Жаны танбаган жана дайым изденүүнүн үстүндө жүргөн сүрөтчү Диль-Фируз Игнатьевага үйлөнүп эки баланы тарбиялап өстүргөн. Эгемендүүлүк жылдарында ден соолугуна байланыштуу Германияга кетип, ал жакта убактылуу жашап турган. Герцен айыккыс оорудан Европада дарыланып жүрүп 63 жашында Кыргызстанга жетпей көз жумган.

Дагы: https://sputnik.kg/culture/20190315/1043660148/surotchu-teodor-gercen-fakty.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик