Бүгүн:

Акыркы кабарлар

10:24
Өкмөт "Жеткиликтүү турак жай" долбоорунун жаңыланган версиясын сунуштады
10:16
Кыргызстан БУУга мүчөлүк акысын убагында төлөгөн өлкөлөрдүн катарына кирди
16:56
КРге эмчек рагын аныктаган алдыңкы аппарат алып келинди. Ал облустарды кыдырат
16:35
Француз компаниясы өлкөдөгү ири аэропортторду оңдоп-түзөөгө кызыкдар
16:26
Вице-мэр: Бишкек болжонуп жаткан коронавирустун экинчи толкунуна даяр
16:06
Парламенттик шайлоодо канча кыргызстандык добуш бере алары белгилүү болду
15:49
Билим берүү министрлиги: бизге болгон элдин ишеними 7%га жогорулады
11:12
Казакстан Россиядагы кыргызстандыктарга "жашыл коридор" ачууга макул болду
16:08
Бишкек менен Ташкент мэриялары кайсы тармакта кызматташары айтылды
16:03
Бир партия 105 млн. сом. Шайлоого аттангандар канча каражат короткону айтылды
15:32
Жээнбеков элди Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, максаттары тууралуу айтты
15:18
Россия Кыргызстан катышкан темир жол долбооруна кызыгып, диалог курууда
12:35
КР — РФ эриш-аркак жылын жыйынтыктоону 2021-жылга жылдыруу сунушталды
12:32
22 миң рубль. Москва — Бишкек каттамына авиабилеттердин октябрдагы баасы айтылды
12:30
Өзгөндө 200 орундуу мектеп курулуп, пайдаланууга берилди.
15:28
Штаб: коомдук жайларда бет кап тагынбагандар эми жазаланышы мүмкүн
15:21
Оренбургга 3200дөй кыргызстандык чогулуп калды. Казакстан жооп бере элек
15:20
Россия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина жөнөтүүнү көздөп жатат
15:12
Кыргызстан Россиядан кызылчага каршы вакцина алат
15:09
Күз — айлыкты көтөртүүгө эң сонун учур. Адис себебин айтты
14:52
Жээнбеков Араванда үгүт учурунда чыккан мушташ боюнча оюн айтты
14:39
Кыргызстандан чет өлкөлөргө ачылган каттамдардын тизмеси
13:30
Паспорт, күбөлүк, транспорт боюнча кеңеш берген атайын номерлер ишке кирди
13:28
Кара-Кечеде көчкү түшкөн аймакка убактылуу жол салынды
13:25
Жээнбеков КР жарандыгы боюнча 4 жарлыкка кол койду
15:58
Россияга барыш үчүн кыргызстандыктар ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек
13:16
БШК: көпчүлүк “баарына каршы” добуш берсе да ушул партиялар кайра шайлоого катышат
12:30
ИИМ жөлөк болуп чогуу жүргөн кызматтык иттери тууралуу айтып берди.
12:17
Кыргызстандын бийлиги этти экспорттоого тыюу салууну талкуулап жатат
12:12
"Варламов, рахмат!" Бишкек мэриясы флешмоб уюштурду.
11:51
Улуу талант Калыйбек Тагаевдин сөөгү жерге берилди
11:49
Кар жаап салган ашуулардагы жолдор тазаланды.
10:51
65 млн. сомдук зыян. Мурдагы министр Чолпонбаев эки айга тергөө абагына камалды
15:41
Кыргыз-казак чек арасынан жүк ташуучуларды текшерүүсүз өткөрүү макулдашылды
15:18
Кыргыз эл артисти Калыйбек Тагаев көз жумду
15:17
Эми кыргызстандыктар Казакстанга учак менен гана бара алышат
15:07
Кара-Кечедеги трассаны тазалоо мүмкүн болбой калды. Айланма жол курулат
12:14
Бюджеттик негиздеги окууга канча этникалык кыргыз өткөнү айтылды
12:07
Бийлик уруксат берген. Чаткалда алтын казган компания арчаларды кыюуда
11:17
Шайлоо бюллетендерин кайсы ишкана басып чыгарары белгилүү болду
11:16
Мурдагы министр Чолпонбаевге козголгон кылмыш иши тууралуу эмне белгилүү
11:15
Экс-министр Космосбек Чолпонбаев кармалды
11:13
Адис: коронавирусту кайталап жуктургандар жокко эсе болуп чыкты
11:09
Экинчи толкунга даярдыкпы? Бийлик дарынын 65 түрүн камдай баштады
10:58
Кыргызстанда окуучулар октябрдан тарта мектепке бара башташы мүмкүн
Бардык кабарлар

Lamborghini, Aston Martin... Кыргызстандагы көз жайнаткан эксклюзивдүү автолор

Интересное
103
0

 Булардын сулуулугу көз жоосун алып, баасы оозду ачырат.

Автоунаа эчактан бери эле бардар жашоонун белгиси болбой калды. Азыр ал жөн гана күнүмдүк тиричиликтин ажыратып алгыс бир бөлүгү. Бирок көркөмү көз талдырып, атагы алыска кеткен автолор дагы бар. Көпчүлүктүн колу жетпеген мындай темир тулпарлар ээсинин кадыр-баркын, капчыгынын калыңдыгын айгинелеп турат.

Автомобиль отечественного производства Тулпар Карагер
© ФОТО / ПРЕДОСТАВЛЕНО ВЛАДЕЛЬЦЕМ АВТО
Кыргызстанда чогултулган "Тулпар Карагер"

1. "Тулпар Карагер" Кыргызстанда чогултулган, ал ушунусу менен уникалдуу. Жасап чыккан топтун башында дизайнер Медер Койлубаев турат. Машина BMW автосунун негизинде куралган. Кыймылдаткычынын кубаттуулугу 400 аттын күчүнө барабар. Салмагы — 1,5 тонна. Дизайнердин айтымында, машина азыр демөөрчүлөрдүн унаа токтотуучу жайында. Аны жасап чыгууга жалпысынан 50 миң доллар сарпталган экен.

Ferrari 458 Italia
© ФОТО / ПРЕДОСТАВЛЕНО ВЛАДЕЛЬЦЕМ АВТО
Ferrari 458 Italia

2. Ferrari 458 Italia сегиз цилиндрлүү спорттук унаанын кыймылдаткычынын көлөмү — 4499 куб, кубаттуулугу — 570 аттын күчү. 3,4 секунддун ичинде саатына 100 чакырымга күүлөнө алат. Ылдамдыгынын жеткен чеги — саатына 325 чакырым. Бир чакырымына 13,7 литр май ичет. Аны Кыргызстанга "Имарат Групп" курулуш компаниясы алып келип, лотереяда байге катары койгон. Базардагы орточо баасы 113 миңден 146 миң долларга чейин.

© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Aston Martin Vanquish S Ultimate

3. Aston Martin Vanquish S Ultimate — өлкө боюнча бул үлгүдөгү жападан жалгыз автоунаа. Кыймылдаткычынын көлөмү алты куб. Негизи мындай машинанын дүйнө жүзү боюнча 175 даанасы чыгарылган, анын бирине кыргызстандык ээлик кылат. Кубаттуулугу — 595 аттын күчү. Максималдуу ылдамдыгы — саатына 323 чакырым. Автоунааны толугу менен тейлөө кызматын көрсөткөн адистин айтымында, болжолдуу баасы — 1 миллион доллар.

Mercedes-Benz w 114coupe 280C 1974
ПРЕДОСТАВЛЕНО ВЛАДЕЛЬЦЕМ АВТО
Mercedes-Benz w 114coupe 280C 1974

4. Mercedes-Benz w 114coupe 280C 1974 — өз учурунда өтө эле коопсуз жана ыңгайлуу болуп эсептелген бул машина Кыргызстанга 2018-жылы Калифорниядан алып келинген. Анын ээсинин мындан башка дагы үч ретромобили бар. Кожоюну автонун баасын атагысы келген жок.

Ford Fairlain V8 1969
© ФОТО / ПРЕДОСТАВЛЕНО ВЛАДЕЛЬЦЕМ АВТО
Ford Fairlain V8 1969

5. Ford Fairlain V8 1969. Кыймылдаткычынын кубаты 200 аттын күчүнө барабар. Аны Подмосковьеге советтик моряк кеме менен алып келген. Ал эми 2019-жылы Роман аттуу кыргызстандык сатып алып, Кыргызстанга алдырган. Ээсинин айтымында, аны реставрациялоо иштери аяктай элек.

Lamborghini Huracаn LP 610-4
© ФОТО / ПРЕДОСТАВЛЕНО ВЛАДЕЛЬЦЕМ АВТО
Lamborghini Huracаn LP 610-4

6. Lamborghini Huracаn LP 610-4 саатына 100 чакырым ылдамдыкка 3,2 секундда жете алат. Максималдуу ылдамдыгы — саатына 325 чакырым. Кыргызстанга аны биринчи жолу ишкер Тимур Файзиев алып келген. Базардагы орточо баасы — 160-200 миң доллар.

Ford Mustang V 3.7
ПРЕДОСТАВЛЕНО ВЛАДЕЛЬЦЕМ АВТО
Ford Mustang V 3.7

7. Ford Mustang V 3.7. Копьютердик ГТА оюнун сүйгөндөрдүн баары бул автоунааны тааныды болуш керек. Кыймылдаткычынын көлөмү — 3720 куб, кубаттуулугу — 305 аттын күчү. 2012-жылы чыккан бул темир тулпардын баасы Кыргызстанда 23 миң доллар турат.

Ford Mercury Montego MX 1971
© ФОТО / ПРЕДОСТАВЛЕНО ВЛАДЕЛЬЦЕМ АВТО
Ford Mercury Montego MX 1971

8. Ford Mercury Montego MX 1971 — америкалык Ford авто куруучу компаниясынын бул машинасы эки эшиктүү. Аны кыргызстандык былтыр Костанайдан сатып алган. Ээсинин айтымында, реставрациялоо иштери аяктап калды, жакында бул унааны бишкектиктер көчөдөн көрө алат.

TOYOTA TUNDRA CrewMax Devolro
© ФОТО / ПРЕДОСТАВЛЕНО ВЛАДЕЛЬЦЕМ АВТО
TOYOTA TUNDRA CrewMax Devolro

9. TOYOTA TUNDRA CrewMax Devolro — бул авто эч кимди кайдыгер калтырбайт. Чыккан жылы — 2017, кубаттуулугу — 530 аттын күчү. Артыкчылыгы — тоолуу жерлерде жакшы жүрөт. Базардагы баасы — 185 миң доллар.

Mercedes-Benz Sl280 R107 1979
© ФОТО / ПРЕДОСТАВЛЕНО ВЛАДЕЛЬЦЕМ АВТО
Mercedes-Benz Sl280 R107 1979

10. Mercedes-Benz Sl280 R107 1979 — германиялык Mercedes-Benz концернинин SL класстагы бул автосу 1979-жылы чыккан, аны 2018-жылы кыргыз жараны Чикагодон сатып алып, өз өлкөсүнө алып келген. Ошол эле жылы толугу менен реставрациядан өткөргөн.

Audi А8 W 12
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Audi А8 W 12

11. Audi А8 W 12 — 2015-жылы чыгарылган. Максималдуу ылдамдыгы — саатына 250 чакырым. Ал эми саатына 100 чакырымдык ылдамдыкка 4,7 секунддун ичинде жете алат. Базардагы орточо баасы —25-51 миң доллар.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20200129/1046903834/kyrgyzstandagy-ehksklyuzivduu-avtounaalar.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик