Бүгүн:

Акыркы кабарлар

12:52
КРде кырдаал эң начар сценарий менен өнүгүп жатат. Министрлик COVID тууралуу
10:19
№1 шаардык оорукананын медигинин кайрылуусу боюнча башкы дарыгер текшерилет
10:18
Саламаттык сактоо министри менен орун басарынын абалы айтылды
13:38
Кыргызстанда дыйкандар быйыл эмне өстүрүү менен алек.
13:37
ЖК депутаттары 200 миң сом өлчөмүндө эмгек өргүү акчасын алганбы? Түшүндүрмө
13:33
COVID: муфтият бейтаптар үчүн 1500гө жакын орун даярдады
13:07
Жамгыр, добул жана кар жаайт. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты
13:05
600 орундуу “Гансиде” 5 эле кычкылтек концентратору барбы? Министрликтин жообу
13:01
Жээнбеков Бишкектеги күндүзгү стационарга барып, медиктерге жолукту.
12:57
Кесиптик орто окуу жайларга онлайн тапшыруунун жол-жобосу айтылды
12:55
Пандемия университетте окууга бөгөт эмес. Билимдин изи менен Россияга карай
12:53
Элге акысыз кеңеш берген психологдордун борбору түзүлдү. Телефон номерлери
16:13
Учурдун талабы! Боронов эмгек өргүүдөгү дарыгерлерден ишке чыгуусун өтүндү
16:05
Кыргызстанга дагы 200 мобилдик кычкылтек концентратору алып келинди
15:44
Облустар ооруну ооздуктоого кандай даярдык көрүүдө. Ачылган стационарлар
16:18
Боронов: коронавирустун жайылышын токтотуучу бир гана жол бар
16:17
Силерсиз ооруну жеңе албайбыз! Боронов медициналык билими барларды ишке чакырды
16:15
"Унаа" ишканасынын аймактагы бөлүмдөрү карантинге жабылды
16:05
Жээнбеков бир нече судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотту
16:02
Екатеринбургдан кайткан мекендештер менен чогуу медиктер да келди.
15:56
25 жыл "аралыктан" иштеген киши кантип өзгөрөт. Ойго салган сүрөт
15:34
Соль-Илецкиден жол тарткан мекендештердин экинчи тобу келди
15:33
Бишкекте ишкерлер менен ЖК депутаттары 5 күндүзгү стационар ачат
15:32
Кыйын кырдаалдан кантип чыгабыз? Жээнбеков берген тапшырмалардын тизмеси
15:29
ӨКМ обсервациядагылар кандай тамактанып жатканын көрсөттү.
14:19
Жээнбеков өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча пикирин айтты
14:18
Жээнбеков облустар аралык каттамды токтотууну сунуштады
14:15
Соль-Илецкиден 963 кыргызстандык Бишкекке алып келинди, дагы 12 автобус жолдо
14:04
"Ганси" базасында реанимациялык блок ачылды
14:04
Россиядан келген кыргыз дарыгерлери кайсы ооруканада иштей турганы айтылды
14:03
Түркиядан дагы 1 000 кычкылтек концентратору алып келинди
11:06
Бишкектеги ооруканада дарыгердин 12 метрлик сүрөтү тартылууда. Көрүнүшү
11:01
Жардам бергиле! Сабырбек Жумабеков олигархтарга кайрылды
10:51
Президент Жээнбеков кимдерди "эл душманы" деп атаарын айтты
15:26
Пандемияда кымбаттаган дарылар: чыга элек токтом, алакан жайган аптека ээси
15:17
Росавиация 1-августка чейин эл аралык каттамдарга тыюу салды
15:16
Новосибирскиден 186 кыргызстандык атайын каттам менен алып келинди
12:49
Билим берүү министрлиги 1-сентябрга кандай даярдык менен барарын айтты
11:54
Бишкекке Бангладештен 103 кыргызстандык жана коңшу өлкөнүн жарандары келди
11:48
Бишкекке Түркиядан 232 кыргызстандык кайтып келди. Арасында балдар бар
15:09
Бишкектин Октябрь районунун акими Ситников кызматынан бошотулду
14:28
Кыргызстанда РФ Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүүгө добуш берүү кандай өттү
11:28
"Гансиде" пневмония болгондорду кабыл алуу үчүн 600 орун даярдалды.
11:20
Мэр Суракматов: рейддин санын көбөйтүп, айып пулду эскертпестен салабыз!
11:19
Мэр Азиз Суракматов COVID-19дан айыгып, ишке чыкты
Бардык кабарлар

Ооруп жүргөн, кээде баспай калчу... Актёр Марат Жантелиев тууралуу 12 факты

Интересное
37
0

Ал улуу манасчы Саякбай Каралаевдин образын жанданткан, театр, кино дүйнөсүнө жашоосун арнаган, элдин эсинде "Бопуш" деген ат менен калган актёр Марат Жантелиев.

59 жаш курагында асылган дарттын азабынан көз жумган кыргыздын белгилүү инсаны тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги фактыларды даярдады.

Медиктердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Марат Жантелиев 1961-жылы 3-мартта Нарын облусуна караштуу Кара-Кужур өрөөнүнүн Лахол айылында туулган. Ата-энесинин экөө тең медицина тармагында эмгектенишкен. Атасы Лахол айылындагы күчтүү дарыгерлердин бири болгону айтылат. Жантелиев журналисттерге берген маегинде тукумунан артист деле чыкпаганын айтып, эс тартып, мектепте окуп жүргөндө Бакирдин Аалиев, Капар Медетбеков, Кеңеш Курманалиева, Койсун Карасартова сыяктуу адамдардын чыгармачылыгына катуу таасирленгенден улам артист болуп калганын баса белгилеген.

Атасы, инисинин көзү өткөн. Марат Жантелиев үч эркектин ортончусу болгон. Инисинин көзү өткөнүнө көп жыл болгону айтылды. Актёрдун апасынын азыр көзү тирүү.

 

Чылым чегип, арак ичкен эмес. Марат Жантелиев бала чагын "көз айнекчен, пионер жагоомду чыкыйта байлап, кийинчерээк комсомол значогумду тагынып, жалаң "5ке" окуган окуучу элем. Ичкен жокмун, тамеки тарткан жокмун, ата-энемдин тарбиясы катуу болчу" деп эскерген. Ал Лахол айылындагы орто мектепти аяктагандан кийин ата-энесинин "кой-айына" карабай Москвадагы Бүткүл союздук кинематографисттер институтуна (ВГИК) өтүп кеткен. Окуу жайды артыкчылык менен бүтүргөн.

"Ак илбирстин тукуму" тасмасындагы оорулуу бала. "Ак илбирстин тукуму" тасмасын көргөндөр болсо, андагы Саяк аттуу оорулуу баланын образы дароо көз алдыга тартылса керек. Дал ошол образ Марат Жантелиевдин кинодо жараткан алгачкы ролдорунун бири. Ошондон баштап ал катар-катары менен фильмдерге тартылып, жылдызы жана баштаган.

Известный актер, заслуженный артист КР Марат Жантелиев и народная артистка Кыргызской ССР Алиман Жангорозова во время съемок фильма Потомок белого барса (кырг. Ак илбирстин тукуму) вущлье Кегети. 1984 год
© SPUTNIK / АЛЕКСАНДР ФЕДОРОВ.
"Ак илбирстин тукуму" тасмасындагы Саяк аттуу оорулуу баланын образын Марат Жантелиев жараткан. Бул анын кинодо жараткан алгачкы ролдорунун бири

Базарда соода кылган күндөр. Марат Жантелиев буга чейин берген маектеринде 90-жылдардагы каатчылык заманда үй-бүлөсү абдан кыйналганын айткан. Мындан улам актёр жубайы менен базарга чыгып, жарма сатып жан баккан.

"Жубайым экөөбүз бирөөдөн спорттук кийимдерди алып, ЦУМдун алдына жайып алып сата баштадык. Мен ары-бери басып ошол жерде жүрөм, келинчегим сатуучу болуп турат, бирок экөөбүз тең соодага жок экенбиз, күнү бою туруп бирди да сатпай кеткен учурлар көп эле болду. Болбойт экен деп аны таштап, "Ош" базарды аралап жарма сатып жүрдүк. Үйдөн жасап, бидондорго куюп алып троллейбус менен ташычубуз. Базарда соода кылып отургандарды аралап "жарма, жарма" деп кыйкырып сатабыз. Бул да колубуздан келбеди. Аялым жасагандан, мен саткандан тажадым. Бала-чака багыш керек эле, иштебесем болбойт же башка жумуш жок" деп айткан эле.

Актер театра и кино Марат Жантелиев во время интервью корреспонденту Sputnik Кыргызстан
© SPUTNIK / АЗАМАТ ТОТУБАЕВ
90-жылдардагы каатчылык заманда Жантелиев аялы менен соода кылып, "Ош" базарында жарма да сатып калган

Жаштар театрында 20 жылдан ашык эмгектенген. Жантелиев Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрына 1992-жылы кирген. Ошол учурдан өмүрү өткөнчө жашоосун, талантын дал ошол театрга арнаган. Жаштар театрынын сахнасында "Найман эне" спектаклинде Жоломан, "Талант жана тагдыр" спектаклинде казак режиссёру, "Үч кемпир" спектаклинде Акиш кемпир, "Көчкү" спектаклинде Карыя сындуу бир нече таасирдүү образдарды жараткан.

Кантип "Бопуш" болуп калган. Марат Жантелиев коомчулукка "Бопуш" деген лакап ат менен таанылган. Чыгармачылыктагы түгөйү Сакиш (Айнура Тургунбаева — ред.) экөө мурда "Кер какшык" деген концертте Мар Байжиевдин сатираларын ойноп чыгышкан. Анда Бопуш, Сакиш, Какиш жана башка аттар бар эле. Ошондон баштап Бопуш менен Сакиш  эл аралап концерт коюп, сатира дүйнөсүнө аралашкан.

Актриса и юмористка Айнура Тургунбаева с юморисом Маратом Жанталиевым
© ФОТО / ПРЕДОСТАВЛЕНО АЙНУРОЙ ТУРГУНБАЕВОЙ
Актёр чыгармачылыктагы түгөйү Сакиш (Айнура Тургунбаева — ред.) экөө мурда "Кер какшык" деген концертте Мар Байжиевдин сатираларын ойноп чыгышкан. Анда Бопуш, Сакиш, Какиш жана башка аттар бар эле

Бомж, Каке – Жантелиев жараткан образдар. Актёр ар бир тасмада берилген ролду ийине жеткире аткарганын анын образдарынан эле көрүнүп турат. Алсак, "Президент жана бомж" тасмасында бомждун ролу, "Чиркин өмүр" кыргыз сериалында өтүкчү Какенин образы. Ошондой эле ал "Мосфильм" студиясы тарткан "Очарованный странник" тасмасында Жылкычынын образын жараткан. Мындан башка да бир топ тасманын көркүн ача алган.

"Саякбайдын" образын жаратуу үчүн 20 килограмм кошкон. Актёрдун тасмада жараткан акыркы жана көрүнүктүү ролдорунун бири манасчы Саякбай Каралаевдин образы. Режиссёр Эрнис Абдыжапаровдун бул тасмасына тартылып, манасчынын образын жаратуу үчүн Жантелиев 20 килограмм салмак кошкон. "Атайын салмак кошоюн деп камыр тамактарды жеп, аз кыймылдагам" деп айтканы бар. Ал тасмага тартылып жатканда 90 килограммга чейин салмак кошконун, мунун айынан салмагын көтөрө албай тизеси ооруганын да маек берип жатып кошумчалаган эле.

 
 
 
 
 
© ВИДЕО / ЭДИЛЬ МЕЛИСБЕКОВ
Актёрдун тасмада жараткан акыркы жана көрүнүктүү ролдорунун бири манасчы Саякбай Каралаевдин образы. Режиссёр Эрнис Абдыжапаровдун бул тасмасына тартылып, манасчынын образын жаратуу үчүн Жантелиев 20 килограмм салмак кошкон

Үй-бүлөсү. ЖМКларда жазылган маалыматтарга караганда, Марат Жантелиевдин жубайы Асел Дооронбаева кесиби боюнча журналист болгон. Бирок турмушка чыгып, бала-чакалуу болгон соң ал жумушун улаган эмес. Кийин ал бала бакчада тарбиячы болуп иштеп жатканын айткан. Жубайлардын ортосунда бир уул, эки кызы бар. Жантелиевдин улуу баласы үйлөнүп, ата-энесин неберелүү кылган. Балдарынын баары мектепти аяктаган.

Көп күттүргөн наам. Марат Жантелиев "КР эмгек сиңирген артисти" деген наамды кечээ жакында эле алды. Ага чейин Жаштар театрынын жамааты аны 20 жыл мурда эле наамга көрсөткөн, бирок кандайдыр бир себептер менен ала албай жүргөн. Ортодо беш жыл мораторий киргизилип, кийин чогуу иштешкендери документтерин улам алып барып жатып, акыры Жантелиевге "КР эмгек сиңирген артисти" деген наам 2018-жылы ыйгарылган. Мындан сырткары, ал Муратбек Рыскулов атындагы эл аралык сыйлыктын жана Советбек Жумадылов атындагы театралдык сыйлыктын лауреаты болгон.

Актер театра и кино Марат Жантелиев
© SPUTNIK / АЗАМАТ ТОТУБАЕВ
Жакын санаалаштарынын айтымында, актёрдун боор, бөйрөгү ооруп жүргөн. Айрым учурда буттары баспай калчу

Ооруп жүргөн. Жакын санаалаштарынын айтымында, актёрдун боор, бөйрөгү ооруп жүргөн. Айрым учурда буттары баспай калчу. "Саякбай" тасмасына тартылып жүргөн учурунда да буту баспай калып, кийин жакшы болгонун өзү маек берип жатып айткан эле. Театрда бирге иштешкен кесиптештери Марат Жантелиев 2020-жылдын февраль айынан бери дарыланып жүргөнүн айтышты. Актёр жабышкан дарттан улам 9-июнь күнү ооруканадан үзүлгөн. Анын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлары айтылды.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20200610/1048626895/zhanteliev-tuuraluu-12-fakty.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик