Бүгүн:

Акыркы кабарлар

13:20
Контейнерде окубай калышат. Боронов жаңы курулуп жаткан мектептерди тизмектеди
13:04
Өкмөт 145 миллион сомго 40 Тез жардам унаасын сатып алууну пландап жатат
13:02
Министрлик окуучулардын мектеп формасы боюнча түшүндүрмө берди
13:00
Оренбургдан келчү мекендештерди ташыган 43 автобус жолго чыкты
12:58
Бейруттагы жарылуу: Жээнбеков Ливан президентине көңүл айтты
12:52
Элчилик: Түркия Кыргызстан менен авиа байланышты жандантты
13:17
Бишкекте 1-класстын окуучулары кандай тартипте окуйт? Башкармалыктын жообу
13:16
Саламаттык сактоо министринин орун басары пневмониядан айыкты. Эртең ишке чыгат
13:14
COVID-19дун айынан Кыргызстанда майнинг-фермалар эми салык төлөмөкчү
13:11
Россия-казак чек арасында чогулган кыргыз, өзбек мигранттары эртең мекенине жөнөтүлөт
09:33
Россиялык дарыгерлер: кыргыз медиктери COVID-19ду дарылоону жакшы өздөштүргөн
09:30
"Семетейде" лаборатория уюштуруу боюнча даярдык башталды
09:29
Экинчи толкунга даярдык. КРде 18 миңден ашуун медик кайра окутуудан өттү
09:26
"Колдоо керек". Чолпон-аталык дарыгерлер Жээнбековго даттанды.
15:26
Сентябрга чейин транспорт, кыймылсыз мүлк жана жер салыктарын төлөө зарыл
15:25
Сабырбек Жумабеков: ырчы Асел Кадырбекованын абалы жакшырып, үйүнө чыккан
15:24
Бишкек: кайсы медицина мекемелери оңдолуп жатат.
15:22
Ысык-Көлдө заманбап жол курууга канча акча кетет жана ал кайдан алынат.
15:18
Кыргызстанда алгачкы жолу улуттук антидопинг борбору түзүлдү
13:58
Эмнеге балдар коронавируска жакшы туруштук берет? Педиатрдын пикири
13:57
Өкмөт "Семетей" стационарын жугуштуу илдеттер ооруканасына айлантууну пландап жатат
13:54
Бишкек: соода жана тамактануу жайлары, транспорт жаңы тартипте иштөөгө өтөт
13:53
Өкмөт Нарынга жугуштуу илдеттер ооруканасын куруп баштады.
13:03
Боронов россиялык дарыгерлер менен сүйлөштү. Алар өкмөткө кандай сунуш айтты
13:01
Кыргызстанга эл аралык аба каттамдары августта жаңыланабы? Расмий жооп
13:00
Өкмөт Кытайдан дагы 78 кычкылтек концентраторун алдырды
12:28
Коронавирус жуктурган 4 гана медикке 200 миң сом компенсация төлөндү
12:13
Пневмониядан айыкты. Саламаттык сактоо министри Абдикаримов ишке чыкты
10:15
Коронавирус беш жерден жугат. Окумуштуулар санап беришти
10:08
Кыргызстанга Россиянын кезектеги гуманитардык жардамы келип түштү.
16:41
Профессор Сарыбаев: кардиомагнил менен тромбо АССты профилактика үчүн ичүү зыян
15:24
ЖРТдан эң көп упай алган 10 бүтүрүүчү кайсы окуу жайларга тапшырды.
14:47
Жээнбеков: 1-классты мектептен окутууну министрге да, премьерге да айттым
13:12
Ынтымак менен жеңерине ишенем. Токаев кыргыз элине көңүл айтты
12:13
Коронавирустан көз жумгандарга аза күтүү күнүнүн символикасы бекитилди
12:09
Бишкектин коомдук транспортунда "Тулпар" төлөм системасынын иши жанданат
12:08
Пандемия тааныткан чындык: дарыгерлерге спорт менен машыгып жардам берүү зарыл
12:39
Боронов курула турган ооруканалардын сапаттуу болушун талап кылды
12:35
Аскер лицейинде жугуштуу оорулар бөлүмү, гемодиализ кабинети иштөөдө
12:24
Медиктердин компенсациясына канча каражат кеткени айтылды
12:09
ЕЭАБ коронавирус менен күрөшүү үчүн иш-чаралардын комплекстүү планын бекитти
10:40
Боронов: оору азайды деп бошоңдоп калбай, ишти улантуу керек
10:28
Балбак Түлөбаевдин мэриядагы ордун 31 жаштагы Адилет Малдыбаев ээледи
13:06
Өлкөнүн банктары ооруканаларга 6 ИВЛ, 100 кычкылтек концентраторун алып берди
11:49
Бишкекте жаңы курулган жолдордун кемчилиги чыгып, кайра оңдолууда.
Бардык кабарлар

Оруу-Сай деп туура эмес айтылат. Кыргызстандагы капчыгайлардын тарыхы

Интересное
40
0

Өлкөбүздөгү айыл-кыштактардын, жерлердин аталыш тарыхын, аларга карата айтылган икая, уламыштарды биле жүргөнүбүз жакшы. Себеби бул — тарых, басып өткөн жол.

Кыргызстан агенттиги топонимист, географ Темиркул Эшенгулов менен баарлашып, Кыргызстандын аймагындагы айтылуу капчыгайлардын аталыш тарыхына, этимологиясына кызыгып көрдү.

Капчыгай — бул тоолордогу капталдары тик, кууш, терең өрөөн. Негизинен тоолуу аймакта чулу тоо тектүү жерлерди суу жеп кетишинен пайда болот. Тереңдиги бир чакырымга чукулдап, андан да тереңи кездешет. Тектоникалык жаракалардан да жаралышы ыктымал.

Бороондо тоңуп калган кыздар. Кыргыз ашууларынын аталыш тарыхы

Кыргызстанда капчыгайлар өтө көп. Тоо этегине жакын жайгашкан кыштактардын баарынын капчыгайлары бар. Капчыгайды пайда кылган негизги табигый күч — бул дарыялар, өзөндөр, суулар, ошондой эле мөңгүлөр. Суу он, жүз миңдеген жылдар бою агып отуруп, өзүнүн нугун табат. Ал тез эле болуп кетпейт. Суу акырындык менен жер кыртышын жеп отуруп, улам оюла берип пайда болот.

Боом капчыгайы

Вид на трассу в Боомском ущелье Иссык-Кульской области
© SPUTNIK / ЭМИЛЬ САДЫРОВ
Боом капчыгайы

Боом — Күнгөй Ала-Тоонун батыш четинде жайгашкан өткөөл капчыгай. Күнгөй Ала-Тоонун батыш учун, Терек-Жону тоосунун чыгыш учун жана бул эки тоонун ортосундагы байыркы өрөөндү кесип өтөт. Узундугу 25 чакырым, таманынын жазылыгы 150-350 метр. Капталдарынын салыштырмалуу бийиктиги 500–800 метрге чейин жетет.

Бул Ысык-Көл өрөөнү менен Чүй өрөөнүн туташтырып турган капчыгай. Ысык-Көл тарабы кең, кыйла кенен. Кемин тарабы куушураак болуп турат. Этимологиясын бир гана тилдин негизинде эмес, түрк жана монгол тилдеринде аралаш кароо туура болчудай. Боом капчыгайы чыгыш тарабынан Кеминден өткөндө абдан кыскарып, кууш тартып турат. Азыр да кыргыз тилинде кеңири колдонулуп жаткан "буум" (буу, байлоо) деген сөз менен байланыштырууга болот. Экинчи бир варианты монгол тилиндеги "бомо" сөзү. Бомо — монголчодон алганда капчыгайдын бир формасы болуп эсептелинет. Морфологиялык жактан өзгөрүп, бомо — боом болуп кетиши мүмкүн.

Кереметтүү Чүйгө кеттик! Капчыгайлар, каньондор жана кызыткан кымыз

Боом качыгайы тууралуу Кыргыз эл жазуучусу Асанбек Стамовдун "Хан Тейиш" тарыхый романында да кеңири айтылат. Чыгарма боюнча аталган жердин "Боом" деп аталып калышы 17-кылымда жунгар-ойрот жапырыгына туура келет.

Ага ылайык, Боом — Тейиш хан башында турган кыргызды кырып, эл-жерге хандык кылган Галдан Бошоктунун кызы. Бийликке келгенден кийин аталган капчыгай аркылуу кыргыздардын күчү менен жол салдырып, кызынын аты берген.

Көкөмерен капчыгайы

Днем массивные горные склоны отбрасывают тени на противоположный берег, а солнце пробивается сквозь кроны деревьев, роняя золотистые блики на каменное побережье
© ФОТО / ГЕННАДИЙ ЗАКИРОВ
Көкөмерен капчыгайы

Көкөмерен суусу Жумгал районунун аймагы аркылуу агат. Жалпы узундугу 199 чакырым, аянты 10 400 чарчы чакырым, деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2 800 метр. Суусамыр менен Батыш Каракол сууларынын кошулган жери Көкөмерен деп аталат. Ала-Белден ылдый карай аккан сууну Суусамыр суусу деп, ал эми Кочкор тараптан нары карай акканын Каракол суусу деп атайт. Эки суу Суусамырдагы Тунук айылынан кошулат. Ал эми азыркы Кожомкул кыштагынан нары Көкөмерен капчыгайы башталат. Бул капчыгай да экиге бөлүнөт. Жогорку капчыгай Арал деген кыштакка чейин созулат. Аралдан капчыгайдын элеси жоголот дагы, ошол Жумгалдан төмөн карай Миң-Куш шаарчасына кетип жатканда экинчи капчыгай башталат. Көкөмерен деген монгол тилинен которгондо "суусу мол дарыя" дегенди билдирет. Июль, август, сентябрь айларында Көкөмерендин суусу мол агат. Көкөмерен — Нарын дарыясынын эң чоң куймасы. Дарыянын рельефинин формасын эске алып, ошол жердеги капчыгай Көкөмерен капчыгайы деп аталып калган.

Төмөнкү Нарын капчыгайы

Река Кажырты в Нарынской области
ВЛАД УШАКОВ
Төмөнкү Нарын капчыгайы

Капчыгайдын таманынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 670 метр. Сол жээгиндеги тоолордун бийиктиги — 2 060, оң жээгиндегиники 1 970 метрди түзөт.

Төмөнкү Нарын деп географиялык изилдөө иштеринин натыйжасында гана коюлуп калган. Азыр бул жердин  географиялык жайгашуусун алганда төмөнкү деле болбой калды. Себеби Токтогул суу сактагычы турган жерден капчыгай көрүнбөйт. Капчыгай Камбар-Ата ГЭСи жагында калат. Токтогул суу сактагычы мурдагы Кетмен-Төбө ойдуңун бүт ээлеп, кууш жеринде Нарынды бууп, андан жасалма көл пайда болгон. Ошол жерден суу агып чыгып, андан ары Күрп-Сай суу сактагычы башталат. Ушундан улам капчыгайды суу сактагыч каптап калган. Күрп-Сайдын, Таш-Көмүрдүн суу сактагычы болуп кетип отуруп, төмөн жагында түздүк башталып, ошол Нарын дарыясына курулган биринчи ГЭС — Үч-Коргон ГЭСи. Ушул аймакта суу бойлогон капчыгайдын изин жакшы көрө албайбыз, себеби жасалма көл пайда болгон. Бирок капчыгайдын жалпы сүрөттөлүшү сакталып турат. Ошол аймакты Төмөнкү Нарын деп атайбыз.

Кыргызстан — туристтер үчүн коопсуз өлкөлөрдүн катарына кирди

Ал эми илимий-экономикалык жактан айтканда, Төмөнкү Нарын каскады деп аталат. Бир сууга эки же андан ашык ГЭС курулса, каскад деп аталат эмеспи. Нарын дарыясына Токтогул, Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч-Коргон ГЭСи курулган. Эми Камбар-Ата ГЭСтери курулууда. Географиялык, геологиялык изилдөөлөр боюнча эле Нарын шаарынан баштап Ак-Талаанын бир топ жери, ушу Эки Нарындан тарта Тогуз-Торонун капчыгайына чейин Ортоңку Нарын өрөөнү деп аталып калган. Ушундан ылдыйкысын, анан Төмөнкү Нарын деп шарттуу түрдө атап коюшкан. Себеби ортодо тургандыктан гана ортоңку сөзү изилдөөнүн натыйжасында жасалма кошулуп калган. Бирок жергиликтүү эл антип атабайт.

Кара-Балта капчыгайы

Кара-Балта капчыгайы Сосновка кыштагынан башталып Төө-Ашуунун 3 000 метр бийиктигине чейин созулуп жатат. Капчыгайды бойлой Бишкек  — Ош жолу салынган. Капчыгайда Кара-Балта жана Абла суусу агат.

Негизинен уламыш боюнча, бир киши көчүп-конуп жүрүп, ушул аймакка балтасын унутуп кетиптир деп айтылат. Бул жөн гана элдик этимология. Кара-Балта аталышындагы "кара" деген сөз түстү жана кеңири, чоң, өткүр дегенди билдирет. Маселен, "жүрөгүндө карасы бар" деп коёбуз. Бул өткүр, тайманбас дегенди билдирет. Балта — эмгек куралы. Ошондой эле түрк элдеринде уруктун аты да кездешет. Азербайжандарда балталы деген урук бар. Демек бир жагынан алганда Кара-Балтанын аймагын ушул уруулардын өкүлдөрү жердеген болушу мүмкүн. Ушул шаарда жогорудагы уруунун өкүлдөрү отурукташкан делет. Ошол себептен Кара-Балтанын этимологиясын эмгек куралынан тышкары этноско байланыштырып кароого болот.

Адамдардан чочубаптыр! Ала-Арчада жайылып жүргөн кийиктердин видеосу

Экинчи жагынан Кара-Балтанын аймагында байыркы Ашмара, бери жагында Нускент жана Харанжуван шаарлары турган. Ошол Харанжувандын баш сөзү "хара" болуп жатат. Бул жагын да иликтеп көрүүгө болот. Харанжуванды монголдорго да жакындатып келишет.

Кегети капчыгайы

Ущелье Кегети в 75 километрах от Бишкека
© SPUTNIK / ГЕННАДИЙ ЗАКИРОВ
Кегети капчыгайы

Чүйдө Кегети кыштагы, шаркыратмасы, өрөөнү жана капчыгайы бар. Кегети капчыгайы Бишкектен 80 чакырым алыс. Анда бийиктиги 20 метрди түзгөн Кегети шаркыратмасы орун алган. Капчыгайдын эң бийик чекити деңиз деңгээлинен 3 200 чакырымды түзөт.

Кайра-кайра карагың келет! Көл-Төр менен Кегетинин асмандан көрүнүшү

Кегети сөзүндөгү –ти мүчөсү кыргыз тилиндеги өзгөрүлмөлүү мүчө. Ушул мүчө гана биздин кыргыз тилине ылайыкташып, таандык болот. Кегетинин этимологиясына саякат жасасак, кыргыз тилиндеги географиялык аталыштын өзгөргөн түрү келип чыгат. Бирок Кегети менен Аламүдүндүн так, даана түшүндүрмөсү жок. Мындай географиялык аталыштар этимологиясы так эмес жер-суу аттары катары өзүнчө топко бөлүп каралат.

Аламүдүн капчыгайы

Фотограф Михаил Дудин сделал снимок вершины горы в ущелье Аламедин
Фотофакт: красота над Бишкеком — вид на гору с высоты облаков

Аламүдүн капчыгайын көбү орусча "Аламедин" деп атап алышкан. Ал Бишкектен 40 чакырым алыстыкта жайгашкан капчыгай. Аламүдүн суусу Кыргыз Ала-Тоосунан түшөт. Аламүдүн сөзүндөгү "ала" сөзү монгол тили боюнча "тоо суусу" деген маанини берет. Андан тышкары, "ала" сөзүн тоо башындагы мөңгүгө да байланыштырып келебиз. Ал эми сөздүн экинчи компоненти "мүдүнгө" келгенде аксап калып жатабыз. Ошону менен Аламүдүн капчыгайынын так, толук түшүндүрмөсү белгисиз болууда.

Чычкан капчыгайы

Ущелье Чычкан. Автодорога Бишкек — Ош. Архивное фото
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Чычкан капчыгайы

Чычкан капчыгайы Бишкек — Ош жолунун боюнда, Кетмен-Төбө өрөөнүнө кирип бара жаткандагы Токтогул районунда. Ал Тянь-Шань кырка тоолорунун койнунда орун алган. Бери жагында Бала-Чычкан деген жери бар. Бул аталышты кемирүүчү, жалпы кылкандуу дан эгиндерине зыян алып келүүчү жалпы бир макулук жандык менен байланыштырып кароо мүмкүн эмес. Бул жердин эмне үчүн Чычкан аталып калганы азыркыга чейин табышмак.

Барскоон капчыгайы

Ущелье Барскоон. Оно находится на южном берегу Иссык-Куля, в 90 километрах к западу от Каракола. Ущелье славится множеством водопадов разной высоты.
© ФОТО / ГЕННАДИЙ ЗАКИРОВ
Барскоон капчыгайы

Бул капчыгай — Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы ири капчыгайлардын бири. Тескей Ала-Тоонун суу бөлгүч тилкесинен Ысык-Көлдүн түштүк жээгине чейин 60 чакырым аралыкта созулуп жатат. Деңиз деңгээлинен 1608-3500 метр бийикте жайгашкан.

Барскоондун сүрү күч шаркыратмалары. Капчыгайдын асмандан көрүнүшү

Көлдүн тескейинде Барскоон деген чоң кыштак жайгашкан. Анын капчыгайы, өрөөнү, шаркыратмасы, ашуусу бар. Бул географиялык аталышка 1000 жылдан ашты. Мындан миң же эки миң жыл мурда ошол жерде Барскоон шаары болгон. Ал шаарда тилчи, географ, этнограф Махмуд Кашгари (Барскани) туулган. Ысык-Көл бир учурда Барскандын көлү аталган. Мына ошол шаардын аты кыштакка, өрөөнгө, дарыяга, капчыгайга кошумча ат болуп калды. Бул барскандыктардын шаары деп аталып жүргөн, демек ошол жерде барскан эли болушу мүмкүн. Махмуд Кашгаринин жазганына караганда, барскан — бул элдин аты. Мисалга, башка өлкөлөрдө кыргыздын аты менен аталган жерлер кездешет. Өзбекстандын түштүгүндөгү Аму дарыясы менен кошулган аймагында "Кыргыз ата" деген жер бар. Башкыртстанда, Казакстанда ушундай эле жер-суу аттары кездешет. Демек, Барскоон этностун аты менен коюлган деп айтууга да негиз бар.

Чуңкурчак капчыгайы

Ущелье Чункурчак в 45 километрах от Бишкека
© SPUTNIK / ГЕННАДИЙ ЗАКИРОВ
Чуңкурчак капчыгайы

Чуңкурчак капчыгайы борбордон 70 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал Кыргыз тоо кыркасынын башка капчыгайларынан айырмаланып, тоону бойлой түндүктөн түштүк тарапты көздөй узунунан созулуп турат. Капчыгайдын узундугу 30 чакырымды түзөт.

 
 
 
 
 
© SPUTNIK / АКЫЛБЕК БАТЫРБЕКОВ
Чуңкурчак капчыгайы

"Чуңкур" деген "ойдуң" дегенге жакын, анын геологиялык пайдубалы бар. Ал эми "чак" өлчөмдү көрсөтүүчү кыргыз тилиндеги ча мүчөсү катарында каралат. Мисалга, бизде жаш өзгөчөлүгүн, жаш куракты билдирген "бала чак" деген сөз бар. Чуңкурчак — карагай-черлүү, чакан, ойдуңча келген кооз капчыгай. Жаратылышынын ушул табигый өзгөчөлүгүнө карап, бир чети эркелетүү менен Чуңкурчак деп аталып калган.

Жети-Өгүз капчыгайы

18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик