Android тиркемелери үчүн коддо үн жана видео чалууга байланышкан файлдар табылган
Instagram фотосервисинде башка колдонуучулар менен байланышуу үчүн аудио жана видео чалуу мүмкүнчүлүгү пайда болорун Techcrunchбасылмасы жазып чыкты.
Айрым колдонуучулар Instagram тиркемесинин Android үчүн жаңыланган акыркы версиясында "чалуу" жана "видео чалуу" файлдары бар экенин байкашкан. Баракчадан башка колдонуучулар менен чалышып байланышуу болот деген имиштер январь айында тараган.
"Эми чалуу белгилери жалпыга жеткиликтүү файлдарда орун алды. Жаңы функциялар пайда болгону тууралуу жакында жарыялашат окшойт", — деп жазат аталган басылма.
Компания бул боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тарткан.
Дагы: https://sputnik.kg/world/20180305/1038011706/instagram-tarmagyndagy-zhanylyk.html